Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

"Салимбай байбача" кимдин "тиреги"?


Социалдык тармактарга тараган видеонун скриншоту.
Социалдык тармактарга тараган видеонун скриншоту.

Социалдык тармактарда Кыргызстандагы таасирлүү адамдардын өзбекстандык белгилүү олигарх, кримтөбөл атыккан, "Салимбай байбача" деген ат менен белгилүү болгон Салимбай Абдувалиев менен жолугушуусу тартылган видео талкуу жаратты.

Тасмада "Абдувалиев Кыргызстандын тиреги, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт" деген мазмундагы сөздөр айтылган.

Кыргызстанда "Салимбай байбача" тууралуу 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышып жаткан "Кыргызстан" партиясына байланыштуу сөз болгон.

2016-жылы Кыргызстандын атайын кызматы оппозициячыл саясатчы Эрнест Карыбековду "Салимбай Абдувалиевдин ишенимдүү адамдары аркылуу өзбек бийлиги менен кызматташкан" деген айып менен камакка алган.

Бир мүнөткө жетпеген чакан видеодон Салимбай Абдувалиевди өзбектердин улуттук чапанын, топусун кийген эки адам коштоп турганын көрүүгө болот. Анда Абдувалиев "Кыргызстан менен Өзбекстан өнүксүн" деген эле сөздөр менен чектелген. Жанындагылар болсо аны "Кыргызстандын тиреги" деп макташкан:

- Салимбай Кыргызбаевич биз менен. Биз буга сыймыктанабыз! Салимбай ака биздин тирегибиз. Салимбай ака тирүү кезинде кыргыздардын тиреги тирүү. Салимбай ака биздин президентибиз Сооронбай Жээнбековду колдойт!

Бул видео качан, кайда, кандай жагдайда тартылганы беймаалым. Социалдык тармактарда Салимбай Абдувалиевди жандап тургандардын бири ИИМдин мурунку кызматкери, полковник, Оштогу таанымал бизнесмен, экинчиси Жогорку Кеңештин мурунку депутаты экенин жазышты. "Азаттык" бул макала жазылып жаткан чакта аты аталган адамдар менен байланышып комментарий ала алган жок.

Видеону "Фейсбуктагы" баракчасына тараткандардын бири, жарандык активист Шайырбек Маматокторов тасмада Салимбай Абдувалиевдин "Кыргызстандын тиреги" деген мактап-жактаган сөздөр айтылганын сынга алды:

Шайырбек Маматокторов. Архивдик сүрөт.
Шайырбек Маматокторов. Архивдик сүрөт.

- Анын кримтөбөл экени Кыргызстанга, Өзбекстанга эле эмес, Бүтүндөй Орто Азияга маалым. Албетте эми расмий булактар аны ар түрдүүчө атап жатышат. Спорт чөйрөсүнөн, дагы башка дегендер да бар. Кеп анын кримчөйрөгө тиешеси бар-жогунда болгон жок. Мен бейрасмий персонага биздин жарандар - экс-депутат, башы көрүнгөн бизнесмен, ИИМдин мурдагы кызматкери барып, алардын улуттук кийимин кийип алып, "биздин таянар тообуз, биздин тирегибиз" деген маанидеги сөздөр болгонун сынга алдым. Ал жердеги эки кишини "жаман" же "биздин душмандар" деген жокмун. Анын үстүнө ошол видеодо Салимбай мырза саясий жактан ашыкча нерселерди айтпай, болгону эки өлкөнүн ортосунда достук болсун деп эле басып кетти. Ал эми биздин жарандар болсо аны "биздин планетардык деңгээлдеги тирегибиз" деп бир аз ашкере мактады. Эсиңиздерде да, соңку шайлоодо бийликтеги кайсы бир партия "ишенимдүү тирегиң" деген ураан менен үгүт өнөктүгүн да жүргүзбөдү беле.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева болсо бул окуя тууралуу мындай деди:

- Бул сөздөрдү бул видеодогулар кандай максатта айтканын комментарийлей албайбыз. Анткени президент Сооронбай Жээнбековдун бул жаран менен эч кандай байланышы жок.

Табышмактуу сүрөттүн каармандары

Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн адамдар. Сүрөт Балбак Түлөбаевдин "Facebook" баракчасынан алынды.
Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн адамдар. Сүрөт Балбак Түлөбаевдин "Facebook" баракчасынан алынды.

Сөз болуп жаткан видео менен кошо "Салимбай байбачанын" Кыргызстандагы таасирлүү адамдар, Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары чогуу түшкөн сүрөттөр да жарыяланды. Алардын биринен "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровду, "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовду көрүүгө болот.

"Азаттык" Салайдин Айдаров менен байланышып, сүрөттүн жайын сурады. Ал Салимбай Абдувалиев менен мындан эки жыл мурун жолукканын "Азаттыкка" бышыктады:

Салайдин Айдаров.
Салайдин Айдаров.

- Ал спорт жагында жүргөн адам. Өзбекстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти. Ал эч кандай криминал эмес. Спорт дүйнөсүндө жүргөн адам. Берки Шаршенбек Абдыкеримов болсо Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчиси. Спорт жагынан жолугушкан адамдар. Болгону биздин бир сүрөтүбүз чыкты. Спорт боюнча жолугушууда тартылган. Эки-үч жыл мурун Өзбекстанда болгон. Жолугушуу илгери болгон. Видеого болсо биздин тиешебиз жок.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Салимбай Абдувалиев менен спорт чөйрөсүндө тааныш экенин, жарыялаган сүрөт төрт жыл мурун тартылганын билдирди:

Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

- 2014-жылы Ташкентте дүйнөлүк чемпионат өткөн. Ошондо түшкөн сүрөт. Мына, 27-февралда бизде Азиянын биринчилиги болот. Анда да Өзбекстандан, Казакстандан командалар келет. Мен өзүм Күрөш федерациянын вице-президентимин. Анан ошол сүрөттү тигил видеого кошуп чыгарып коюшуптур. Ал жакка жалгыз эле мен барган жокмун, 200 мамлекеттен барган. Ошол мамлекеттердин күрөш федерацияларынын жетекчилеринин баары болгон. Өзбекстан баарын тоскон. 27-февралда бизге келгенде биз да аларды тособуз. Федерациянын президенттери, спорт министрлери келет. Мен бул сүрөт каяктан келгенине өзүм таң калып жатам. Салимбай Абдувалиев спортко күйгөн киши. Спорт аркылуу эле таанышпыз. Биздин спортчулар мелдештерге барат. Федерациялар аркылуу биргелешкен иштерди өткөрөбүз. Биз спорт аркылуу гана таанышпыз.

Эмнеси болсо да Салимбай Абдувалиевдин кыргызстандык таасирлүү адамдар менен чогуу түшкөн соңку видеосу талкуу жаратты. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков төмөнкүчө пикирин билдирди:

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

- Салимбай Абдувалиев расмий булактарда Өзбекстандын ишкери катары айтылып жүрөт. Ал эми эл арасында болсо ар кандай сөз бар. Бирок "Цезардын аялы ар кандай шектенүүдөн оолак болушу керек" деген сөз бар го. Ошондуктан биздин саясатчылар ошондой шектенүүлөрдөн алыс жүргөнү эле жакшы го. Себеби ой-ниети жакшы болсо да адамдар ар кандай тыянак чыгарып алышы мүмкүн. Саясатчылар эл алдында жүргөн адам болгондон кийин ар бир баскан кадамына баа берип, ойлонуп басышы керек.

Салимбай Абдувалиевдин карааны...

Салимбай Абдувалиевдин аты 2015-жылы Кыргызстандагы парламенттик шайлоо маалында айтылган. Ошол маалда Интернетте Абдувалиевдин ишенимдүү адамы атыккан Шомурад Шофайзиевдин Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын өкүлдөрү жана “Кыргызстан” партиясынын лидерлери менен Ысык-Көлдөгү жолугушуусу тууралуу видео тараган.

Анда жолугушуу көлдөгү пансионаттардын биринде 23-24-август күндөрү өткөнү, жолугушууну “Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары Шаршенбек Абдыкеримов уюштурганы маалым болгон. Көп өтпөй "Кыргызстандын" ошол кездеги лидери Канат Исаев партиялашы Шаршенбек Абдыкеримов өзбекстандык авторитет Салимбай Абдувалиев менен тааныш экенин ырастаган.

Мунун алдында “Азаттык” Абдыкеримовдун “Аю” фирмасы Ошто июнь коогасы боюнча айыпталып сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Иномжан Абдурасуловдуку экени айтылган ишканаларды сатып алганын иликтеп чыккан эле. Андан кийин Салимбай Абдувалиевдин катыштыгы бар деген ишканалардын Кыргызстандагы өкүлдөрү “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого баратканы аныкталган.

Салимбай Абдувалиев.
Салимбай Абдувалиев.

Салимбай Абдувалиевдин аты 2016-жылы жазында “Элдик курултай” кыймылынын лидери, оппозиционер Эрнест Карыбеков камакка алынганда айтылган. Коомдук биринчи канал 27-мартта "оппозиция өкүлдөрүнүн жашыруун сүйлөшүүсү" деген видео сюжет көрсөткөн. Сюжетте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ыкчам тасмалары жарыялаган. Анда "Карыбеков Өзбекстандын атайын кызматы менен байланышта болгон" деп айтылган. Тактап айтканда, "Карыбековго энергетикалык маселелерде Ташкендин кызыкчылыгын коргогон, коңшу мамлекеттин атайын кызматынын Фархад Парпиев аттуу өкүлү менен тымызын кызматташып жүргөн" деген доомат коюлган.

Сюжетте "Парпиев Өзбекстандын атайын кызматтары менен тыгыз кызматташат. Ал ошондой эле криминалдык дүйнөдө “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал болгон Салимбай Абдувалиевдин ишенимдүү адамдарынын бири. Белгилүү болгондой, Өзбекстанда криминалдык дүйнө Улуттук коопсуздук кызматынын тыкыр көзөмөлүндө" деп айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG