Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

“ЭЛЕЧЕК” ТАСМАСЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ПОЛИГАМИЯ ПРОБЛЕМАСЫН КӨТӨРГӨН


Төрөкул Дооров, Прага Ушул күндөрү Прагада “Бир дүйнө” аттуу кинофестиваль өтүп жатат. Бул фестиваль адам укуктары жаатында даректүү тасмаларды көрсөтүп келатканы менен белгилүү. Быйыл анда аялдар проблемасын көтөргөн өзүнчө сынакта кыргызстандык “Элечек” деген тасма да катышып жатат. Анын режиссеру Наила Рахмадиева менен баш-каарман Майрам эже “Азаттыктын” Прагадагы студиясына келишкен эле.

Майрам эже: Биз Нейля менен кокустан эле таанышып калдык десем болот. Ал бирөөлөрдөн менин телефон номурумду таап, анан чалып калды. Мен ошондо аябай бук болуп, кысылып жүргөн учурум экен. Бирөө менен кеңири жайылып сүйлөшө албай жүргөнмүн. Биз бир кафеде көрүшүп, сүйлөшүп калдык. Анан эле ушул иш (кино тартуу – автор.) башталып кетти.


Т.Дооров: Нейля айым, өзү, негизи, баштап эле тасманы ушул тема жөнүндө, кыргыз коомундагы көп аял алуулук жөнүндө тартам деп ойлоп жүрдүңүз беле?


Н.Рахмадиева: Эң кызыктуусу – мен алгач сценарийди жазып койгон болчумун. Өзүмдүн тасмамдын баш каарманы ким болоорун билбей туруп, ал тууралуу сценарий жазгам. Анан кийин Майраш эже менен жолукканда, анын баштан өткөргөн окуясы кудум менин сценарийимде жазылгандай болуптур. Ошондо мен канчалык деңгээлде бизде көп аял алуулук проблемасы кеңири жайылганын түшүндүм. Лев Толстой: “Баардык бактысыз үй-бүлөлөр окшош”, - деп айтканы бар. Ушундай эле көрүнүш болду.


Т.Дооров: Буга чейин режиссер катарында кандай фильмдерди тарттыңыз эле?


Н.Рахмадиева: “Авитаминоз” деген даректүү тасмам бар. Анда “татаал өспүрүмдөрдүн” проблемасы жөнүндө кеп болот. Анын кыргызча бөлүгү “Мен өзүмдүн үй-бүлөмдү жакшы көрөм” деп аталат. Андан сырткары, миграция жөнүндө дагы бир даректүү тасма тарттым...

Т.Дооров: Демек, документалдык тасмаларга көбүрөөк ык алат турбайсызбы?

Н.Рахмадиева: Эми ойномо фильмдерди тартайын деп чечтим.

Т.Дооров: А эмне үчүн? Даректүү тасмалардан көңүлүңүз калдыбы?

Н.Рахмадиева: Билесизби, даректүү тасманы тартып жатып, андагы каарман баштан өткөрүп жаткан оор турмушту кудум өзүң жашап жаткандай сезесиң. Албетте, профессионал режиссер андан алыс болушу керек дечи, бирок өзүңдү каармандын түйшүгүнөн сууруп алыш оңой эмес. Анткени ал үчүн режиссер жоопкердикти да мойнуна алып жатпайбы?

Т.Дооров: Көркөм фильмде андай эмеспи? Анда жалаң эле өзүң жараткан дүйнө жана фантазия...?

Н.Рахмадиева: Ооба, анда режиссер актерду “ушундай болушу керек, ушинтип ойношуң керек” деп көндүрө алат.

Т.Дооров: Нейля айым, сиздин “Элечек” тасмаңызда мага жаккан нерсе - профессионалдык көз-караш менен алып караганда, бул фильмде дал ушул элечектин негизги идея катарында берилгени болду. Жөнөкөй көрүүчүгө тасмадагы окуялар, тигил же бул сюжет менен элечектин кандай тиешеси бар экенин, анан ал эмне үчүн борбордук идея болуп калганын түшүнүү оңой болбосо керек. Аны кыргыз көрүүчүсү билсе да, чет-элдиктер түшүнбөй калышы мүмкүн. Бирок фильмде дал ушул элечек менен баш каарман Майраш эженин ортосунда байланыш өтө чоңдой туюлду. Майраш эже өтө оор абалда да сынып калбай, кайра элечегин башына кийип, жашоону кайра баштап атышы... ушунун баарын кантип таап алдыңыз?

Р.Рахмадиева: Бул идея тууралуу Ысыккөлдө тасманы тартып жатканда ойлоно баштадык жана продюсер менен түрдүү варианттарды жасайлы деген сунуштар айтыла баштады. “Балким, элечек жөнүндө ролик даярдасакпы” деген да ойлор келди. Анткени Майраш эженин жашоосунда элечектин ролу өтө чоң болуп келген. Дайыма оор абалдарда куткарып келгендей бир мааниси бар экен. Сиз дал ушул идеяны туура түшүнүптүрсүз. Менимче, бул жалаң эле кыргыздарга эмес, чет-өлкөлүктөргө да түшүнүктүү болот ко. Анткени фильмде анын жакшылыкка, жаратуучулукка негизделген мазмуну бар.

Т.Дооров: Бул да сиздин, балким, келерки тасмаңызга жаңы тема болушу мүмкүндүр – күчтүү аялдын образы... Бүгүнкү кыргыз коомунда ушундай аялдар көппү?


Н.Рахмадиева: Өтө көп деп ойлойм. Биздин аялдар турмушта өтө күчтүү.

XS
SM
MD
LG