Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:25

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселесине коомчулуктун көз карашын аныктоо максатында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарды.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 67 пайыздан ашууну көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгесине караманча каршы чыккан. Ал эми кайсы бир деңгээлде макул болгондор, бирок өздөрүнүн кызынын же эже-карындашынын экинчи аял катары турмуш куруусун каалабай тургандарын билдиришкен.

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды жана жигердүү атуулдарды баш коштурган "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу идеясына калктын көз карашына, ошондой эле кыз-келиндердин укуктарынын корголушуна байланыштуу социологиялык сурамжылоо уюштурду. Мындай сурамжылоо жүргүзүүгө кыргызстандык айрым диний ишмерлердин көп аял алууга чакырган талкуулары жана анын социалдык тармактарда кызыл чеке болгонго чейин кызуу талкууланышы себеп болгон.

Сурамжылоого бардык облустардан 738 киши катышып, бир катар суроолорго жооп беришкен. Жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 67, 5% көп аялдуулукка уруксат берилишине каршы экенин айтышкан. Ал эми 21,7 пайызы дин кызматкерлеринин мындай демилгесин колдой турганын айтышкан менен, алардын бир бөлүгү өзүнүн кызы, эже-сиңди же карындаштарынын токол катары турмуш куруусун эч колдобой турганын билдиришкен.

Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Ушул күндөрү көп аял алуу маселеси социалдык тармактарда кайрадан кызуу талкууга түштү.

Коалициянын координатору Раушан Садырбаеванын "Азаттыкка" айтымында, көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу демилгесин колдогон эркектер аялдарга караганда үч эсе көп.

Ошондой эле алар Кыргызстанда жарандар эки же андан көп аял алгандар мыйзам боюнча жоокерчиликке тартылаары тууралуу укуктук чектөөнү билбей турганын белгилешкен.

- Сурамжылоого катышкандардын 21 пайыздайы көп аял алууну мыйзамдаштырууну колдошот. Бирок ушулардын көпчүлүгү кызын же эже-карындашын, расмий түрдө экинчи же үчүнчү аялдыкка берүүгө каршы эмес. Бирок макул болгон респонденттердин үчүнчү бөлүгү өзүнө жана өзүнүн үй-бүлөсүнө карата мындай сунушка каршы. Демилгеге макул болбогон респондент аялдар эркектерге караганда басымдуу кылат. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 15,9% гана бирден ашык аял алган эркектер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын билишсе, калгандары бул тууралуу маалыматы жок экенин айтышкан. Демилгени мыйзамдаштырууну колдогондор кобүнчө Талас, Баткен облусунун жана Ош шаарынын тургундары болгон.

Маалыматтарга ылайык, сурамжылоого катышкандардын үчтөн бири - 27,3 пайызы жакындарынын жана тааныштарынын арасында эки же андан көп никеси бар кишилердин болгондугун билдиришкен.

Кыргызстанда бир убакта эки же андан көп аял менен түтүн булатууга мыйзам эч жол бербейт. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, мындай эркек эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Ошого карабастан, көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгелери ачык талкууланып, кайсы бир депутаттын, аткаминердин канча аялы бар экени тууралуу кептер калк арасында айтылып жүрөт. Бирок алардын мыйзам алдында жооп бербегени сынга кабылып келет.

Укук коргоочулар ачык айтып, мыйзамдын негизинде арызданган учурлар жок болгону менен, мында аялдын, балдардын укуктары бузулуп, бул көрүнүш аларды коом алдында моралдык, психологиялык жактан чүнчүтөрүн белгилеп журүшөт. "Буга оболу коомчулуктун кайдыгерлери дагы себеп болууда", - дейт акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева.

- Биз депутат болуп турган кезде дагы Турсунбай Бакир уулу бул маселени көтөрүп чыгып, колдогон эмеспиз. Расмий арыз менен бизге кайрылгандар жок. Бирок башка маселе менен кайрылып, аны кошуп айта кетишет. "Башка аялга кетип калды, башка аял менен дагы жашап атат, бизди бала-бакырабыз менен карабай жатат" деп арыздангандар бар. Бул көп иштеген мыйзамдардын бири болуп жатат. Экинчиден, кайдыгерлик да себеп болууда. Убагында кайрылбайт, чара көрбөйт. "Кийинтип атат, ичинтип атат, жашоом өтүп атат" деп көр оокатты ойлоп отура беришет. Эптеп күнүм өтсө, курсагым тойсо болду деп жапжаш кыздар да баш ийип берип жатышат да, экинчи, үчүнчүсүнө деле макул болуп.

Гүлнара Жамгырчева.
Гүлнара Жамгырчева.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев муну мыйзам менен тыюу мүмкүн эмес деген ойдо:

- Бул эки тарапка жакса, өздөрү ошого макул болсо, анда укук коргоо органдары барып, аларга эч нерсе айта албайт. Ошондуктан көп мыйзам бузуулар болуп жатат. Аялдар өздөрү ага макул болбошу керек жана Үй-бүлө кодекси боюнча аларды каттоого уруксат бербеши керек. Бирок жоопкерчиликке тартуу жагын алып таштоо зарыл. Анткени моралдык жоопкерчилик болуш керек, биринчи кезекте. Бул берене иштебей, иштеген жок. Сотко кайрылган учурда дагы сот аны эч нерсе кыла албайт.

Укук коргоочулар тескерисинче, эки же көп аял алгандар үчүн мыйзамды катаалдаштыруу демилгесин байма-бай көтөрүп, майнап чыгара албай жатышат.

Экинчи, үчүнчү аялы (токолу) болуп ар кандай укуктары бузулган кыз-келиндер "Сезим" кризистик борборунан жардам сурашат. Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мыйзам иштебей жаткан себептерин атады:

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Коомчулукта биз деле билип жатабыз да, (мурдагы) президентибиз деле экинчи аял алып, унчукпай эле качып кетпедиби. Депутаттардын арасында деле ушундай болуп атат. Ушундан башталып жаткан жокпу, мыйзамдын иштебей жатканы? Мыйзам деген ушундан башталып жатат да. Азыр кумар оюндарын жаптык, баары бир көмүскө ойноп жатышат. Келип эле илинип турушат. Мыйзам кабыл алгандан кийин иштеш керек да. Азыр колунда барлар чоң үйү, машинасы, экинчи аялы менен мактанышат. Анан өздөрү мыйзам иштебейт деп айтышат. Мыйзам ушундан улам иштебей жатат да.

Кыргызстанда алгачкы жолу көп аял алуу демилгесин 2007-жылдын башында ошол кездеги юстиция министри Марат Кайыпов көтөрүп чыккан. Бул демилге "ойноштукту мыйзамдаштыруу аракети" катары коомчулуктун кескин сынына кабылган.

К.Бакиев кийинки бүлөсү менен.
К.Бакиев кийинки бүлөсү менен.

Ал эми 2010-жылы 7-апрелдеги элдик ыңкылаптан улам бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиев өлкөдөн Беларустун борборуна экинчи үй-бүлөсү менен чыгып кеткен. Беларус президенти А.Лукашенка К.Бакиевдин 2010-жылы 19-апрелде Минскиге экинчи жубайы жана тестиер балдары менен бозгунга келишин эки күндөн кийин мындайча тастыктаган: "Бакиев аялы, тогуз жашар кызы жана беш жашар уулу менен келди".

Буга чейин мурдагы президенттин токолу жана андан балдары бар экени калайыкка айың кептер аркылуу гана дайын болгон.

Секулярдык мамлекет болгон Кыргыз Республикасы шариятта айтылган көп аялдуулукка жол ачкан (б.а. төрт аялга чейин алууга уруксат берчү) жобону расмий түрдө четке кагат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG