Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:06

“Эже-сиңди” берүүсүнүн бул чыгарылышында “Көп аял алууну мыйзамдаштыруу керекпи?” деген суроого жооп изделди.

Талкууга аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, коомдук активист Назира Бегим, жарандык активист Калича Умуралиева, журналист Айжамал Айдарбекова катышты.

Алия Суранова: Назира, сиздин демилгеңиз боюнча жакында диниятчылардын катышуусунда “Көп аял алууну мыйзамдаштыруу” темасына арналган тегерек стол өттү. Бул демилгени эмне үчүн көтөрүп чыктыңыз? Буга эмне түрткү болду?

Назира Бегим: Мен бул ойду ичимде багып жүрдүм десем болот. Дос, тууган деген бар. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот экен. “Көп аял алууга келгенде эмне үчүн аялдардын укугу корголбошу керек?” – деген ой менен эки ай мурда макаламды жазып чыккам.

Бул тема катуу талкууга алынгандан кийин менен коомдук ишмерлерди, саясатчыларды, дин аалымдарын, журналисттерден өйдө 10-июнга чакырган элем. Тилекке каршы, бир тараптуу болуп калды, дин аалымдары эле келди. 15-июлда башкача форматта талкуу болот. Ал жерде шарияттагысы да айтылды, заманбап жашоодогусу да айтылат.

Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Ушул күндөрү көп аял алуу маселеси социалдык тармактарда кайрадан кызуу талкууга түштү.

Калича Умуралиева: Мен каршымын. Биринчиден, бул биринчи талкуу эмес. 2007-жылы ошол эле Өзүбек ажынын (Чотонов - ред.) катышуусу менен мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов ушуну талкууга алып чыккан. “Көп аял алуу үчүн жазалаган беренени Кылмыш кодексинен алып коюш керек”, - деп чыккан. Ошондо биз бул маселени изилдегенбиз.

Кандай жыйынтыкка келдик? Мисалы, Бириккен Араб Эмиратында, мусулман өлкөлөрдө көп аял алууга уруксат берилет. Ошол жерде психологдор изилдөө жүргүзгөн: кандай терс көрүнүштөрү бар? Биринчиден, көп аялдуу үй-бүлөлөрдө эркектер психикалык оору менен ооруйт. Бир аялы менен сүйлөшөт, анан экинчиси менен сүйлөшөт, бир пикирде боло албай калат. Аялдар болсо депрессияга кабылат. Балдары дагы психикалык жактан жабыр тартат. Мыйзамдаштырууну көтөрүп чыкканда Марат Кайыпов сойкулар жок болот деп айткан.

Алия Суранова: Демек, аялдар же күйөөгө тиет, же сойку болобу?

Калича Умуралиева: Биз сойкулук маселесин дагы изилдегенбиз. Бул үй-бүлөлүк көйгөй эмес, бул экономикалык көйгөй кимдир бирөөлөргө акча алып келген көмүскө экономика. Көп аял алууга уруксат берсек да, сойкулар жоголбойт.

Экинчиден, Өзүбек ажы менен Чубак ажы (Жалилов - ред.) цирктин жанындагы сойкулардын ичинен эки-үч кызды алып үйлөнсө, мен каршы эмесмин. Бирок сойкуларды эч ким албайт да! Булар кимди алып атат? Ошол Өзүбек ажы мактанып жаткан: “Мен дагы бир аял алдым, 18 жашта!” – деп. Өзүнүн кебетесин көргүлө, паспорттогу жашын карагыла! Эмне үчүн мага окшогон жесир калган аялдарды алышпайт? Күйөөгө чыга элек жапжаш кыздарга үйлөнөт. Бул эмне деген тартип?

Талкуунун толук вариантын төмөндөгү аудиодон уга аласыз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG