Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун вице-президенти Никола Карим Аскат Алагөзов менен жолукту


Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жана “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жетекчилери.
Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жана “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жетекчилери.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” вице-президенти Никола Карим Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу сөз болгонун Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал өлкө башчысы "жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдун турмушундагы маанилүүлүгүн ар дайым белгилеп келерин" айткан. Мындан тышкары жолугушууда өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү талкууланган.

"Окуяларды тең салмактуу чагылдыруу, ошондой эле коомчулук үчүн позитивдүү жаңылыктардын үлүшүн жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду", - деп жазган Алагөзов.

Никола Карим "Азаттык" радиосу эл аралык журналистиканын стандарттарына ылайык болуп жаткан окуяларды чынчыл, так жана бейтарап чагылдырып келе жатканын жана ишти ушул нукта улантарын белгиледи. Ал медианын редакциялык саясатына эч ким кийлигише албасын айтып, аудиториянын кызыкчылыгы жана аларга сапаттуу маалымат жеткирүү негизги баалуулук экенин айтты.

Жолугушууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысы Хамид Исмаилов, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева жана "Азаттыктын" Бишкек бюросунун башчысы Бакытбек Асанов катышты.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз каранды эмес “Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, телевидение, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG