Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Депутаттын Казакстанда кармалышынын чоо-жайы


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы депутат Дамирбек Асылбек уулунун Алматы шаарында камакка алынышы тууралуу билдирүү таратты.

Анда фракция бул окуя акыйкат иликтенип, адам укугунун бузулушуна жол берилбесине ишенерин белгилеген.

Асылбек уулу кыргыз спортуна чоң салым кошкону, аймактардагы орчундуу маселелерди көтөрүп келгени, коюлган күнөөгө тиешеси жок деген баштапкы маалымат бар экени айтылган.

Казакстанда өткөн аптанын этегинде аткезчиликке каршы ири операцияда 35 адам кармалган, алардын арасында Дамирбек Асылбек уулу баштаган үч кыргыз жараны болгон.

Казак тараптын маалыматы

Алматынын Алмалы райондук соту депутат Дамирбек Асылбек уулун, аны менен бирге кармалган Улан Мурадиловду жана Чыңгыз Абакировду Казакстандын Кылмыш кодексинин “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка предметтерди алып өтүү” жана “Трансулуттук уюшкан топко же трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде эки айга камакта алуу чечимин чыгарды.​

Казакстандын Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган кыргыз жарандары кармалган окуя тууралуу 19-февралда кеңири комментарий берди. Ошондой эле колго түшүрүү учурунда тартылып алынган ыкчам тасманы жарыялады.

Анда аткезчилик менен шугулданган кылмыш топторун колго түшүрүү операциясы мурдатан бери эле даярдалганы, казак-кытай, казак-кыргыз жана казак-өзбек бажы бекеттериндеги коррупциялык туруктуу айла-амалдардын бети ачылганы айтылат:

"Казакстанга Кытайдан товарлар аткезчилик жол менен алынып келип турган. Ошондой эле товарлар Кыргызстандан бажы администрациясы жана жасалма документтери аркылуу көмүскөдөгү ыкмалар менен ташылган. Кылмышка шектүүлөргө бажы органдарынын жана Чек ара кызматынын айрым жооптуу кызматкерлери жардам берип жүрүшкөн. Товарлар Казакстандын жана Орусиянын ири шаарларына жөнөтүлгөн. Жалпысынан сегиз уюшкан кылмыштуу топ колго түштү. Тергөө иштерин мекеме аралык комиссия жүргүзүп жатат жана бул иш башкы прокурордун көзөмөлүндө", - деп айтылат Казакстандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө.

Окуяга карата парламенттин мамилеси

Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясы Дамирбек Асылбек уулуна байланыштуу 19-февралда кезексиз жыйын өткөрдү. Фракция лидери Алмазбек Баатырбеков "Азаттык" радиосуна бул окуя аларга күтүүсүз болгонун, фракция Кыргызстандын тиешелүү органдары менен тыгыз байланышып жатканын билдирди:

Алмазбек Баатырбеков.
Алмазбек Баатырбеков.

- Ойдо жок жерден болуп кетти. Баары эле "ал мындай ишке бармак эмес" деп айтып жатат. Казакстандын тиешелүү органдары бөгөт чарасы катары эки айга камоо тууралуу чечим чыгаргандан кийин баарын мыйзам чегинде карайт деген ойдобуз. Эң негизгиси - депутат эле эмес, аны менен кошо кармалган кыргыз жарандарынын да укуктары тебеленбей, акыйкат каралат го деген үмүттөбүз. Дамирбек Асылбек уулу “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жигердүү депутаты гана болбостон, күрөш боюнча Кыргызстан менен Казакстандын спортуна да чоң салым кошуп келген. Ал аймактардагы маселелерди көтөргөн, бир топ иштерди жасаган жигердүү депутат. "Коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок" деген баштапкы маалымат бар. Биздин фракция ТИМ жана тиешелүү укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта болуп жатат. Бизде ошол жактагы Кыргызстандын консулдугу камактагы жарандарыбызга кирип чыгат деген баштапкы маалыматыбыз бар. Ошо кирип чыккандан кийин өз оозунан да маалыматтарды уксак деп күтүп жатабыз.

Кыргызстандын эгемен тарыхында парламент депутаты чет өлкөдө камакка алынган учурлар дээрлик болгон эмес. 2006-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Өмүрбек Текебаев Польшада маңзат менен кармалып, кийин ал атайын жасалган чагым экени, депутаттын күнөөсү жоктугу аныкталган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу төрага Дастан Жумабеков бул ишке кийлигишпей турганын айтты:

Ибраим Нуракун уулу.
Ибраим Нуракун уулу.

- Төрага эч кандай билдирүү жасабайт. Бул боюнча тергөө жүрүп жатат. Депутаттын камалышы Жогорку Кеңешке байланыштуу эмес. Ал депутаттын өз иши. Төрага, Жогорку Кеңеш депутаттарга каршы кылмыш иши козголгондо же тергөө, сот болуп жатканда буга чейин да аралашкан эмес, мындан кийин да аралашпайт. Регламент боюнча эгер айыбы далилденсе, депутат өзү жооп берет.

Дамирбек Асылбек уулунун спорттогу эмгеги

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиевдин айтымында, Дамирбек Асылбек уулу кийинки аптада Бишкекте өтө турган спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын уюштуруу иштерине кызуу катышып жаткан:

Канат Арпачиев.
Канат Арпачиев.

- Ал Азиянын чемпиону болгон. Грек-рим күрөшү менен машыгып жүргөн. Бүгүнкү күндө Күрөш федерациясынын вице-президенти. Спортко салым кошкон. Убагында Казакстандын курама командасынын мүчөсү болуп, ошол жакта машыгып жүргөн. Жакында, 27-февралдан 4-мартка чейин Кыргызстанда Азия чемпионаты болгону жатпайбы. Ошого ал өзү түздөн-түз киришип, даярдык көрүү жагынан чогуу иштеп жатканбыз. Өкмөттүк деңгээлде уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитет бешинчи күнү жыйын өткөргөндө Дамирбек Асылбек уулу ага катышып, андан ары Казакстанга чыгып кеткен.

Дамирбек Асылбек уулу 37 жашта, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайында окуган. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Кыргызстандын Күрөш федерациясынын жана Спорттук күрөш боюнча Азия кеңешинин вице-президенти.

Ал 2003-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтунун экономика факультетин "Бухгалтердик эсеп" адистиги боюнча аяктаган. 2009-2011-жылдары Бишкектеги Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинде "экономика чөйрөсүндө дипломат" адистиги боюнча окуган.

2000-2009-жылдары "АРМS", "Sky-Mobile", "БиМоКом" компанияларында иштеген.

2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев түзгөн "Ак жол" партиясынын тизмеси менен депутат болгон жана ал партиянын жаштар канатынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2010-2015-жылдары "Алфа-Телеком" деген соода маркасы менен таанымал "Мегаком" компаниясында ишкананын кызыкчылыгын коргоо жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча координатор болгон. 2015-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутаттык мандат алган. Учурда парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Депутат менен кармалгандар ким?

Эми Кыргызстандын маалымат агенттиктеринин кабары боюнча Дамирбек Асылбек уулу менен чогуу камалган Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров тууралуу сөз кылалы.

39 жаштагы Уланбек Мурадилов Нарын облусунда туулган. Нарын шаардык кеңешинде депутат болуп турган, вице-мэр кызматын аркалаган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда "Ак жол" партиясынын Нарын шаары боюнча координатору болгону да белгилүү. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Мурадилов "Мегаком" компаниясынын Ош аймактык бөлүмүн жетектеген. Ушул тушта анын атына бир канча компания катталган.

Анын бир убактагы партиялашы Эмил Чымылдаков Мурадиловдун жакындары Казакстанга жөнөп кеткенин билдирди:

Өзүнүн адамдык касиети, көз карашы, жүрүш-турушу "контрабанда менен алектенет" дегенге коошпойт.

- Мен үчүн бул түшкө кирбеген, күтүүсүз окуя болду. Анын майда-чүйдө бизнестери бар болчу. Анын аткезчилик менен шугулданып жүргөнү тууралуу сөздөргө таптакыр ишенбейм. Анткени биз бир убактарда чогуу жүрдүк, азыркы кезге чейин чай ичишебиз. Өзүнүн адамдык касиети, көз карашы, жүрүш-турушу "контрабанда менен алектенет" дегенге коошпойт. Тескерисинче, Кыргызстандын патриоту болуп, "өнүктүрөлү, жардам берели, мыйзам чегинде иштейли" деп чуркап жүргөн жигит катары билем. Үй-бүлөсү сарсанаа болуп жатат. Өзүбүз чогуу чай ичишип жүргөн балдар менен сүйлөшүп, кабар алып жатабыз. Анын үй-бүлөсү Алматыга кеткени жатат. Алар барып келгенден кийин да такташабыз да.

Ал эми Чыңгыз Абакиров тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Ал 33 жашта экени, Нарын облусунда туулганы, 2012-2013-жылы "Мегаком" компаниясында иштеп кеткени, анын атына бир канча фирмалар катталганы тууралуу маалымат бар.

Жогорку Кеңештин депутатынын чет өлкөдө "аткезчилик" өңдүү айып менен камалышы жалпы эле парламент, депутаттар тууралуу талаш-талкууну козгоду. Парламенттин мурдагы спикери Абдыганы Эркебаев буга байланыштуу Жогорку Кеңештин жалпы деңгээлине токтолду:

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

- Бир эле ал депутат эмес, парламенттин, кыргыз элинин бетине сүйкөлгөн көө болуп калды да. "Эл кандай болсо бийлик, парламент да ошондой болот" деп айтылат эмеспи. Элибиз, тилекке каршы, шайлоо убагында тыйын-тыпырга, көр оокатка берилип же болбосо туугандыкка салып, жалпы элдик, улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкты эске албастан, убактылуу адамдарды шайлап жатабыз. Ачыгын айталы, буга 20 жылдай болуп калды. Мурунку президент Аскар Акаев "бергенин ала бергиле, өзүңөр каалаганыңарды шайлагыла, добуш бергиле" деп айткан эмеспи. Анткендин ордуна "мыйзам бузулуп жатат, биз аларды каматабыз" десе болмок да. Ошондон бери бул көрүнүш күчөдү. Мына, биздей акчасы жок адамдар шайлоого катышпай калды. Капчыктуулар, бизнесмендер келип, алар мамлекеттин эмес, өз кызыкчылыгын ойлогон учурлар бар. Азыр парламентте аз эле киши өзүнүн түпкү милдетин, вазийпасын аткарып, жыйындарга катышып жатат. Көпчүлүгү эптеп өтүп алып, күнүн өткөрөт.

Депутат Дамирбек Асылбек уулунун аты өткөн аптада Өзбекстандагы белгилүү олигарх, кримчөйрөдө "Салимбай байбача" деген ат менен таанымал Салимбай Абдувалиевге байланыштуу айтылган. Анда депутаттын Абдувалиев менен чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланган. Депутат муну спорт чөйрөсүндөгү тааныш-билиштиги менен түшүндүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG