Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

"Азаттык+": Кызын кордогон улутка урмат жоголот


Иллюстрация
Иллюстрация

Апта башында Чүй облусунун Лебединовка айылында кош бойлуу экени аныкталган 7-класстын окуучусу боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган айылдагы №2 мектепте тарбия иштерин жетишерлик жүргүзбөгөнү үчүн социалдык педагогго сөгүш жарыяланып, окуяга байланыштуу мектеп директору кызматтан кеткен. Бул кабар коомчулукта ар кандай пикирди жаратып, кызуу талкууга түштү.

Өлкөдө кыздардын укугу корголобу? Алардын зордук-зомбулукка кабылышына эмне себеп? “Азаттык плюс” бул жолу кыздардын укуктук сабаттуулугун жана коомдогу ордун талкуулады.

Кыргызстанда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, зомбулукка кабылгандардын саны 23 пайызды түзөт. Ал эми көз карандысыз иликтөө бул санды 50 пайыз деп көрсөткөн.

Эже-сиңди: күйөөгө тийүүнүн "мөөнөтү"

Эже-сиңди: күйөөгө тийүүнүн "мөөнөтү"

Кыргызстанда акыркы жылдары кыздар жогорку окуу жайын аяктап, жумушка орношуп, 30 жашка жакындап калганда күйөөгө тийген жаңы көрүнүш пайда болду.

Кризистик борборлор биримдигинин изилдөөсүндө аялдардын 83 пайызы психологиялык, моралдык, сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот экен. Айыпталып жаткан 42 учур болсо, алардын бирөө гана сот тарабынан күнөөлүү деп табылат.

“Эркектер зомбулукка каршы” бирикмесинин жетекчиси Марат Алиаскаровдун айтымында, эркек менен аял бири-бирин толуктоочу инсандар. Андыктан, кыздар деп өзүнчө бөлүп кароонун өзү туура эмес.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган кыздардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Көпчүлүк учурда алар үчүн ата-энеси, туугандары же жакындары чечип, бул маселе көмүскөдө калууда. Мындай пикирин Кыргызстан кыздар федерациясынын кеңешчи тобунун жетекчиси Мырзабай Дооранов билдирди:

- Кыздарды мырзалар менен бирдей бөлбөй кароо керек деген ойго кошулам. Бирок аялдар басмырлоого дуушар болгондуктан алардын укугу өзүнчө бөлүнүп чыккан. Мындан улам дүйнө жүзү Кыздардын эл аралык к­үнү деп белгилеп, өзгөчө маани берип келет. Мамлекет, коомчулук кыздардын укугуна көңүл буруп, кылмыш фактысы катталганда анын өзүнөн сураш керек. Бизде кызды ала качып кетсе ал каршы болсо да, ата-энеси каршы эмесмин деген тосмо арыз берип, отургузуп коюп атышат.

Ушул жылдын сентябрь айынын соңунда Таласта 7-класстын окуучусу көз жарган. 14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барды деп 18 жаштагы жаранга кылмыш иши козголгон. Бирок көп өтпөй кыздын апасы чыр салып, арызын кайтарып алган эле.

БУУнун акыркы баянында Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук жана жумушсуздук өскөнүн, үй тиричилиги менен алектенген аялдар эмгекке жарамдуу калктын 72 пайызын түзөрүн жарыялаган.

Ошондой эле аялдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 2014-жылы 29 пайыз болсо, 2015-жылы 32 пайыздан ашканы да белгиленген. Укук коргоочулар аялдардын иштебегени алардын көз каранды болушун жана зомбулукту шарттап жатканын айтып келишет.

"Азаттык+": Кыздарды коргой алабызбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:13 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG