Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:47

Дунган улуту көп жашаган айылдарда уул-кыздардын никеге эрте турушу кадыресе көрүнүш.

Адистер буга биринчи кезекте элдин салт-санаасы себепкер десе, айрым укук коргоочулар сабатсыздык менен өз жашоосуна кайдыгерлик да негиз болгонун айтышат. Бул жолу "Аялзат" түрмөгү жергиликтүү дунган калкы жыш отурукташкан Чүй облусундагы айылдарды кыдырып, эрте турмуш курган кыз-келиндердин жашоосуна кызыкты.

Бишкектеги базарлардын бири. Шаша-буша ишке жөнөгөн Зульфия эки жылдан бери сатуучу болуп иштейт. 19 жаштагы Зульфия Хурова жалгыз бой эне:

- 15 жашымда турмушка чыккам. Мектепти аяктай элек элем. Ата-энем каршы болушту. Мен болсо эмнегедир жигитим менен жашоону башкача элестеттим. Бир кыздуу болдук. Бирок жаштык кылдыкпы, айтор, уруш-талаш көп болчу. Аягы ажырашуу менен бүттү. Кызымды алып ата-энеме кетип калдым.

Эрте келин болгон эселектер

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.

Зульфия барганда ата-энеси "эл караган бетибизди жер караттың" деп, кызын киргизбей коюшкан. Эми ал шаарга көчүп келип, кызы менен жалгыз жашайт:

- Кызымды эптеп бирөөгө каратып жатам. Аны багыш үчүн иштешим керек. Албетте жашоом ушундай болуп калганына өкүнөм. Эми кызым мен баскан жолду кайталабашына аракет кылам.

Базарда иштеген Зульфия сыяктуу дунган жаш келин-кыздар көп эле. Алардын көбүнө тил билгени жардам берип, кытай соодагерлери ишке алышат. Бирок ишинен колу бошобогон кыз-келиндердин турмушу бузулуп, бала кучактап кароосуз калгандыгын өтө жакын кошуналары менен санаалаштары эле билбесе, көпчүлүктүн иши жок. Кыз-келиндер жеке турмушу менен бөлүшкүсү келбейт.

"Ичте сакталган арман"

Дунган элиндеги эрте турмуш куруу көйгөйүн укук коргоочулар да ырастап, коңгуроо кагып келишет. Аялдардын укугун коргогон “Щинь-щю” (“Жылдыз”) уюмунун адиси Фаина Марова аялдар өз укугун билбегенине кейийт:

- Биздин уюмга "мени турмушка күчтөп чыгарып жатат" деп жардам сурап кайрылгандар болгон эмес. Көбүнесе ажырашып, атадан алимент ала албай жатканда, баласын кучактап келишет. Эгер ата-энеси кабыл алса жакшы, бирок эч нерсеси жок талаада калгандары да бар. Алар укук коргоо органдарына кайрыла алышпайт. Анткени укугун билбей, никесин мыйзамдаштырышкан эмес. Бирок жардам сурагандар деле көп эмес. Бир жылда болгону беш-алты учур катталат. Себеби уят болгондон коркуп, жабылуу бойдон калтырышат.

Деген менен, эрте никеге туруп, очор-бачар жашап жаткандар да аз эмес.

Чүй облусуна караштуу Милянфан айылында 1200дөй киши жашайт жана алардын басымдуу бөлүгүн дунган улутундагылар түзөт. Ич ара кайсы келин канча жашта, кантип турмуш курганын билишсе да, мен өңдүү сырттан келген коноктордон жашырышат. Айылдагы үй-бүлөлөрдүн бири гана окуясы менен бөлүштү:

- Ар кандай үй-бүлөлөр бар. 16-17 жашында турмуш кургандар бар. Көпчүлүгү мектепти турмушка чыккандан кийин аякташат. Окуу, кийимине чыгымды кайын-журту сарптайт. Мисалы, мен мектепти аяктап жатканда курбуларымдын көпчүлүгүнүн күйөөлөрү бар болчу. Мен болсо бир-эки айдан кийин эле турмушка чыккам. Менимче, эрте турмуш куруу Милянфандагы менталитетке байланыштуу. Башка айылдарда абал кандай болгонун билбейм.

Бала чагында башталган даярдык

Замира Джуру 17 жашында турмушка чыккан. Айтымында, жолдошу менен эки жылдай сүйлөшүп, ата-энесинин макулдугун алгандан кийин баш кошушкан. Ал дунган элиндеги эрте никеге туруу маселесин мындайча түшүндүрдү:

- Дунган кызы төрөлгөндөн баштап эле турмуш-тиричиликке даярдала баштайт. Мисалы, мен алты жашымда тамак жасаганды үйрөнгөм. Бул жакта 10-11 жаштагы секелектер бардык тамактарды, үй иштерин мыкты жасашат. Эркектерди болсо бала чагынан эле "сен үй-бүлөнү багышың керек, сен иштешиң керек" деп турушат. Балким ушул тарбия да таасир берет.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

26 жаштагы Замира жолдошу экөө үч баланы тарбиялап жатышат. Ал өзү бактылуу жашап жатканын ырастаганы менен, жашоодо ар кандай учурлар болорун кошумчалады:

- Ар кимдин жашоосу ар кандай. Бири ынтымактуу, жакшы жашаса, экинчиси ажырашып кетет. Бирок бизде колдон келишинче үй-бүлөнү сактап калганга аракет кылышат. Анткени ажырашуу абдан уят нерсе. Ажырашкандардын айрымдары жолдошун таанып-билбей, сүйлөшпөй баш кошкондор. Көбүнесе аларды “баары турмушка чыкты, сен дагы эле жүрөсүң” деп ата-энеси кудалап, күйөөгө узатып салгандар.

Дунган улутундагы кыздардын эрте турмушка чыгуусуна улуулардын күйөөгө чыгууну кайра-кайра айтып зекий берүүсү жана күйөөсүнө баш ийип туруш керек деген тарбиясы дагы бир себеп.

Кесипке умтулган жаңы муун

Эрте турмушка чыккан дунган кыздар тууралуу тасманын режиссеру Хамида Малянчинова элиндеги көйгөйдү тасма аркылуу чагылдырууга аракет кылган:

- Мен да өзүм дунган кызы болгондуктан көйгөйдү жакшы билем. Мисалы, жашы жыйырмага чукулдап же андан ашкан кыздар жакындары тарабынан кадимкидей кысымга кабылышат. Билим алып, каалаган жумушуна иштей алышпайт. Ушундай жагдайларды ачыктагым келди. Тасманы ар ким ар кандай кабыл алды. Бири мындай көйгөй жок, биз бактылуу эле жашап жатабыз деп нааразы болсо, башкасы көйгөйдү ачыкка чыгарганга ыраазы болду.

Бирок минтип тасма тартылып, жергиликтүү гезиттерге кейиштүү учурлар жарыяланып турганы менен көйгөй чечилбей жатканын мектептердин бириндеги абал ырастады.

Александровка айылындагы орто мектепте 700дөй окуучу билим алат. Басымдуу бөлүгүн дунган улутундагылар түзөт. Мектепте 25 жыл иштеген мугалим Рахима Тангубер жогорку окуу жайына тапшырып, билим алган окуучулар аздыгына кейиди:

- Жылына бүтүрүүчүлөрдүн отуз пайызы гана жогорку окуу жайда билимин улантат. Алардын көбү жигиттер, кыздар абдан аз. Көбүнчө кыздар мектепти аяктаганда үй жумушун кылат деп окутушпайт. Эркектерди деле ата-энесине жардам берет, айыл чарба менен алек болот деп шаарга окуганга жиберишпейт. Тилекке каршы, биздин менталитет ушундай.

Биз баш баккан мектептеги 11-класстын окуучулары эрте никеге тыюу салган мыйзам тууралуу кабардар болгону менен, мындай учурлардын аягы тыйылбаганын айтып жатышты:

"Жакында эле 16 жаштагы курбу кызым үйдөн качып кетип, турмушка чыкты. Бизде ала качты эмес, качып кетти деп айтышат. Анткени кыздын макулдугу жок эч качан нике кыйылбайт. Ал күйөөм жанымда, баары ойдогудай болот деп ойлогон. Бирок баягы эле көр тириликке малынды".

"Менимче ар бир адам алдына максат коюш керек. Мен мисалы, мектепти бүткөндөн кийин билим алып, дарыгер болгум келет. Кийин деле турмушка чыкканга үлгүрөм. Бирок кыздар менен сүйлөшүп жатканда мектепти бүтүп эле турмушка чыгам дегендерди уккам".

Класстагы калган кыздар үн катышкан жок. Алар окууну аяктаганда кандай жолду тандары азырынча белгисиз, аларды көрүп, баяныбыздын башында сөз болгон Зульфиянын сөздөрү эсиме түштү:

"Өкүнөм. Эгер окусам баары башкача болор беле..."

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG