Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Словакияда Кыргызстандын элчилигин ачуу сунушу айтылды


ЖК депутаттарынын мекендештер менен жолугушуусу. 2024-жыл, май.
ЖК депутаттарынын мекендештер менен жолугушуусу. 2024-жыл, май.

Словакияда иштеп жаткандар мигранттар бул өлкөдө Кыргызстандын элчилигин ачуу демилгесин көтөрүштү. Бул тууралуу сунуш Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттардын Австриядагы расмий сапары учурунда айтылды.

Шакиевдин Фейсбук баракчасына жазганына караганда, сапар алкагында эл өкүлдөрү Австрия, Чехия жана Словакия мамлекеттеринде жашаган мекендештерге жолугушту. Словакияда 4 миңге чейин кыргызстандык жашап, иштейт. Спикер калктын социалдык абалын жакшыртып, бакубат мамлекетти куруу менен чет жерде эмгектенип жаткан жарандарды мекенге кайтаруу Кыргызстандын максаты экенин белгиледи.

"Австрия баштаган Европанын өлкөлөрүндөгү алдыңкы окуу жайларында билим алып, ири компанияларда иштеп жаткан мекендештерибиз арбын экени өтө кубандырды. Бирок Кыргызстан силерди дайым күтөт. Бул жактан алган билимиңерди жана топтогон тажрыйбаңарды мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн жумшап, ири реформаларды ишке ашырууга салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин”, - деди Шакиев.

Жолугушуу ортомчу агенттиктер аркылуу чет өлкөлөргө ишке орношуу ар кандай тобокелдиктер менен коштолуп жатканы белгиленип, аларды жөнгө салуу маселеси айтылды.

Төрага бул жаатта тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн маалымдап, чет жерде ишке орноштуруу маселесине байланышкан мамлекеттик механизмди иштеп чыгуу каралып жатканын билдирди. Кыргызстандыктар менен жолугушууга депутаттар Элдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева, Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев катышты.

2023-жылы атайын келишимдин негизинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу чет мамлекеттерге жумушка жөнөтүлгөндөрдүн саны 18 миң 230 адамдан ашкан. Быйыл жыл башынан бери 1150гө жакын киши чет өлкөдө жумушка орношкон.

Украинадагы согуш жана эреже-талаптардын катаалдашуусу Орусиядан көптөгөн мигранттарды чыгып кетүүгө аргасыз кылууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги соңку бир жылда Орусиядан дээрлик 180 миңдей кыргызстандык чыгып кеткенин ырастаган. Учурда Европанын ар кайсыл өлкөлөрүнө барып иштеген кыргызстандыктардын саны өстү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG