Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Катылган акчаны ачкан "Бейиш барактары"


АКШнын соода министри Уилбур Росс
АКШнын соода министри Уилбур Росс

АКШнын соода министри Уилбур Росстун ишканасы Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын адамдар менен кызматташары аныкталды. Ошондой эле Британиянын ханышасы Елизаветанын 13 миллион доллары офшордо айланып жүргөнү маалым болду.

Мындай маалыматтарды иликтөөчү журналисттердин ICIJ эл аралык консорциуму жарыялаган.

Документтерде «Газпром» жана ВТБ Банк сыяктуу орус өкмөтүнө таандык мекемелер АКШнын технологиялык компанияларына ири инвестицияларды жасаганы да көрсөтүлгөн.

Жалпысынан жүздөн ашык дүйнөлүк лидерлер жана саясатчылардын офшордук операцияларын ашкерелеген 13 миллиондон ашык документ ачыкка чыкты. Ал документтер Appleby жана Asia City аттуу эки офшордук компанияга, ошондой эле Багам аралдары, Бермуд сыяктуу 20дай офшордук аймакта ишканаларды каттаган 19 мекемеге таандык.

Paradise Papers, кыргызча айтканда «Бейиш барактары» долбоорго дүйнө жүзүндөгү 96 медиа каражаты катышкан. Документтерди 67 өлкөдөгү 380ден ашуун журналист талдап чыгышкан. Аны алгач Sueddeutsche Zeitung немис гезити The Guardian, BBC жана The New York Times маалымат агенттиктери менен чыгарышкан.

"Бейиш барактары" саясатчылардын бетин ачууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:32 0:00

Бул офшордук эсептерге байланыштуу бир дагы мыйзамсыз аракеттер азырынча аныкталбаганы менен АКШнын соода министри Росстун Орусиядагы кызыкчылыктары АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясына айтылып келген айыптарды тастыктап, кызыкчылыктар кагылышы боюнча ызы-чууну ырбатышы мүмкүн.

Былтыр Москва АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен жана Трамптын өнөктөштөрү Орусия менен көмүскө сүйлөшүп алышкан деген шектер менен бир катар иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Трамп буга моюн бербей, мындай айыптоолорду четке кагып келген.

Документтерде миллиардер-инвестор Росс кызматка келгенден кийин деле Владимир Путиндин өнөктөштөрү менен кызматташып келгени көрсөтүлгөн. Росстун Navigator Holdings деген компанияда үлүшү болгону, ал Орусиянын «Сибур» энергетикалык фирмасына газ ташый турганы белгилүү болгон.

«Сибур» фирмасы Путиндин досу Геннадий Тимченкого жана күйөө баласы Кирилл Шамаловго таандык», деп маалымдайт New York Times.

Росстун Navigator Holdings компаниясындагы үлүшү ал Ай үйгө кызматка келгенде азайган. Азыркы үлүшү 2-10 миллион долларга бааланган.

АКШнын Соода министрлигинин өкүлү Жеймс Рокэс "Росс Navigator ишканасынын «Сибур» компаниясы менен кызматташуу боюнча чечимине кийлигишкен эмес, ал убакта, азыр дагы «Сибур» санкцияга алынган эмес. Росс эч качан «Сибур» компаниясынын акционерлери менен жолуккан эмес, алардын ортосундагы мамилени дагы билген эмес", - деп билдирген.

Орусиялык инвестордун АКШдагы изи

Иликтөөчүлөрдүн документтеринде АКШдагы Силикон өрөөнүндөгү технологиялык долбоорлорго инвестор, орусиялык Юрий Милнер Орусиянын ВТБ банкынан 191 миллион доллар алып, аны Twitter компаниясына салганы айтылган. New York Times Орусия ВТБ банкын «саясий стратегиялык иштер» үчүн колдоноорун жана бул операциялар бир катар офшордук ишканалардын артында жашырылганын жазып чыккан.

Ошондой эле «Газпром» компаниясынын туунду ишканасы Милнердин компаниясы аркылуу Facebook компаниясына 1 миллиард долларга бааланган үлүшүн алганы маалым болгон. Милнер «Газпром Инвестхолдинг» компаниясынын буга тиешеси жоктугун айткан.

АКШнын чалгындоо кызматтары былтыр Америкадагы шайлоо системасына ишенимди бузуу, Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду каралоо жана Дональд Трампты коргоо үчүн Facebook, Twitter жана башка социалдык тармактарда атайын иштер жүргүзүлгөнүн, алар Кремль тарабынан уюштурулганын айтып чыгышкан. Милнер шайлоого эч качан кийлигишпегенин, анын инвестициялары саясатка байланышпаганын айтып, айыптоолорду четке каккан.

Андан тышкары жакында эле Милнер Трамптын күйөө баласы жана кенешчиси Джаред Кушнердин Cadre фондуна 850 миң доллар бергени ачыкталган. Буга Милнер өз акчасын колдонгонун билдирген.

Ал эми британ ханышасы Елизаветанын Кайман жана Бермуд аралдарында 13 миллион доллары офшордо айланып жүргөнү мыйзамсыз эмес, бирок Британияга инвестиция кылбай, салыктан качканы коомчулукта сын жаратышы мүмкүн.

ICIJ эл аралык консорциумунун былтыркы "Панама барактары" деген иликтөөсү да бир катар дүйнөлүк лидерлердин офшордук компаниялардагы изин таап чыгып, алардын кызматтан кетишине түрткү берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG