Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Күйөөгө эрте узаган кыздын муңу


Иллюстрация
Иллюстрация

Дүйнөдө ар бир жети секундада бирден өспүрүм кыз турмушка чыгат. Бул тууралуу Кыздардын күнүнө карата жарыялаган баяндамасында Балдарды коргоо кайрымдуулук уюму маалымдады.

15 жаштагы Аишаны эки жыл мурда атасы 30 жаштагы кишиге күйөөгө берүүнү чечкен. Апасы каршы чыкканына болбой, атасы кызды мажбурлап эле турмушка берип койгон:

- Мен 13 жашымда менден кыйла эле улуу адамга турмушка чыгууга мажбур болгом. Мен аны менен чогуу жашадым. Бирок экөөбүз эч бир тил табыша алган жокпуз. Анткени анын менден башка да аялдары бар эле. Биз тогуз ай чогуу жашадык, бул убакыт ичинде мен бир нече ирет качып кетүүгө аракет кылдым. Бирок ар бир жолу атам кайтарып келчү, ошентип мен аны менен жашагандан башка аргам жок болчу. Көп өтпөй кош бойлуу болуп калдым, ошондо да күйөөм мени урганын токтоткон жок. Акыры чыдабай калдым, биротоло андан кетүүнү чечтим. Ал кезде алты айлык боюмда бар эле. Атамдын каршылыгына карабай өз үй-бүлөмө кайтып келдим, - деген Аиша кош бойлуу кезинде аз кандуулуктан жабыркап, кызын операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келген.

Аишанын мекени Сомали жашы жетелектерди эрте күйөөгө берүү көрүнүшү эң көп жайылган мамлекеттердин бири. Аны менен бир катарда Ооганстан, Йемен, Индия сыяктуу өлкөлөр да турат.

Шейшембиде Балдарды коргоо кайрымдуулук уюмунун Кыздар күнүнө карата жарыялаган баяндамасында дүйнөдө ар бир жети секундада 15 жашка чейинки секелек турмушка чыгары жазылган. Кыздарды мажбурлоо жолу менен эрте күйөөгө берүү өзгөчө куралдуу жаңжалдар жана гуманитардык кризис өрчүгөн жакыр өлкөлөрдө кеңири тараган. Маселен, качкын ата-энелер жан сакташ үчүн кыздарын эрте эле күйөөгө сатып жиберишет.

Уюмдун маалыматына ылайык, Иорданиядагы сириялык качкындардын арасындагы 15-17 жаштагы кыздардын ар бир төртүнчүсү турмушка чыкканы белгилүү болгон.

Эл аралык уюмдун баяндамасында секелек кыздарга жеткиликтүү турмушта жашоо, адам катары толук калыптануу багытында толук мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген мамлекеттердин тизмеси жайгаштырылган. Рейтингде эрте никеге туруу, биринчи төрөт, энелердин өлүмү, кыздардын билим алуу деңгээли жана башка факторлор эске алынган.

Тизменин аягында Нигер, Чад, Борбордук Африка республикасы, Мали жана Сомали өлкөлөрү турушат. Аталган мамлекеттерде кыздардын көбү эрте никеге туруп, эрте эне болушары жана дээрлик билим албай турганы аныкталган.

Ал эми сап башында Швеция, Финляндия жана Норвегия сыяктуу Түндүк Европа мамлекеттери турушат. АКШ эне өлүмү көп катталган өлкөлөрдүн катарына киргендиктен тизмеде 32 орунда турат. Статистикага ылайык, Кошмо Штаттарда ар бир 100 миң аялдын 14ү төрөт учурунда көз жумат. Аталган тизме дүйнөнүн 144 өлкөсүн камтыйт. Кыргызстан бул тизмеде 59, Тажикстан 57, Казакстан 30-орунда турат.

Эрте никеге каршы мыйзам колдоо тапты

Эрте никеге каршы мыйзам колдоо тапты

Парламент турмуш курууга жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Адистердин айтымында, эрте никеге туруу кыздардын жашоосуна чоң залака тийгизет. Алар билим алуу жана эркин өсүп-өнүгүү укугунан ажырашат. Ошондой эле балалык доорун көрүшпөйт. Балдарды коргоо кайрымдуулук уюму жарыялаган баяндаманын авторлору эрте турмуш курган кыздардын үй-бүлө зомбулугу, мазактоо жана сексуалдык кордукка кабылуу ыктымалдуулугу жогору экенин жазышат.

Улуттар уюмунун Балдар корунун (ЮНИСЕФ) эсептөөсүнө ылайык, 2030-жылга чейин эрте никеге турган секелектердин саны азыркы 700 миллиондон 950 миллионго чейин өсүшү толук мүмкүн. Ошол себептен Балдарды коргоо уюму дүйнөнүн бардык мамлекеттерин тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу менен бул көйгөйдү тезинен чечүүгө чакырат.

Ал эми Сомалиде жашаган 15 жаштагы Аиша учурда кызы Раяна, энеси жана эки бир тууганы болуп чогуу турат. Ал мектепке бара албай калганына өкүнөт. Эми Аиша кызын чоңойтууну, анын билим алуусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү каалай турганын айтат. Ал өзү да кандайдыр бир багытта билим алып, кызын эч кимге кор кылбай багып алсам деп кыялданат.

XS
SM
MD
LG