Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Кыргызгидромет кызматы 18-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөй турганын билдирди.

Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңголок жана тайгак болушу мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25;

Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26;

Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 22...27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз түшкө чейин жаан жаабайт. Түштөн кийин күн күркүрөп, нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнү 14…16°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG