Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:06

Экономика министрлиги аэропорттордун жанында чет өлкөлүктөр үчүн оюн-зоок борборлорун куруу демилгесин кайра сунуштап жатат.

Кумар жайлары мындан төрт жыл мурун жабылганы менен казинолор көмүскө, жашыруун иштеп жатканы тууралуу фактылар бар. Айрым байкоочулар мыйзамдын толук иштебей жатканын бизнестин бул түрүн айрым бир таасирлүү аткаминерлер көзөмөлдөгөнү менен да түшүндүрүшөт.

Экономика министрлиги кумарканаларды кайра иштетүү тууралуу атайын мыйзам долбоор даярдаган. Анда оюн-зоок жайлары атайын бөлүнүп берилген жерлерде гана ачылат, чет өлкөлүктөр гана ойнойт деген жоболор жазылган.

Министрликке караштуу Инвестиция жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи орун басары Шумкабек Адилбек уулу мындан улам казынага кошумча каражат түшөт, жумушчу орундар түзүлөт, туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп негиздеп берди:

- Мыйзамда кумар оюндары кайсы бир белгиленген гана жерлерде болот деп жазылган. Мисалы, "Манас" аэропортунун, Ош жана Тамчы аэропортторунун тегереги деп көрсөтүлгөн. Инвесторлор жөн эле оюн-зоок борборлорун куруп койсо анда акчасын актабай калат, ошондуктан кумарканалар ачылып, каражат түшүшү керек. Азыр бир катар инвесторлор казино ачканга уруксат берсеңер, мындай жайларды курат элек деп өздөрүнүн сунуштарын айтып жатышат.

Казино ордун лотерея басты

Кыргызстанда кумар бизнесине 2012-жылы тыюу салынган. Бирок кумарпоздукка алдырган жарандардын жакындары маселе дагы деле чечилбей келатканын айтышат.

Кыргыз өкмөт өкүлдөрү казинолордун иштешине уруксат берүү тууралуу демилге ишкерлер коомчулугунан түшүп жатканын билдирип келет. Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев бул демилгенин пайдасын эсептелиши керектигин айтат. Анын билдиришинче, мындай жайлардан жылына 5 миллиард сомго чейин кошумча киреше табууга болот:

- Мына бюджетибизде 24 миллиард сом таңсыктык менен кетип жатабыз. Ошонун баары эле айлык, бир катар чоң-чоң долбоорго таасири тиет. Эмне үчүн азыр бизге казино керек деп жатабыз? Анткени бизге салык түшүп, жумушчу орундарды түзүшүбүз керек. Биз региондорду өнүктүрүшүбүз керек. Биз Бишкектин так ортосуна ачууну сунуштап жаткан жокпуз, алыскы региондордо ачылса, ошол жактарда жакшы мейманканалар курулат, ресторандар салынат, инфраструктура жакшырат. Ошондо автомат ойногон балдар деген маселе да жоюлат. Мисалы, чет өлкөдөн бир учак болуп коноктор келсе, алар ошол казиного барышат, Кыргызстандын башка жерлерин да кыдырат.

Ош облусунун губернатору Таалайбек Сарыбашев киреше табуунун бир булагы катары кумарканаларды жандандырууга каршы экенин айтты:

- Коомчулук казинону эми гана унутуп келатат. Бизде киреше булактары абдан эле көп. Мисалы, азыр өнөр жайларга, кайра иштетүү тармагына акча бөлүнүп жатат. Күнөсканаларды куруп жатабыз. Дыйканчылык жакшы жолго коюлду. Кумарканалардан киреше табуу үчүн аларды ачуу сунушун колдобойм. Элди кайра мындай жайларга түрткөндүн кереги жок.

2012-жылдын 13-февралында Бишкекте жабылган казинолордун кызматкерлерибиз деген топ митингге чыгып, өкмөттөн иш таап берүүнү талап кылышкан.
2012-жылдын 13-февралында Бишкекте жабылган казинолордун кызматкерлерибиз деген топ митингге чыгып, өкмөттөн иш таап берүүнү талап кылышкан.

Коомчулуктун кысымы менен Кыргызстанда кумарканалар 2012-жылы жабылган. Мыйзам кабыл алынышына бир катар нааразылык акциялар себеп болгон.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова абал көп деле өзгөрбөгөнүн айтат. Ал кумар оюндарына байланышкан мыйзамдардын жетиштүү толук иштебей жатканын бизнестин бул түрүн таасирлүү аткаминерлер калкалап жатканы менен түшүндүрдү:

- Казинолор жабылганда спорт сүйүүчүлөрү деп букмекерлер жайнап кеткен. Алар жабылганда алардын ордун лоторея деген жайлар басты. Күнүгө жаңыдан ачылып жатат. Эми жаап коюп маселени чечүү мүмкүн эмес дешет. Кээ бир нерселер чечилип деле жатат. Бизде мыйзамдар иштебей, коррупция болуп жаткандан кийин бир сомдон он миң сом жасаган бизнеске жогорку жакта отургандар аябай кызыкдар. Эми балким коомубуз туруктуу өнүгүп, коомчулук ак-караны ажыратып билип, коррупция азайган маалда, 10-15 жылдан кийин ачылса балким болот. Азыр кумарканаларга азгырылгандар анын азабын тарткандар көп болуп жатканда киреше табуу үчүн ачабыз дегени уят эле. Башка бизнес толтура да. Казакстанда кайра ачылды деп мисал келтиришет. Казакстан менен биздин абалыбыз, жагдайыбыз эки башка.

Темир Сариев премьер-министр кезинде кошумча кирише алуу үчүн үчүн казинолорду кайра ачылышын колдогон пикирин билдирген жайы бар. Азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мындай демилгеге каршы экенин айткан. Парламентте деле колдобогондор көп болгону менен бюджеттин таңсыктыгы дагы көбөйө берсе Экономика министрлигинин бул демилгеси аргасыз колдоого алынып деле калышы ыктымал.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG