Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Эже-сиңди: эркек төрөө милдетпи?


“Эже-сиңдилер” берүүсүнүн бул чыгарылышында “"Уул төрөө милдетпи?” аттуу тема талкууга алынды.

Кыргыз коомунда эркек балалуу болуу зарылбы же бул маселе акыркы жылдары мурдагыдай көйгөйлүү болбой калдыбы?

Талкууда социолог Топчүгүл Шайдулаева, радио алып баруучу Алина Баженова, мугалим Гүлжан Курманалиева жана берүүнүн алып баруучусу Алия Суранова жооп издешти.

Алия Cуранова: Эмне үчүн биз бул теманы көтөрүп жатабыз? Бизде, кыргыздарда, эки жаш үйлөнүп жатканда эле «биринчи балаңар эркек болсун!» деп бата беришет. Аялдарга дагы “уул төрөп бербейсиң" деп, көп басым жасашат. Ошонун артынан үй-бүлөдө көптөгөн чыр-чатактар чыгып, кээде аягы ажырашуу менен аяктайт. Кыргыз коому үчүн эркек балалуу болуу чындап эле ушунчалык маанилүүбү?

Топчүгүл Шайдулаева: Эркек бала тукум улайт деген түшүнүк кыргызда эле эмес, дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде бар. Көчмөн жашоо, кара күчтү талап кылган иштер, чарба, элдин коргоого муктаж болгону, тиричилик кечирүүсү эркектин кара күчүнө, камкордугуна таянган.

Эркек бала болбосо, ошол үй-бүлөнүн келечеги аябай бүдөмүк болгон, “картайганда бизди ким багат?”деп ойлонушкан. Салттуу коом өкүм сүргөн бардык өлкөлөрдө уул баланын маанилүүлүгү бүгүнкү күнгө чейин сакталып келатат.

Гүлжан Курманалиева: Менин үй-бүлөмдө мен кичүүсү болом, эки улуу эжем бар, үч кызбыз. Ата-энем деле уулдуу болобуз деп күтүшпөптүр. Эң баалуусу – наристенин дүйнөгө келгени. Эгер адамдын ой-жүгүртүүсү салттуу болсо, анда сөзсүз уулдуу болуу ниети болот.

Биздин үй-бүлө болсо, эркиндикке үндөгөн үй-бүлө. Ата-энемдин уулдуу болбогону тууралуу нааразы болгонун уккан эмесмин, бирок туугандар жактан көп шылдың угуп келдим. Таекем: “Сени төрөт үйүнөн алмаштырып коюшса керек, биз уулдуу болушубуз керек эле”, - деп калчу.

Жалпысынан мен “сөзсүз уулдуу болушум керек” дегендерге каршымын. Бул эски замандан калган ой-жүгүртүү, патриархалдык системанын бөлүгү. Заман өзгөрдү, адам өзгөрдү. Аял деле ошондой эле акча таап келет, керек болсо, өзүн өзү коргой алат.

Алина Баженова: Биз беш бир тууганбыз – үч кыз, эки эркек. Баарыбызга бирдей эле мамиле болгон деп эсептейм... Эки жаш баш кошкондо уулдуу да, кыздуу да болгусу келет, бирок уулдуу болбой калса, муну трагедия деп эсептебейм. Кыздар азыр аябай күчтүү болуп жатпайбы. Ата-энесине көңүл буруп, акча берип, телефон чалып турушат, мээримдүү келишет.

Талкуунун толук вариантын төмөндөгү аудиодон уга аласыз

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG