Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Секелек үнүн ким угат?


Мындан бир нече күн мурун Нарында 16 жана 17 жаштагы бир тууган кыздар күйөөгө кеткени белгилүү болсо, үстүбүздөгү жылы Кара-Кулжада 14 жаштагы кызды зордуктады дегендер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулганы ачыкталды. Интернетке көз чаптырганда ушул өндүү секелектердин укуктары тебеленгени тууралуу кабарлар арбын. “Азаттык+” өспүрүм кыздардын укуктары, өткөөл курактагы секелектер туш болуп жаткан көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелерин талкуулады.

Кыргызстанда 2015-жылы 18 жашка толо элек 160 миңдей, ал эми 15 жашка жете элек 6 миңдей кыз турмушка чыккан. 2015-жылы өспүрүмдөргө каршы жасалган 755 кылмыш иши катталып, анын 570и сотко ɵткөн. 137 өспүрүм зордукталып, 110 иш соттун кароосунда жатат. Кыргызстанда жыл сайын жүзгө чукул өспүрүм өз жанын кыят, дагы ушунча кыз сексуалдык кордукка туш болот.

16 жаштагы Нурпери үй-бүлөдө болгон пикир келишпестиктен жабыр тартып келет. Өспүрүм өгөй атасы менен урушуп, бул жагдай анын окуусуна тоскоол болгон. Нурпери психологго кайрылып, ага “Балдар укугун коргоо борбору” жардам көрсөтүүдө.

Мындан бир нече күн мурун Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылынын тургуну 16 жана 17 жаштагы эки кызын бир күндө күйөөгө бергени ачыкка чыгып, талкууга түштү. Эки кызын бир күндө күйөөгө узаткан Руслан аларды эч ким мажбурлабай эле турмушка чыкканын билдирди. Ал арада райондук ички иштер бөлүмү жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү фактысы боюнча ишти тергөөгө жөнөтүү алдында турат.

Интернетке баш бакканда күн алыс секелектер тууралуу, маселен издөө салган, качып кеткен окуялар жарыяланып жатат. Кызы үйдөн качып кеткен Каныкей студиянын коногу болду. Каарманыбыз өз сөзүндө өспүрүмдөрдү тартипке чакырды. Студиядагы жаштар өспүрүм кыздардын үйдөн качып кетишин ата-эне менен баланын ортосундагы пикир келишпестик, солгун мамиле менен түшүндүрүштү.

11-октябрда Бишкекте да Эл аралык кыздар күнү белгиленди. Кыздар күнүн белгилөө 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бекитилген.

Секелек үнүн ким угат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:57 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG