Ош облусундагы Ош - Сары-Таш - Эркечтам автоунаа жолунун 259-261-чакырым аралыгында карлардын эришинен улам дарыянын деңгээли жогорулап, каттам үчүн кыйынчылык жаратты.
Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады. Аталган мекеме учурда жол убактылуу жабык экенин билдирди.
Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар дарыянын нугун жөнгө салуу аракеттери көрүп жатат.
Ал эми Ош - Сары-Таш - Эркечтам автоунаа жолунун 55-59-чакырымдар аралыгындагы сел түшкөн жерлер тазаланып, каттам жанданган. Жолдун 134-135-чакырымдар аралыгында да суунун нугун буруу, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тилкеде каттам бар экени, кошумча маалымат берилери айтылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 16-майда кечки саат 21:00 чамасында аталган жолдун 56-58-чакырым аралыктарында сел жүргөн. Мекеменин Алай району боюнча бөлүмү жолду тазалоо ишине тартылган. Табигый кырсыктан жабыркагандар жок.
Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген.
Министр алдыңкы күндөрү дагы бир аптадай жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскерткен. (КЕ)