Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Давосто төртүнчү ыңкылап талкууланууда


Давос: Төртүнчү индустриалдык ыңкылап
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Швейцариянын Давос калаасында салтка айланган дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жатат. Бизнес элита жана саясий лидерлер чогулган мартабалуу жыйындын быйылкы башкы темасы - төртүнчү индустриалдык ыңкылапка ылайыкташуу. Дүйнө ага качан баш багат жана бул эмнени билдирет?

Тарыхта буга чейин индустриалдык ыңкылаптардын биринчисинде суунун күчү жана буу өндүрүштү механизациялоого жол ачылган эле.

Экинчи ыңкылапта массалык өндүрүштү уюштуруу үчүн электр кубаты колдонулган.

Ал эми үчүнчү индустриалдык ыңкылапта электроника, информациялык технологиялар өндүрүштү автоматташтырып берди.

Эми алдыдагы төртүнчү ыңкылапта, Дүйнөлүк экономикалык форумдун төрагасы Клаус Шваб белгилегендей, дүйнө физикалык, санариптик жана биологиялык дүйнө ортосундагы чек араларды жойгон же тааныбаган технология келет. Башкача айтканда, бул үч чөйрөдөгү технология биригип, аралашып кетет.

Дүйнөнүн эң ири автоөндүрүүчүлөрүнүн бири, америкалык GM компаниясынын башкаруучусу Мэри Барра ( Mary Barra) форумда айдоочусу жок автоунаа азыр илимий фактыга айланганын белгилөө менен буларга токтолду:

- Биз индустриалдык ыңкылаптын башталышындабыз. Байланыштын бирдейлиги, электрофикациянын жана керектөөчүлөрдүн муктаждыгы улам өзгөрүп жатышынан улам автомобиль өндүрүшүндө бул чындап алга жылууда. Окшоштук “Женерал Моторс” сыяктуу автоөндүрүүчүлөрдү буга чейинкилерден кыйла таза, коопсуз, акылдуу, энергияны бир топ үнөмдөгөн автомобилдерди иштеп чыгууга түртүүдө. Биз бул өзгөрүүлөр аттан аттын күчүнө өткөн кездегидей эле маанилүү деп эсептейбиз.

Адамды робот менен алмаштыруу

Буга чейинки соңку, үчүнчү индустриалдык ыңкылап өткөн кылымдын экинчи жарымынан кийин компьютерлештирүүдөн башталып, арты санариптик технология менен уланса, Дүйнөлүк экономикалык форум өз сурамжылоолоруна таянуу менен, төртүнчү ыңкылаптын башталышы катары 2025-жылдарды атоодо.

Бирок төртүнчү индустриалдык ыңкылапта жеңүүчүлөр менен катар жеңилүүчүлөр да болот:

- Төртүнчү индустриалдык ыңкылаптан улам экономикада сальдо жаралат. Маселе ал мамлекеттер ортосунда, түрдүү экономикалык катмардагы адамдар ортосунда, экономиканын түрдүү бөлүктөрү ортосунда канчалык теңме-тең бөлүнөрүндө, - деди форумдагы сөзүндө Microsoft корпорациясынын башкаруучусу Сатья Наделла (Satya Nadella)

Жаңы ыңкылап товардын жана кызмат көрсөтүүнүн баасын арзандатат, экономикалык өсүштүн жаңы толкунуна дем берет деп күтүлгөн менен ошол эле учурда массалык жумушсуздук жаратпайбы, корпорациялар менен элдин ортосундагы буга чейин ансыз эле бузулган мамилени курчутпайбы деген камтамачылык да бар.

Анткени, төртүнчү индустриалдык ыңкылаптын технологиясы, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү секторундагы иштерди азыркыдан да автоматташтырып сала алат.

Давосто көргөзүлгөн акылдуу роботтордун бири. 20-январь, 2015-жыл.
Давосто көргөзүлгөн акылдуу роботтордун бири. 20-январь, 2015-жыл.

Дүйнөлүк экономикалык форум өзү 2020-жылга карата ири он беш экономикада беш миллиондон ашуун жумушчу орун жоголот деп эсептесе, Оксфорд университетинин окумуштуулары АКШда иш орундарынын 47%, Британияда 35% кийинки 20 жылда технология менен алмашуу тобокелдиги бар деп болжолдогон.

Бирок ManpowerGroup деген компаниянын башкаруучусу Жонас Прайсинг (Jonas Prising) технология жумуш орундарын талкалайт деген коркунуч жаңы эместигин эске салып, "эгер тарых мунун индикатору болсо акыр-аягында жоголгон жумушчу орундарга караганда жаңысы көбүрөөк түзүлөт",- деп белгиледи.

Бирок төртүнчү ыңкылап жаратуучу жумуш орундары билимди жана чеберчиликти талап кылат:

- Байланыш, маалымат дүйнөнү байыраак кармоо үчүн гана керек. Дүйнөдө азыр буга жетпеген төрт миллиард адам бар. Алар мына ушул мүмкүнчүлүктү артканда билимдүүрөк болот, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет, жашоосунун сапаты жакшырат, - деди Фейсбук компаниясынын башкаруучу директору Шерил Сэндберг (Sheryl Sandberg).

Жакырлардан байларга пайдасы

Британдык “Гардиан” басылмасы башкеңсеси Швейцариядагы UBC банкы Давос форумуна тушташ жарыялаган баяндамага таянып жазгандай, төртүнчү индустриалдык ыңкылапта дүйнөнүн жакыр катмарына караганда бай катмары көбүрөөк пайда тапчудай.

Анткени, автоматташтыруунун өтө жогорку деңгээли өнүгүп келе жаткан жана өнүккөн дүйнө ортосундагы байлык ажырымын кеңейтет. Өнүгүп келе жаткан дүйнө бүгүнкү атаандаштыктагы артыкчылыгын –арзан жумушчу күчү факторун жоёт.

Британиядагы Oxfam кайрымдуулук уюму Давос форумун утурлай жарыялаган баяндамасында кирешелердеги ажырым күчөп кеткенин, дүйнө калкынын 1% калган 99% көп байлыкка ээ болуп калганын эскерткен эле.

Форумдун шаршемби күнкү отурумунда Рим папасы Франциск да сөз сүйлөп, саясий лидерлер менен бизнес элитаны теңсиздик маселесине көңүл бурууга, адамдар роботтор, "жансыз машиналар" менен алмаштырылуусуна жол бербөөгө, жакырларды унутпоого чакырды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG