Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Түлөбаев: “Аю” холдинги “Санпаны” да сатып алган


Иномжан Абдурасуловдуку делген ишканалардын бири
Иномжан Абдурасуловдуку делген ишканалардын бири

“Аю” холдингинин вице-президенти Балбак Түлөбаев июнь коогасынын уюштуруучусу деп айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Иномжан Абдурасуловдун мүлктөрүнө аталган ишкананын тиешеси боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Ошто коомчулук Иномжан Абдурасуловдуку делген ишканалардын баарын жакшы билет. Азыр ал ишканалар “Аюга” таандык экен. Ушул жагдайдын таржымалын айтып бересизби? Качан, кандай жагдайда алынды эле?

Балбак Түлөбаев: 2007-жылдан баштап биздин “Аю” холдингге кирген КG Bulls фирмасы “Эргеш-Ата” дегендин ээси Пайзулло Абдурасулов менен иш баштаган. Биз алган фирманын Иномжан Абдурасуловго такыр тиешеси жок. Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз да. Бардык документтерде “Эргеш-Ата” Иномжан Абдурасуловдун бир тууган агасы Пайзулло Абдурасуловдун атында болгон. Биз 2007-жылы жөн гана пахтадан май чыгаралы деп чогуу иш баштаганбыз.

2010-жылдагы окуялардан кийин "силер Абдурасуловсуңар" деп эл булардын мүлкүн талкалаптыр. Булар кийин биз зыян көрдүк деп мамлекетке арыз жазышкан. Алар 51 миллион сомго жакын зыян тартышкан. Анын ичинде биздин да акчабыз бар болчу. Ушул факт боюнча алар жабырлануучу болуп кылмыш иш да козголгон. Анан эл акчасын ала албай, насыясын төлөй албай, кыскасы “Эргеш-Ата” кыйын абалга туш келет. Алар бизге кайрылып, чогуу иштешели, инвестиция кылгыла дешкен.

Биз 2010-жылдан кийин буларды карызы менен кошо акциясынын 51 пайызын сатып алганбыз. Жаңы Cotton Textiles Factory деген акционердик коом түзгөнбүз. Анын 51 пайызы “Аюга”, калган 49 пайызы Пайзулло Абдурасуловго таандык. Азыркыга чейин ошондой. Биз бул гана эмес, Базар-Коргондогу түрктөрдүн пахта заводун да сатып алганбыз. Ошол эле учурда Жалал-Абаддагы "Санпа" пахта заводун да сатып алганбыз. Ушул үчөө тең бизге тиешелүү.

Оштогу пахта завод Иномжандыкы эмес, анын агасыныкы болгондон кийин эмнеге аны улутташтыруу керек? Мен аны да түшүнбөйм. Биз ак ниеттүү инвесторбуз. Биз анын 51 пайыз акциясын сатып алып, өркүндөтүп, элге пайдасын алып келип жатабыз.

“Азаттык”: Ушул жагдайдын моралдык жагына кандай карайсыздар, же ишкерлерди каражат эле кызыктырабы? Анткени ошол эле Кашкар-Кыштактагы пахта завод Иномжан Абдурасуловдун агасынын атына катталганы менен өзүнө эле таандык экенин коомчулук билет. Иномжан Абдурасулов болсо июнь коогасынын уюштуруучусу катары оор айыптар менен сыртынан соттолгон, ага таандык ишканалардан урушка даярдалган унаалар, курал-жабдуулар табылган. Мисалы, ошол эле “Санпа” пахта заводу да июнь калабасында кандуу окуяда колдонулганы маалым.

Балбак Түлөбаев: Эгер моралдык жагын карай берсек, анда Кыргызстандагы бардык ишканаларды жабуу керек болот. Аларды биз аттыкпы, же биздин аларга катыштыгыбыз барбы? Биз, тескерисинче, ошол элди багышыбыз керек да. Элди, экономиканы көтөрүш керек да. Эч ким агасы, атасы, же бир тууганы үчүн жооп бербейт, ар ким өзү үчүн жооп берет.

Кыргызстанда мүлктөрдүн 80-90% бири-бирине катталган. Анын баарын карап отурсак болбойт да. Анда Конституцияга, мыйзамдарга "туугандарына катталгандарга жооп бериш керек" деп жазып коюш керек. Биз укуктук мамлекет болгондон кийин укуктук чекте гана иштешибиз керек.

Юридикалык жактан каякта катталган болсо, ошону менен гана иштешебиз. Мисалы, менин кылган ишим үчүн агам, же иним жооп бериши керекпи? Мен өзүм үчүн жооп берем да.

XS
SM
MD
LG