Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Дүйнөнүн тең байлыгы сегиз адамдын колунда


Дүйнөдөгү чириген байлардын сегизи.
Дүйнөдөгү чириген байлардын сегизи.

Мультимиллиардерлердин байлыгы дүйнөдөгү 3 миллиард 600 миллиондой адамдын же адамзаттын жарымынын жалпы байлыгына барабар.

Чириген байлардын алдыңкы сегизи чогулткан дүнүйө 7 миллиарддан ашуун калктын жарымынын байлыгына барабар экенин эл аралык Oxfam уюму соңку баяндамасында атайын белгиледи.

Баяндама 17-январда Швейцариянын Давос калаасында ачылган Дүйнөлүк экономикалык форумду утурлай жарыяланды.

Байкоочулардын баамында, төрт жыл мурда дал ушул форумга чогулгандар байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымды социалдык туруктуулуктун эң чоң коркунучу экенин моюнга алышкан, ага улай Дүйнөлүк банк үч жыл мурда жакырчылыкты азайтуу максатын алдыга койгон. Андан бери дүйнөлүк лидерлердин каадалуу жыйындардан калбаган теңсиздикти кыскартуу аракетине карабастан, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым, тескерисинче, өрчүп баратканын аналитиктер айтып эле келатышат.

Oxfam уюмунун өкүлү Метью Спенсердин пикиринде, ушу тапта дүйнөлүк экономиканын пайдасын калктын бир пайызы гана көрүп атат:

- Биздин экономикалык системабыз кедеринен кеткен. Пайданы калктын бир гана пайызы көрүп атат. Система өзү калктын 99% эмес, бир пайыздын кызыкчылыгы үчүн курулган. Ошол себептен саналуу миллиардерлердин байлыгы дүйнө калкынын жарымынын байлыгына барабар.

Oxfam'дын ырасташынча, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым дүйнө жүзү боюнча күтүүсүз саясий бурулуштарга алып келүүдө. Анын айныксыз мисалы катары баяндамада АКШда күтүүсүздөн Дональд Трамптын жеңиши, Филиппинде бийликке Дутертенин келиши жана Британиянын Евробиримдиктен чыгышы келтирилген.

Дүйнөдөгү 700 миллиондон ашык адам жакырчылыкта жашайт.
Дүйнөдөгү 700 миллиондон ашык адам жакырчылыкта жашайт.

Аналитиктердин пикиринде, 1990-2010-жылдары жардылардын кирешеси көбөйсө, ушу тапта дүйнөдөгү 700 миллион адам жакырчылыкта жашабайт эле. Бей-бечаралардын көбүн аялдар түзөт.

Forbes журналынын соңку эсептөөсүнө караганда, азыр дүйнөдө чириген бай миллиардерлердин саны 1810го жетет. Алардын 89% эркектер жана алардын жалпы байлыгы 6,5 триллион долларды түзөт.

Эксперттер айрым миллиардерлер капиталды талыкпаган эмгеги, жөндөмү менен чогултса, күркүлдөрдүн үчтөн биринин байлыгы атасынан мураска калганын белгилешет. Oxfam уюмунун кеңешчиси Макс Лоусон миллиардерлердин 43% жакыны байлыкка жакындарынын мыйзамсыз калкалоосу, колдоосу аркылуу ээ болгонун айтат:

- Көптөгөн миллиардерлер оффшорлорду колдонуу менен кирешесин бийликтерден катып, дээрлик салык төлөшпөйт. Айрым миллиардерлер алардын катчысы же үй тазалоочусу төлөгөн салыкка салыштырмалуу абдан аз салык төлөй турганы бизге маалым. Бул нерсе акылга сыйбайт. Биз жогору жакта байлык кантип топтолуп жатканын көрүп атабыз.

Эгер миллиардерлер ушул эле ыргак менен байый берсе жакынкы 25 жылда биринчи триллионер пайда болору болжолдонууда. Ошол эле маалда ар он кишиден бирөө бир күндө эки долларга жетпеген акчага күн өткөрүп, өлбөстүн күнүн кечирүүдө, деп белгиленет Oxfam уюмунун билдирүүсүндө.

Дүйнөдөгү эң бай сегиз адамдын бардыгы эркектер, алардын көбү жаңы технологиялардын арты менен опсуз байлык топтоого жетишкендер.

Сап башында америкалык мультимиллиардер, Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс турат. Анын байлыгы 75 миллиард долларды түзөт.

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, испаниялык миллиардер Амансио Ортега.
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, испаниялык миллиардер Амансио Ортега.

Экинчи орунда Zara жана башка кийимдер тармагы кирген испаниялык Inditex компаниясынын негиздөөчүсү Амансио Ортега турат. Анын байлыгы 67 миллиард долларды түзөт.

60,8 миллиард доллар байлыгы менен америкалык Berkshire Hathaway компаниясынын башкы директору жана ири акционери Уоррен Баффет үчүнчү орунду ээлейт.

Grupo Карсо компаниясынын ээси, мексикалык Карлос Слим Хелунун байлыгы 50 миллиард долларды түзөт.

Сегиз эң бай адамдын катарындагы төртүнчү орунду 45,2 миллиард доллары менен Жефф Безос ээлейт. Ал онлайн соодасын түптөп өрчүткөн Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы аткаруучу директору.

Көптөргө таанымал Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана башчысы Марк Цукерберг 44,6 миллиард доллар байлыгы менен алтынчы орунда.

Oracle компаниясынын аткаруучу директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Эллисон да ушул тизмеде жетинчи орунда турат. Анын байлыгы 43,6 миллиард долларга барабар.

Коммерциялык маалымат топтоп кардарларга сунуштаган Bloomberg LP компаниясынын кожоюну, негиздөөчүсү жана башкы директору Майкл Блумберг тизмени жыйынтыктайт. Анын байлыгы 40 миллиард доллар деп жазылат Oxfam уюму жарыялаган тизмеде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG