Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:22

Кыргызстанда жумуш издөө кадимкидей эле көрүнүш болуп калды. Дээрлик ар бир үчүнчү адамдын туруктуу жумушу жок; бардыгы жумуш издөө менен алек, ылайыктуу жумуш таппаган соң алардын көбү Москваны көздөй жөнөшөт.

Жан кейиткен нерсе - ошол жумушсуздардын арасында бир нече кесиптин ээлери, университетти артыкчылык менен бүтүргөндөр жана чет тилдеринде түш жоругандар четтен чыгат.

Улуттук статистика комитети 2015-жылы жумушсуздар 7,6 пайыз экенин жазды. Бул эми расмий маалымат, ал эми катталбаган жумушсуздар мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн.

Мамлекеттик органдын жумушсуздардын саны 7,6 эле пайыз дегени түкшүмөл суроолорду жаратпай койбойт. Себеби Москвага же Казакстанга барган кыргыздардын айтуусунда, Орусиянын жана Казакстандын шаарларын кыргыздар басып кетти. Маселен, кыргыз мигранттары Москвада Бишкекте эле жүргөндөй болосуң деген сөздөрдү көп угабыз. Атүгүл Америка Кошмо Штаттарында кыргыз диаспорасы көбөйүп, бейрасмий маалыматтарда алардын саны жыйырма беш миңге чукулдаганы айтылууда.

Мындан улам мамлекет жумушсуздардын санын атайын азайтып көрсөткөндөй таасир калат. Азайтып көрсөтүү, албетте, өкмөт үчүн жакшы, анткени кыйналып жумуш орундарын уюштуруп убара болбойт. Жумушсуздуктун саны кагазда 7,6% болушунун өкмөткө дагы бир пайдасы бул Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө дээрлик нормалдуу көрүнүш. Бул көрсөткүч жообу ичинде катылган статистика; жумушсуз деп катталгандарга өкмөт алеки саатта жумуш орду менен камсыз кылып же жумушсуздук социалдык төлөмүн көтөрүп койбойт.

Жумушсузмун деп мамлекеттик органда катталуудан пайда аз, иши жок адамга айына 200 сомдон 700 сомго чейин социалдык төлөм берилет, андан башка мамлекеттик эч кандай көмөк жок. Ошол себептен көпчүлүк жумушсуздар иши жок деп катталбай, жалданма кара жумуш издешет же болбосо жакынкы-алыскы чет өлкөгө иш издеп кетишет.

Өкмөттүн жумушсуздук тууралуу жүйөсү мындай: жаштар кесипти туура эмес тандайт, бардыгы юрист, экономист болгусу келишет, бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү жумуш таба албайт. Антип юрист, экономист болгуча кесиптик-техникалык адистиктерге ээ болуу сунушталат. Бул сунушта кадыресе жүйө бар, бирок чынында эле ушундай болду бекен деген суроо жаралат.

Атын атпай эле коелу, жакында аттуу-баштуу бир аткаминер юрист, экономисттер кесипти туура эмес тандашты, эми башка кесиптик-техникалык адистикке окушу керек деген сунушун айтты. Бирок ким эле өзү каалаган кесибин таштап, ширетүүчү же сантехник болгусу келет? Жеке мен сантехник болуп айына укмуш акча таап жыргап жашап кеткен адамды көрө элекмин. Балким, андайлар бардыр, Орусияга ооп барып ширетүүчү болуп айына 70 миң рубль таап жаткандыр.

Айтса, биздин элди жалкоо, өздөрү изденбейт же креативдүү эмес, өкмөттү карап эле отура берет деген бюрократтар да жок эмес. Бул сөздө чындыктын үлүшү бардыр. Анткен менен мени бирок деген сөз ойлондурат.

Расмий малыматтарда Орусияда 520 миңден ашуун мигрант мыйзамдуу иштейт. Иш жүзүндө ал жерде иштеп жүргөндөрдүн саны миллиндон ашат. Ушунча калкты жалкоо деп айтууга ооз барбайт. Бул мигранттар өкмөт кыла албаган максат-мүдөөнү ишке ашырып жатат. Маселен, алардын көбү суткасына 14 сааттан кем эмес иштейт, тыгылып бир бөлмөдө жатышат. Кыйналып иштеп айылдагы жумушсуз ата-энесин, үй-бүлөсүн багып келе жатышат.

Өкмөттү айтпаган күндө да жеке сектордо деле жыргатарлык жумушка алуу саясаты байкалбайт. Азыркы жумуш берүүчүлөрдүн талабын көрсөң оозуң ачылып, жаагың түшүп, кайра жабылбай калат. Мисалга, 23-24 жаштагы юрист керек, бою узун, келбеттүү, кеминде беш жылдык иш тажрыйбасы менен, компьютердик сабаттуулук, айдоочулук күбөлүк, англис жана түрк билин билүүсү абзел деп жазып, айлыгы 10 000 сом деп талап коет.

Тажрыйбасыз жаш адисти албайбыз деп чоң, кара, майлуу тамгалар менен олчойто жазышат. 23-24 жаштагы бүтүрүүчүдө кайдагы беш жылдык тажрыйба? 23-24 жашта беш жылдык тажрыйбага ээ болуш үчүн мектепке 3-4 жашында барып, 11 жыл окуп, анан төрт жыл бакалаврда окуп, бакалавр даражасын 18 жашында алар замат магистратурага тапшырып, анда да окуп, ошол эле убакта бир жерде иштешиң керек.

Азыр жогорку билим бакалавр даражасы эмес, магистр аркылуу эсептелип калган. Беш жылдык тажрыйбаң болсо дагы, азыркы кыргызстандык жумуш берүүчү үч айдан кем эмес бекер стажировка өтүүгө аргасыз кылат. Стажировканы өтсөң эле ал ишкана сени жумушка алат деген 1 пайыз кепилдик да жок.

Алмазбек Дүйшөбаев, Борбор Азиядагы Америка университетинин Эл аралык жана салыштырма саясат адистигинин үчүнчү курсунун студенти.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG