Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Жактоочудан жабырлануучуга айланган Усманов


“Санпа” заводунун жанындагы башаламандык боюнча жабырлануучулар менен соттолуучулар сот залында, 9-март, 2011-жыл
“Санпа” заводунун жанындагы башаламандык боюнча жабырлануучулар менен соттолуучулар сот залында, 9-март, 2011-жыл

“Санпа” окуясы боюнча айыпталып жаткан Ниязалиевдин адвокаттары аларга кол салуу болгонун айтып чыгышты.

Адвокаттардын айтымында, аларды сот имаратынын коридорунда он чакты адам ур-тепкиге алган. Ал эми жабырлануучу тарап мындай окуя болбогонун айтууда.

2010-жылы июн окуясы боюнча сот иштеринде айрыкча өзбек тектүү жарандарга жана алардын адвокаттарына басым жасоо көрүнүшү орун алып келет. Жактоочу Улукбек Усманов 2-апрелде Жогорку Сотто өзүнө кол салынганын мындайча сүрөттөдү:

- Коридорго чыкканда эле мага аял-эркек болуп асылып, тепкилеп кетишти. Курсагыма, жыныс мүчөмө тебишти. Болжолу ондой адам.

Окуя саат экилер чамасында, тыныгуу учурунда болгон. Усманов ага кол салган адамдардын үч-төртөөсүн гана тааный турганын, алар сотко мурдатан жабырлануучу катары катышып жүргөнүн айтты. Ал эми калган беш-алтоону мурда көргөн эмес.

"Санпа" окуясы боюнча соттолгондор
"Санпа" окуясы боюнча соттолгондор
Ошондой эле жактоочу Татьяна Томина жана айыпталуучунун энеси да токмокко кабылганын айтып чыгышты.

Усманов менен Томина 2010-жылдын июнь айында “Санпа” окуясында адам өлтүрдү деп айыпталып жаткан Шамшиддин Ниязалиевдин адвокаттары. Ниязалиевге байланыштуу иш Сузак райондук, Жалал-Абад облустук сот инстанцияларынан өтүп, Жогорку Сотко жеткен болчу.

Жогорку Сот аны 2-апрелде карап жаткан. Ошол күнкү отурумга “Санпа шейиттери” коомдук уюмунун мүчөсү, ошол каргашада инисинен ажыраган Аскар Караев да катышкан:

- Мен ал окуяны байкабапмын. Нааразычылык чыкканда сот төрагасы "түштөн кийин карайбыз" деп чыгып кетишкен. Мен да чыгып кеткем. Бир чети аларды да түшүнсө болот, башынан ок жегендер, баласынын өлүү-тирүүсүн билбегендер, эринен айрылгандар бар. Ашып кетсе, кайым айтышуу болгондур.

Адвокат Усмановдун оюнча, бул кимдир бирөөлөр тарабынан уюштурулган кутум болушу ыктымал:

- Сен эмне өзбектерди коргойсуң дешти. Менин жумушум ошол. Кытай кайрылабы, башка кайрылабы жумушум ошол дедим. Буларды даярдаган атайын бир уюм бар болсо керек. Болбосо эмне үчүн райондук, шаардык, облустук сотто мындай болгон эмес? Анда процесстер эч кандай тополоңсуз, тынч өткөн.

Жабырлануучу Аскар Караев сотто бейтааныш кишилерди көрбөгөнүн айтууда:

- Ал жерде ашыкча адамдар болгон жок. Бишкектен "Группа солидарности" деген коомдук бирикмелердин өкүлдөрү гана болду. 7-8 коомдук бирикмелерден келген экен. Мен аларды сыртынан гана билем.

"Санпа" окуясы боюнча сот отуруму, 10-январь, 2011-жыл
"Санпа" окуясы боюнча сот отуруму, 10-январь, 2011-жыл
Караев, ал уюмдардын өкүлдөрү сотко тынч гана байкоо салышканын бышыктоодо. Ал эми Усманов ошол эле күнү денесиндеги көгала тактарды сүрөткө тарттырып, Ички иштер министрлигине арыз жазганын айтат.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Жоробай Абдраимов Усмановдон эч кандай арыз түшпөгөндүгүн маалымдайт:

- Соттук процесс боюнча аларга жабырлануучулар тараптан кол салынгандыгы тууралуу ИИМге арыз менен кайрылышпаптыр. Биз азыр тактап чыктык.

Кыргызстанда буга чейин деле айыпталуучулардын адвокаттарынын дарегине ачуу сөздөр, ал турсун кол көтөрүү сындуу окуялар болуп келген.

Мындайды мурунку сот аткаруучу, учурдагы адвокат Кубаныч Сулайманов да сот тармагында 30 жылдык тажрыйбасында көп кездештиргенин эскерет. Анын оюнча, аталган көрүнүштөр укуктук маданиятсыздыктан улам келип чыгууда:

- Жактоочу өз каалоосу менен келип жактабайт да. Ал Конституцияда каралган юридикалык жардамдарды акы төлөсө аткара турган киши. Процессуалдык мыйзамдын чегинде гана иш алып барат.

"Азаттык": Сот учурунда жаңжалды болтурбай коюунун жолдору кандай?

- Сот отурумунда сөзсүз түрдө сот приставы болуш керек. Ал сотто төрагалык кылуучунун буйруктарын аткарып, катышуучу тараптардын тартибине көз салып турат. Бул процессуалдык кодексте каралган, бирок каражатка байланыштуу ишке ашпай келет.

Ошондой эле сот имаратынын ичи-тышына видеокөзөмөл коюу сунуштары да айтылып келет. Бирок бул да каражат маселесине байланыштуу ишке ашпай тургандай.

XS
SM
MD
LG