Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Украина Орусия активдүү согуш зонасын 70 чакырымга кеңейткенин билдирди


Украина.
Украина.

Орусиянын соңку суткадагы чабуулдарынан Украинада төрт киши каза болгонун, дагы 20 киши жараат алганын «Азаттыктын» украин кызматы бүгүн 17-майда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянып билдирди.

Донецк, Херсон жана Харьков облустарынын бир нече шаар-кыштагы авиачабуул алдында калганы, үйлөр, медицина мекемелери талкаланганы кабарланды.

Жумага караган түнү жана таңга жуук Орусия бир нече аймакты учкучсуз согуштук учактар менен аткылаганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Харьков, Полтава, Винницы, Одесса жана Николаев облустарына жалпысынан 20 Shahed дрону менен чабуул коюлду, алардын баары атып түшүрүлдү.

Орусия Украинаны резервдеги бригадаларын да согуш талаасына чыгарууга мажбурлоо үчүн активдүү согуш аракеттеринин зонасын дээрлик 70 чакырымга кеңейткенин Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы Александр Сырский билдирди.

«Алдыда оор кармаш болорун, душман ошого даярданып жатканын биз түшүнүп турабыз», – деп жазды ал Телеграмга.

Фронттун Харьков багытында Старица калктуу пунктунун жанында кармаш жүрүп жатканын, Волчанск шаарында абал көзөмөлдө экенин 17-майда эртең менен маалымдаган Башкы штаб соңку суткада 60 жерде кагылышуу болгонун, анын 20сында уруш уланып жатканын билдирди.

Харьков облусунда абал жалпысынан көзөмөлдө экенин, бирок бул багыт «өтө татаал» болуп турганын өлкө президенти Владимир Зеленский 16-майда фронттогу кырдаал боюнча жыйында билдирген. Жыйын кармаш жүрүп жаткан тилкеге жакын аймакта өткөн.

Украин армиясы Волчанск шаарынын аймагынан аскерлерин аман сактап калуу үчүн "башка позицияларга өткөрүлгөнүн" 15-майда билдирген. Ал арада орус күчтөрү калаага киргени кабарланган. Орус армиясы Волчанск шаарына чабуулун 10-майда күчөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG