Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Молдова: Президенттик шайлоо күнү ЕБ боюнча референдум да өтөт


Молдова парламенти. 2024-жылдын 16-майы.
Молдова парламенти. 2024-жылдын 16-майы.

Молдова парламенти кезектеги президенттик шайлоону жана Европа Биримдигине мүчөлүк тууралуу референдумду 20-октябрга дайындады. 16-майда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында евроинтеграция маселесин жалпы элдик референдумга чыгаруу сунушун 101 депутаттын 56сы колдоду, көпчүлүктү бийликтеги «Аракет жана тилектештик» партиясынын депутаттары түздү.

Быйыл апрель айында өлкөнүн Конституциялык соту Баш мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон. Аларга ылайык, Молдованын Конституциясы «Европалык интеграция» деген өзүнчө бөлүм менен толукталат. Анда «Евробиримдиктин уюмдаштыруучу келишимдерине жана негиздөө келишимдерин кайра карап чыгуу актыларына кошулуу жөнүндө» деген берене болот. Өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам Конституциялык сот референдумдун жыйынтыгын расмий түрдө тааныгандан кийин күчүнө кирет.

Ал эми ушул эле күнү өтө турган президенттик шайлоого азыркы мамлекет башчы, батышчыл саясатчы Майя Санду да катышары белгилүү болду. Ал Молдованын президенти болуп 2020-жылы шайланган, кызмат мөөнөтү 24-декабрда аяктайт.

Өлкөнүн орусиячыл саясатчылары, парламенттеги социалисттик жана коммунисттик оппозиция Сандуга атаандаш бирдиктүү талапкерин алып чыгуу тууралуу сүйлөшүү баштаганын билдиришти.

2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрүдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда.

Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылдын 14-декабрында башталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG