Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

"Санпанын" жанындагы эстелик кайра тургузулду


Коогада Бишкек – Ош жол боюнда, "Санпа" пахта заводунун жанында набыт болгондорго эстелик кайрадан тургузулду.

Эскерүү митингине окуяда набыт болгондордун туугандары, жергиликтүү бийлик, тартип коргоо уюмдарынын, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Губернатордун орун басары Кадырбек Жакыпов жабырлануучуларга көңүл айтып, чакан эстеликке бул ирет облустук жана Сузак райондук бийлиги да кол кабыш кылганын билдирди:

- Бейкүнөө, билбей, көрбөй, апаат болот деп көңүлүнө албай, өз жолу өз тиричилиги менен келаткан адамдар биздин өлкөбүзгө кыянаттык кылган адамдардын кесепетинен бейкүнөө шейит кетип, ушул жерде бейкүнөө он алты адамдан ажырадык. Ушул жерге жолдон өткөндөрдүн бардыгы көңүл буруп, мындан кийин бул нерсе кайталанбашы үчүн эскерип турушубуз керек. Бул эстелик толук бүтө элек. Бул жер кеңейтилип, тегерегине бак-дарак отургузулуп, ары-бери өткөн адамдар куран окуган жер болот.

“Санпа” окуясынын курмандыктарына тургузулган айкелдин алгачкысы өткөндө белгисиз себептерден талкаланган. Облуста июнь окуясында набыт болгон бардык адамдар үчүн өкмөт да эстелик тургузган. Бирок анда набыт болгондордун ысымдары жазылган эмес.

"Санпа шейиттери" коомунун башчысы Сырдаш Мамарасулов ошон үчүн жабырлануучулар окуяда жазыксыз өлгөн туугандарынын аттары чегилген айкел курууга аргасыз болгондугун айтты:



Жабырлануучу Аскар Караев эки жыл мурда дал ушул күнү базардан үйүнө кайтып келаткан инисинен айрылган. Анын айтымында, ошондо капарында жамандык жок жүргүнчүлөр жол боюнда буктурмага кабылып, бөөдө өлөөрүн ойлогон эмес. Аларга кол салууну уюштургандар качып кетип, кылмыштын аткаруучулары жоопко тартылды:



"Санпа" окуясы боюнча 19 адам соттолгон. Алардан башка дагы он сегиз адам изделүүдө. Облус прокурору Кылычбек Токтогулов коогага катышкан деп шектелген алты адам Орусия менен Казакстандан кармалып, аларды экстрадициялоо маселеси каралып жатканын айтты. Дайынсыз төрт адам жана таанылбаган эки өлүктү таануу боюнча алардын ДНК анализдери Кытай менен Кореяга жиберилген:



Митингде шейит кеткендерге куран окулду. Окуянын жабырлануучулары ушу эстеликке күзөт коюу өтүнүчү менен губернатордун наамына жазылган кайрылуусун анын орун басарына тапшырышты.

Соттук материалдарга ылайык, "Санпа" окуясында Бишкек – Ош жол боюнда 16 адам набыт болуп, тогуз автоунаа өрттөлгөн.

Бул макала жарыяланаар алдында "Санпа" окуясы боюнча соттолгон Гафуржан Абдурахманов 12-июнда түшкө маал Бишкектеги №1 абакта жалгыз адам жатчу камерада шейшепке муунуп өлгөнү маалымдалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” түрмөлөрдү көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратурадан кабарлашты. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тартип коргоо органынын мурдагы кызматкери Абдурахманов "Санпа" окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. 12-июнда №1 түрмөгө которулуп келе электен мурун Ново-Покровкадагы №3 абакта жаткан.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG