Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:41

Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун маалыматына караганда, Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Борбор Азия мамлекеттерин кошкондо кеминде 170 миллион аял жетишпейт.

Буга аталган уюм континентте кызга караганда уулга артыкчылык берилип, кыздарды түйүлдүк кезинен эле бойдон алдырып салган учурлар көбөйгөнүн себеп катары көрсөткөн.

Укук коргоочулар кызга караганда уулга артыкчылык берген түшүнүк кыргыз коомуна да жат эместигин белгилеп келишет.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматтары да өлкөдө ар бир эркекке кеминде үч-төрттөн аял туура келет деген пикирлерди четке какты.

Кыздарын чанып, үйдөн чыгып кетти...

Жакында эле БУУ Азиядагы уулга артыкчылык берүү салтын айыптап чыкты. Уюмдун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын басма сөз катчысы Руперт Колвилл мындай көрүнүштү токтотууга чөлкөмдөгү өлкөлөрдү чакырды. Ал кыз менен уулду иргеп аборт жасоодон улам айрыкча Индия менен Кытайда, Кавказда аялдар азайып кеткенин жар салганын БУУнун радиосу кабарлады:

- Баланын жынысын тандоо аялдардын укугун одоно бузуу болуп эсептелет. Эркек баланы жарыкка алып келүү үчүн аялдар чоң басымга кабылат. Кыз төрөгөндөр зомбулукка, ажырашууга, жада калса өлүмгө да даяр болушу керек.

БУУнун божомолунда 2030-жылы Кытай менен Индияда 20-49 жаштагы 20 миллиондон ашуун аялдын таңсыктыгы жаралышы мүмкүн. Улуттар Уюмунун бул тыянагы континенттеги үлкөн өлкөлөргө багытталган деген пикирлер күч болгону менен укук коргоочулар бул көйгөй Кыргызстан үчүн дагы олуттуу экенин белгилешет. Алардын баамында кыргыз коомчулугунда дале болсо “кыз төрөп койдуң” деп аялды айыптагандар жана уулга артыкчылык бергендер көп кездешет.

Аялдардын укугун коргоо менен алектенген Айзат Көкүлованын айтымында, буга чейинки жүргүзүлгөн сурамжылоолор курсактагы түйүлдүктүн кыз экенин билээр менен абортко камынган аялдардын саны арбын экенин көрсөткөн.

- Кыргызда, дегеле түрк элдеринде уулга басым жасашат да. Ар бир үй-бүлөдө келиндердин боюнда болгонун укканда эле баары эркек төрөлсө экен деп тилек кылышат. Эркекке көп маани беришет. Эки-үч кыз туулганда атанын көңүлдөрү чөгөт. Ошол себептен кыз экени билингенде кээ бир энелер бойдон алдырып салып атышат. Кийин кыз жетишсиз болуп, эркек көбөйгөн маселе жаралышы толук ыктымал. Азыр аял кишилерден деле кыздуу болгуң келеби же уулдуу болгуң келеби деп сурасаң, 70 пайызы эркек балалуу болгум келет деп жооп кайтарышат.

Катары менен беш кызды төрөгөн Үмүтай да кыргыз комундагы ушундай басмырлоого туш болгон аялдардын бири. Ал жолдошу "уул төрөп бербедиң" деген шылтоо менен экинчи аял алып алганын айтып берди:

- Беш кыздын ортосунда кыз экени билингенден кийин эки жолу боюмдан алдырдым. Үчүнчү кызымдын атын да ырымдап Уулайым деп койгонбуз. Кудай мага эркек бала берген жок. Бешинчи кызымдан кийин көргөн аракеттерим текке кетти. Айрыкча жолдошум "артымда тукум калбайбы" деп катуу кыжаалат болду. Ошондон улам башка аялга үйлөндү, мага айтпай эле үстүмө алды. Ыза болуп кетип калгам. Азыр кыздарым өзүмдө, өзүм карайм, улуусу жогорку класста окуп жатат. Күйөөм кийинки аялынан бир уулдуу болгон. Бирок аялы менен оту күйүшпөйт экен, жашоолору жакшы эмес. Кыздарымда атасына болгон таарыныч бар. "Бизди бала ордуна көргөн жок, биз деле уулдан артык карайт элек" деп калышат.

Бир эркекке үч аял туура келбейт

Кыргызстанда буга чейин "эркектерге караганда кыздардын саны көп, ар бир эркек балага эки-үчтөн аял туура келет" деген көз караш басымдуулук кылып келген. "Азаттык" суроо салган жигиттердин басымдуу бөлүгү да ушул кепти айтып жатышты.

- Албетте кыздар көп. Статистика боюнча бир жигитке жок дегенде эки-үч кыз туура келип жатпайбы. Кай жакты караба бүт кыздар. Университеттерде да кыздар басымдуу, - дейт өзүн Айдос деп тааныштырган жигит.

Башкалаанын дагы бир жашоочусу Марат да муну бекемдеди:

- Статистика боюнча бир балага үч кыздан тиет экен. Баары эле ошентип айтышат. Мисалы, биздин үй-бүлөдө, туугандарыбызды санасак 15 кыз бар, эркектер үчөө элебиз. Элестетиңиз, демек Кыргызстанда кыздар көп.

Нурбек аттуу жаран гана өлкөдө эркектер менен аялдардын ортосундагы сан жагынан айырма өтө эле аз деген ою менен бөлүштү:

- Так айырмасы канча экенин билбейм. Бирок 3-4 пайыз эле болсо керек. Бир эркекке бир эле аял туура келет. "Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса аял алат" деген сыңары билбей туруп ар ким ар кайсыны айта берет.

Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда кыз көп деген түшүнүктөн улам айрым саясатчылар, диний чөйрөнүн өкүлдөрү эки же андан ашык аял алып, бойдок кыздардын маселесин чечүүгө элди байма-бай чакыра калып жүрүшөт.

Бишкектин тургуну Асел мындай чакырыктар аялдардын укугун тебелеп жатканын айтып, ошол эле маалда Кыргызстандын ичинде да, сыртта да үйлөнбөй бойдок жүргөн эркектердин көптүгү эске алынбай жатат деп нааразы:

- Кыргыздын аялдардын экинчи-үчүнчү кылып алгыла деп эле какшап жатышат, ошол эле убакта үйлөнбөй жүргөн, жашы өтүп калган эркектерди айтышпайт. Башка улуттан үйлөнгөндөр бизде көп. Чет мамлекеттерде окуп келгендердин көбү башка улуттун кыздарын алган. Ал эми үйлөнбөй жүргөндөрдүн көпчүлүгү Орусияда, Европада иштеп жүрө беришет. Ошого алардын бой жүргөнү билинбейт. Бул тема акыркы убакта тажатып жиберди. Телевизорду койсоң молдолор ушул жөнүндө сүйлөшөт, интернеттен Youtube каналын көрсөң да ошол. Кыргызстанда талкуулай турган башка тема калбай калгандай. Мындай карасаң аял менен эркектин саны бирдей. Эркектер аялдарга караганда аз жашайт. Эми эки аялды багабыз деп эркектердин жашоо убактысы ого бетер кыскарып кетпейби.

Кыз-келиндерге талап өсөт

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин быйыл августта жарыялаган акыркы маалыматы өлкөдө аял көп деген пикирлерди жокко чыгарды. Изилдөө боюнча эркектер 3 миллион 42 миң адам болуп, 49,6 пайызды түзсө, аялдардын саны 3 миллион 98 миң болуп, 50,4 пайызды түздү. Ортодогу айырма 0,8 пайыз.

"Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова статистикалык иликтөөлөргө таянып кайсы курактагы аялдар көп экенин эсептеп чыккан:

- Демек аялдар эркекке караганда узак жашайт. Ошондуктан 64төн өткөн аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу арбын. Эркектердин көбү 65ке жашка чейин каза болуп калып жатышат. Ошого аялдардын саны көп чыгууда. Эсептеп көрсөк, жалпы Кыргызстан боюнча 18 жаштан 64 жашка чейинки 8 920 гана кыз-келин, аялдар калды. Бул өтө эле аз айырма. Бир эркекке эки аял деген таптакыр туура эмес.

Азиза Абдирасулова эркектердин өмүрү кыска болуп жатканына байланыштуу алардын саламаттыгына көңүл буруу зарылдыгын белгилейт:

- 50-60 жашка барганда эркектер стресске, ар кандай ооруларга кабылып, көбүрөк каза болуп калып атпайбы. Бул жерде көйгөй эркек аз, аял көп деп, көп аялдуулук маселесин көтөрүүдө эмес. Эркектердин жашоосу кыска болуп жаткандыгынын себебин иликтеп, алардын ден соолугуна кам көрүү керек.

Укук коргоочу Азия континентиндеги аял тартыштыгынан улам индиялык, кытайлык жарандардын Борбор Азия, анын ичинде кыргызстандык кыз-келиндерге суроо-талабы жогорулашы мүмкүн деп боолгоп жатат. Бүгүнкү күнү статистикалык маалыматтар чет өлкөлүктөргө, Кытай, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттердин атуулдарына турмушка чыккан кыргызстандык кыздардын көбөйүп жатканын көрсөтүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG