Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:01

Депутаттын кармалышы: бийликтин аброю талкууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты аткезчиликке, трансулуттук кылмыштуу топко аралашууга байланыштуу шектүү катары кармалышы талкуу жаратууда.

Алматынын Алмалы райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулун, аны менен бирге кармалган Улан Мурадиловду жана Чыңгыз Абакировду Казакстандын Кылмыш кодексинин “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка предметтерди алып өтүү” жана “Трансулуттук уюшкан топко же трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде эки айга камакка алууга чечим чыгарды.​

Ушул маселе “Арай көз, чарай” берүүсүндө талкууланды. Ага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, профессор Жамгырбек Бөкөшев жана мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эсперттер, Жогорку Кеңештин бир депутатынын кошуна Казакстанда өтө оор кылмыштарга байланыштуу шек саналып, эки айга камакка алынышын сиздер кандай кабыл алдыңыздар? Бул факты боло жүрчү окуябы же эки мамлекеттин мамилесине көлөкө түшүрчү чагымчыл ишпи? Деги бул көрүнүштүн тамыры, төркүнү кайда?

Жамгырбек Бөкөшев: Бул - өтө өкүнүчтүү окуя. Жогорку Кеңеш - өлкөдө бийликтин бир бутагы, мыйзам чыгаруучу орган. Элдин эркин, бийлигин ишке ашырган орган. Анан ошол бийликтин өкүлү кылмыштуу ишке шектүү катары аты аталып жатышы азыркы кыргыз бийлигинин ал-акыбалын, аны аткарып жаткандардын ким экендигин ачыкка чыгарып койду. Коррупция башка мамлекеттерде деле бар, бирок, бизде бул маселе курч мүнөздө экендигин көрсөтүп турат. Албетте, бул иштин чын-бышыгы такталар, жыйынтыгына чыгышат. Мындай көрүнүштөр "Кыргызстанда бийликти кантип түзүп жатабыз, бийликке кантип келип жатабыз?" деген суроолор курч тургандыгын айтып турат. Биз абалды ондоонун жолдорун издеп, олуттуу чечимдерге барбасак, ушундай фактыларга көбүрөөк кабылышыбыз мүмкүн.

Жамгырбек Бөкөшев.
Жамгырбек Бөкөшев.

Аликбек Жекшенкулов: Бул жалпы мамлекеттин, бийликтин аброюна шек келтирген, уят маселе болду. "Ал депутат шайланып келген “Кыргызстан” партиясынын аброю кандай?" деген суроону да жаратат. Бир нерсени так айтып коёлу - бул маселе, менимче, кыргыз-казак мамилесине эч качан шек келтирбейт. Эмне себептен? Казакстандын Башкы прокуратурасы “Биз бул маселени көптөн бери изилдеп, талдаганбыз, аныктаганбыз” деп так, анык айтты. Далилдебесе алар ачык алып чыкпайт болчу, тез эле беренелерин койбойт болчу. Эгер сөз болуп жаткан депутат мурда Казакстан жөнүндө жаман сөздөрдү айтып жүрсө, кошуна өлкөгө каршы башка бир саясий чабуулдарга катышып жүргөндөн кийин камалса - анда маселе башка болмок. Ошондуктан бул маселени саясатташтырбаш керек. Кылмыш жоопкерчилиги менен гана байланыштырыш керек. Трансулуттук кылмыштуу топтор Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан мамлекеттеринде тамырлап кеткени айтылууда. Биздин бийлик, депутаттар, өкмөт мындан жыйынтык чыгарышы керек. Адилеттик үчүн айтсак бул мүшкүл 27 жылдан бери келатат. Башында биздин парламентке кримчөйрө менен байланышы бар бирин-серин депутаттар шайланып келсе, азыр алар аз эмес.

“Азаттык”: ​Сиз айткан трансулуттук кылмыштуу чөйрөнүн пайда болушунун себеби - алар менен күрөшүүдө кошуна мамлекеттердин бирдиктүү аракети жоктугунан болуп жатабы?

Аликбек Жекшенкулов: Аракеттер бар. ЖККУ, ШКУ, КМШ, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кримчөйрө, ошол эле терроризм, экстремизм маселелери кылдат каралган, көп келишимдер бар. Тилекке каршы, ал документтерди аткаруу көп учурда натыйжа бербей жатат.

“Азаттык”: Кыргыз коомунда "криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү бийликтин бардык бутактарына, жергиликтүү бийликтерге чейин кирип кетти" деген пикирлер арбын. Эгер ал чын болсо ага эмне себеп болууда? Шайлоо системабыздын, мыйзамдын начарлыгыбы же мамлекеттик бийликтин мажирөөлүгүбү?

Жамгырбек Бөкөшев: Мунун бир нече себептери бар. Биринчиден, криминалдык чөйрө да бийликте өз кишиси болушуна аракет кылып жатат. Экинчиден, кримчөйрө кылмыш иштерин мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү менен бирге жасоого аракет кылат. Мына, аларга аткезчилик менен шугулданганга шарт түзүп бергендер, жолун тазалап жаткандар - бийлик өкүлдөрү болуп жатпайбы? Үчүнчүдөн, биз бийликтин тазалыгына жетиш үчүн чоң, чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек. Парламентке, бийликтеги орундарга сатып алуу жолу менен келбей, таза адамдарды шайлоо жолу аркылуу келгенде гана абал оңолот. Тилекке каршы, бизде добуштарды сатып алууга жол ачылып жатпайбы. Бийликке мекенчил, таза иштеген уул-кыздарыбыздын келишине шарт түзгөндө гана бийлик тазаланат.

Аликбек Жекшункулов.
Аликбек Жекшункулов.

Аликбек Жекшенкулов: Мен кимдир-бирөөнү колунан кармап албагандан кийин так айта албайм. Бирок элдин баары билген бир факты бар. Мисалы, Кытай "4,5 миллиард долларга товар киргиздик" десе, Кыргызстан "2,5 миллиард алдык" деп жатканы көп нерсени айтып турат. Бул коррупция!!! Бийликтин бутагы криминал менен качан ымалалашып, чогуу иш кылат? Эки тараптын тең кызыкчылыгы болгондо, ири суммадагы киреше, пара, пайда алып жатканда болот.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Саясатта күчкө таянуу – чоң катачылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:55 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG