Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Евробиримдик Иранды "өзөктүк траекториясын артка кайтарууга" үндөдү


Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Жозеп Боррел жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян.
Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Жозеп Боррел жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян.

Европа Биримдиги (ЕБ) АКШнын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) Ирандын дарегине жолдогон өзөктүк курал иштеп чыкпоо жөнүндөгү чакырыктарын колдойт. Бул тууралуу 16-майда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Евробиримдик өкүлү Питер Стано билдирди.

"Биз Иранды өзөктүк траекториясын артка кайтарууга жана МАГАТЭ менен кызматташууну тез арада жакшыртуу сыяктуу конкреттүү кадамдарды жасоого чакыра беребиз”, — деди ал.

Иран өзөктүк программасы жарандык тынч гана максатты көздөй турганын билдирип келет, бирок соңку апталарда ал кааласа өзөктүк доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн деген кооптонуулар расмий айтыла баштады.

Дүйнөлүк державалардын (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ + Германия) Иран менен сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталып, 2015-жылы биргелешкен комплекстүү иш планы (JCPOA) деп аталган орчундуу келишим кабыл алынган. Ага ылайык, Тегеран санкциялардан арылуу үчүн өзөктүк программасын чектемей болгон.

Бирок АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын чечими менен Кошмо Штаттар бул келишимден чыгып, 2018-жылы кайрадан Иранга каршы санкциялар жарыялаган. Натыйжада Иран өзөктүк программасын кеңейтип, МАГАТЭнин инспекцияларына чектөө койгон.

JCPOA планы боюнча биргелешкен комиссиянын координатору болгон Евробиримдик 2021-жылдан 2022-жылга чейин Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасына ортомчулук кылган.

27 мүчөсү бар МАГАТЭ 2022-жылдын августунда келишимди кайрадан иштете баштоо долбоорун сунуштаган, бирок Тегеран менен Вашингтон "ашыкча талап коюп жатат" деп бирин бири айыптап, натыйжада сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган. (RK)

XS
SM
MD
LG