Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

"Санпа" каргашасы: бийликке таарыныч


Маркумдарга тургузулган эстелик. 12-июнь, 2015-жыл
Маркумдарга тургузулган эстелик. 12-июнь, 2015-жыл

Жалал-Абадда бүгүн "Санпа" окуясынын курмандыктарын эскеришти. Мындан беш жыл мурда Ошто тутанган июнь коогалаңы Жалал-Абадга чейин жетип, токсонго жакын киши мерт кеткен.

Июнь окуясында шейит кеткен жарандардын жакындары Ош-Бишкек жолунун боюндагы эстеликтин жанына келип, маркумдарга куран окушту.

"Санпа" окуясы деген ат менен эсте калган кагылышта каза болгондорду эскерүүгө Жалал-Абад облусундагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилиги тартылган. Жогорку бийлик бутагынын өкүлдөрүнөн эч ким келген жок. Муну туура көрбөгөндөрдүн бири, уулу дайынсыз жоголгон Марсиана Мамаева мамлекеттик бийик даражалуу кызматкерлерди кайдигер мамиле жасады деп сындады:

- Быйыл окуяны эскерүүнүн беш жылдыгы, ММКлардан алдын ала бул багытта берүүлөр кеткен жок. Булар мекенибиздин бүтүндүгү, келечеги үчүн курман болушту. Ошол себептүү силер, жергиликтүү бийлик аларга "Эл баатыры" наамын алып берүүгө аракет кылышыңар керек.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева жабырлануучуларга жыл сайын мамлекет казынасынан каражат бөлүнүп келгенин тизмектеп, аларды сабырдуулукка чакырды. Ошондой эле 60тан ашык улуттун өкүлдөрү жашаган Кыргызстанда этностор аралык мамилени чындоо башкы максат экенин айтып, карапайым калкка ынтымактуу жана стабилдүү жашоо абадай зарыл экенин билдирди:

- Этностор аралык мамилени жана алардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында мамлекеттик концепция бекитилди, ишке ашып жатат. Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүнкү күндө 63 этностун өкүлү жашайт. Улуттар арасында болоттой бекем ынтымак аба менен суудай керек экендигин беш жыл мурдагы окуяда башыбыздан өткөрдүк. Кавказ элинин улуу акыны Разул Гамзатов айткандай, “Тарыхты тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат” дегенди эч качан унутпашыбыз керек. Азыр алга карай умтулуунун башкы шарты - Кыргызстандагы улуттар менен этностордун ынтымагы, биримдиги жана достугу экендигин ар дайым туу туталы.

Базар-Коргон районунун тургуну Аскаралы Караевдин бир тууган иниси "Санпа" заводунун жанында каза болгон. Жакынын жоготуп, кабыргасы кайышкан Аскаралы убакыт дартка даба болуп, эки улут баарын түшүнүү менен ымалага келе баштады деди:

- Мында отурган кыргыз жана өзбек эли баарыбыз башыбыздан оор күндөрдү өткөрдүк. Ким жакшы, ким жаман экенин да билип калдык. Эми журт бузарлардын сөзүнө азгырылбай, мекенибиздин тынчтыгы үчүн ынтымакта жашайлы. Мамлекетке рахмат, жабырлануучулардын баарына колдон келген көмөгүн берип жатат. Турак жай, каражат жагынан жардам, атүгүл жакынын жоготкондорго жөлөк пул да чыгарып берди.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2010-жылдын 12-июнь күнү Ош-Бишкек автожолунун "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанындагы каргашадан улам 16 адам каза болуп, экөө дайынсыз жоголгон. Ошондой эле тогуз унаа өрттөлгөндүгү айтылат. Окуяга тиешеси бар 19 адам кармалып, алардын 17си өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми Шамшидин Ниязалиев 2013-жылдын башында облустук соттун чечими менен ага тагылган беренелер кыскартылып, 150 миң сомдук айып пул менен сот залынан бошотулган.

Иш-чаранын соңунда жабырлануучулар облус жетекчисин алардын үнүн бийликке жеткирүүгө үндөштү жана талаптарын жаңыртышты.

- Эмне себептен ушул күнгө чейин чыныгы күнөөлүүлөрдү таба албай жатасыңар. Бизге чындыкты айтып бергиле. Мындай иш-чара өткөргөнүңөр жарабайт, эмне себептен жогорку бийликтен эч кимди чакырбадыңар жана келген жок. Биздин үнүбүздү жогорку жакка жеткиргиле. Жоголгондор боюнча милиция бир да иш алып барган жок, азыркы облустук ИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков келгенине эки жыл болсо да, бизди чакырып бир да маалымат бербеди.

Коогалаң учурунда Жалал-Абаддан 90дон ашык адам каза болуп, 900ү ар түрдүү жаракаттарды алган. Төрт жарандын дайыны азыркыга чейин белгисиз. 2010-жылкы июнь коогалаңына катышып, кылмыш жасаган деп шектелген 41 адамга эл аралык издөө жарыяланган. Алардын 33ү Орусияда, жетөө Өзбекстанда жана бирөө Швецияда жүргөндүгү аныкталган. Бул өлкөлөрдүн укук коргоо органдарына издөөдөгү адамдар боюнча маалымат жиберилген.

XS
SM
MD
LG