Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:23

Савицкая: Коррупция менен куугунтук үзөңгүлөш жүрөт


“Коррупцияны кабылдоо индекси-2017” деп аталган баяндамада мурдагы жылдарга караганда Кыргызстандын көрсөткүчү бир баскычка жакшырган.

Жарандык эркиндик чектелип, журналисттер куугунтукталган жерде коррупция күч. “Трансперенси Интернешнл” уюму коррупция тууралуу жаңы баяндамасында дал ушундай тыянакка келди.

21-февралда жарыяланган “Коррупцияны кабылдоо индекси-2017” деп аталган баяндамада мурдагы жылдарга караганда Кыргызстандын көрсөткүчү бир баскычка жогорулап, Орусия, Парагвай, Жаңы Гвинея, Мексика, Лаос, Гондурас жана Доминика Республикасы менен бирдей орун алган.

Уюмдун Борбор Азия боюнча координатору Светлана Савицкая “Азаттык” үналгысына курган маегинде бир тепкич жогорулоо олуттуу жылыш эместигин айтты.

“Азаттык”: “Трансперенси Интернешнл” эл аралык уюму (Transparency International) дүйнөдөгү коррупцияны кабылдоо деңгээлин талдаган жаңы баяндамасын чыгарды. Алгач бул баяндаманын өзөктүү жерлери менен тааныштырып өтөсүзбү? Жалпы кырдаал кандай?

Светлана Савицкая: Жалпы абал көңүл жылытаарлык эмес. “Коррупцияны кабылдоо индексибиз” ачыкка чыгаргандай, дүйнөдө коррупциянын тамырын кыркууну көздөгөн айрым иш-аракеттерге карабай, көпчүлүк өлкөлөр чабалдык кылып жатышат. Албетте, коррупция өтө татаал маселе. Аны жоюу үчүн ондогон жылдар керек. Бирок иш жүзүндө анчейин чоң аракет деле жасалбаганын көрүп жатабыз. Өзгөчө коррупциялашкан өлкөлөр чын дилден күрөшкөнү байкалбайт.

“Азаттык”: Сиздердин баяндамада айтылгандай, дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн экисинде же дээрлик 65 пайызында коррупциянын деңгээли өтө жогору экен. Жемкорлукка каршы чабал күрөшкө эмне себеп болуп жатат?

Светлана Савицкая
Светлана Савицкая

Светлана Савицкая: Ар бир өлкөдө ар башка себептер бар. Анткени алардын саясий түзүмү, маданияты бири-биринен айырмаланып турат эмеспи. Ошол эле учурда окшоштуктарды тапса болот. Быйыл индекстин жыйынтыгына дагы терең анализ жасадык. Ага ылайык, биздин баяндамада төмөнкү упайларды алган өлкөлөрдүн маалымат каражаттарын жана бейөкмөт уюмдарын коргоо маселесиндеги көрсөткүчтөрү да начар экени аныкталды.

Тактап айтканда, жалпы эркиндиктерди, басма сөз эркиндигин чектөө, жарандык коомдун өкүлдөрүн, иликтөөчү журналисттерди басмырлап куугунтуктоо сыяктуу көрүнүштөр менен коррупциянын ортосунда байланыш бар. Бул быйылкы “Коррупцияны кабылдоо индексинин” негизги тыянактарынын бири болуп калды.

“Коррупцияны кабылдоо индексибизде” Кыргызстандын көрсөткүчү бир баскычка гана жакшырган. Бул эч нерсе жок дегенди билдирет. 1 же 2 упай алгылыктуу өзгөрүү жоктугун көрсөтөт.

“Азаттык”: Мындай бүтүмгө келүүгө дүйнөдөгү кайсы өлкөлөрдүн мисалдары негиз берди?

Светлана Савицкая: “Коррупцияны кабылдоо индексин” карап көрсөңүз, андагы аз упай алган же коррупция жогору болгон өлкөлөрдүн көбүндө авторитардык режим өкүм сүрөт. Ал өлкөлөрдө укук бузуулар кенен жайылган. Мисалы, Бразилия быйылкы индексте 100дөн 37 упай алды. Бул өлкөдө соңку алты жылда 20 журналист киши колдуу болгон. Ошондой эле жергиликтүү өкмөттүн коррупциялык аракеттерин жана маңзатка байланыштуу кылмыштарды иликтеген журналисттер куугунтукталып жатат. Журналисттер болгону өз ишин аткарганы үчүн бутага алынууда.

“Азаттык”: Сиздердин соңку баяндамаңыздарда Батыш Европанын көрсөткүчтөрү “эң жакшы” деп белгилениптир. Начар көрсөткүчкө ээ болгон аймактардын арасында Чыгыш Европа менен Борбор Азия да бар экен. Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда жемкорлукту жоюуга кедергисин тийгизген кандай себептерди атай аласыздар?

Светлана Савицкая: Биринчиден, саясий эрктин жетишсиздиги. Бийликтеги адамдардын, өкмөттүк агенттиктердин ишинде да ачык-айкындуулук жетишпейт. Мамлекеттик бюджеттин кандай, кайсы жакка коротулганы ачык эмес. Түрдүү себептер бар. Сот системасы да коррупциялашкан.

Соңку мезгилде жарандык коомдун эркиндигин кыйла чектеген, иликтөөчү журналисттерди куугунтуктаган аракеттер байкалууда. Мунун баары маселени чечпестен, анын көбөйүшүнө себепчи болуп жатат.

“Азаттык”: Бирок кыргыз бийлиги коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын айтып, коррупцияны жок кылабыз деп убада кылып жатпайбы. Эгер сиздердин индекстеги Кыргызстандын көрсөткүчтөрүн талдасак, коррупцияга каршы күрөштө жылыш барбы, байкалабы?

Светлана Савицкая: Чындыгында, жок. “Коррупцияны кабылдоо индексибизде” Кыргызстандын көрсөткүчү бир баскычка гана жакшырган. Бул эч нерсе жок дегенди билдирет. 1 же 2 упай алгылыктуу өзгөрүү жоктугун көрсөтөт. Биздин индексти 2012-жылдан берки көрсөткүчтөргө салыштырып көрсө болот. Аларда Кыргызстан же Казакстанда эч жылыш байкалбайт. Көрсөткүч жакшырды дегенге негиз берген өзгөрүүлөр да жок. Бир жылы алар бир упайга көтөрүлсө, экинчи жылы кайра 1 же 2 упайга артка кетет.

Албетте, өкмөттөр убада беришет. Балким алар чындап эле коррупцияны токтотолу деген жакшы ниет менен да убадасын айтып жатышкандыр. Бирок, менимче, аларда коррупция тууралуу түшүнүк абдан тар. Алар коррупция дегенде мамлекеттик кызматкерлер арасындагы паракорчулукту элестетишет. Эгер пара алган адамды соттосок, коррупция маселесинде жылыш жасайбыз деп ойлошот. Бирок маселе бир гана анда эмес. Анткени коррупция өтө таатал маселе. Ал комплекстүү мамилени талап кылат.

Быйылкы баяндамабызда белгилегенибиздей, жарандык активдүүлүк жана басма сөз эркиндигинин абалы менен коррупциянын ортосунда жакын байланыш бар. Өкмөт медиага канчалык көп эркиндик берсе, жарандык коомго ачык-айкындык тармагында иш алып барууга канчалык көбүрөөк мүмкүнчүлүк берсе, андай өкмөттүн абалды жакшыртуу, коррупцияны азайтуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук жогору болот. Бул кыска мөөнөттө болбосо да узак мөөнөттө сөзсүз натыйжасын берет. Албетте, жемкорлуктун тамыры бир күндө кыркыла койбойт. Бирок биз медиага жана жарандык коомго чындап эркиндик беришибиз керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG