Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Абдыкеримов менен байбачанын тааныштыгы...


Шаршенбек Абдыкеримов
Шаршенбек Абдыкеримов

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев партиялашы Шаршенбек Абдыкеримов өзбекстандык авторитет Салимбай Абдувалиев менен тааныш экенин ырастады.

Бул тууралуу ал 28-сентябрда Коомдук телеканалда дебатта суроолорго жооп берип жатып билдирди. Ал арада Абдувалиевдин ишенимдүү адамы делген Шомурод Шофайзиевдин өткөн айда Ысык-Көлдө өзбек диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунун жаңы жагдайлары белгилүү боло баштады.

Интернетте Шомурад Шофайзиевдин Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын өкүлдөрү жана “Кыргызстан” партиясынын лидерлери менен Ысык-Көлдөгү жолугушуусу тууралуу видео тарады. Анда жолугушуу көлдөгү пансионаттардын биринде 23-24-август күндөрү өткөнү айтылган.

Иш-чарага Жалал-Абаддын Сузак районундагы өзбек диаспорасынын өкүлү, Ырыс айылдык кеңештин төрагасы Талипжан Атакулов да катышкан. Ал видеодо иш-чараны “Аю” фирмасынын жетекчиси, “Кыргызстан” партиясынын төрага орун басары Шаршенбек Абдыкеримов уюштурганын айтып берген:

- Бизди ал жакка “Аю” компаниясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов чакырды. Ал жерде таанышуу болуп, өздөрүнүн пландарын айтып берди. Өзбекстандан келген Шомурад Шофайзиев Ташкент шаарынын депутаты экен.

“Азаттык” Талипжан Атакуловдун өзү менен байланышты. Ал Ысык-Көлдө жолугушууга барганын бышыктады, бирок эмнегедир баштапкы сөзүнөн айнып, иш-чараны “Аю” компаниясынын жетекчилиги уюштурганы билбей калганын билдирди:

- Биз “Аю” фирмасы уюштурганын билген жокпуз. Ал жерде ишкердик жөнүндө сөз болду. Кыргызстанда жумушчу орундарды түзүү боюнча ишкерлердин жолугушуусу болот деп чакырган. Андан башка сөз болгон жок. Эгер ушундай ишкердикти өнүктүрүү, элди иш менен камсыз кылуу болсо анда аябай жакшы экен дедик. Шомурад Шофайзиев ишкерлик тууралуу сөз сүйлөдү. Себеби алар мурдатан бери иштешип жүргөн экен. Бирге иштешебиз деген программасы бар экен.

Салимбай “байбача” деген ат менен таанымал Салимбай Абдувалиев менен “Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин байланышы тууралуу 28-сентябрда коомдук телеканалдагы дебатта суроо берилди. Анда партия төрагасы Канат Исаев партиялашы Шаршенбек Абдыкеримов менен Абдувалиев экөө спорт аркылуу тааныш экенин ырастады, бирок андан башка маалыматтарды ушакка чыгарды:

- Ушактардын деңгээлине түшкүм келбейт. Бир канча күндөн кийин баары белгилүү болот. Партия лидерлерин Өзбекстандын криминалдык лидерлери менен байланыштырган ошол макаладан кийин дагы башка макалалар чыкты. Биз Салимбай деген кримавторитет ким деп иликтеп көрдүк. Ал Күрөш федерациясынын башчысы. Ал болгону Шаршенбек Абдыкеримовдун таанышы.

Маалымат үчүн айта кетели, Шаршенбек Абдыкеримов - Кыргызстандагы Спорттук күрөш федерациясынын жетекчиси жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти.

Буга чейин “Азаттык” Абдыкеримовдун “Аю” фирмасы Ошто июнь коогасы боюнча айыпталып сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Иномжан Абдурасуловдуку делген ишканаларды сатып алганын иликтеп чыккан эле. Андан кийин Салимбай Абдувалиевдин катыштыгы бар деген ишканалардын Кыргызстандагы өкүлдөрү “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого баратканы аныкталган.

Саясат талдоочу Эмил Жураевдин баамында, Өзбекстандын расмий адамдары Ташкенттин уруксаты жок чет өлкөгө бейчеки барып жолугушууларды өткөрө албайт:

- Жөнөкөй эле дал келүүчүлүк, кокустук же байланыштарга окшошпой турат. Чындыгында биздин партиялардын сырткы күчтөр менен сүйлөшүп, шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу аракети болсо, анда бул албетте кейиштүү. Айрыкча ушул кишилердин мисалында карасак, Салимбай байбача такай эле мыйзам менен шайкеш жүрбөгөн сыяктанат. Өзбекстандын атайын кызматтары Салимбай “байбачабы”, же башкасы болобу, аларга такай көзөмөл жүргүзүп турганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Айрыкча Кыргызстанга келгенде, саясий салмагы бар адамдар менен жолугуп кетүү деген Өзбекстан үчүн катардагы, жөн эле боло берчү көрүнүш эмес.

Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын башчысынын милдетин аткаруучу Бахтияр Фаттахов Ысык-Көлдөгү жолугушуунун тымызын, жашыруун өткөрүлүшүн сынга алды. Анын пикиринде, улут аралык мамилелерге байланыштуу бардык нерселер ачык-айкын болушу керек:

- Ал жолугушууга барган адамдар болсо ачык айтуу керек. Саясатка кара күчтөрдү аралаштырбоо керек. Кыргызстан менен Өзбекстан түбөлүк дос деген келишимге кол койгон өлкөлөр. Эки өлкөнүн саясаты жалаң гана ынтымак. Ошондуктан кара күчтөрдү аралаштырбай иш кылуу керек. Саясат таза колдор менен жасалышы керек. Мына, бизде тышкы иштер министри, элчилерибиз бар. Андай байланыштардын баары ачык-айкын болушу керек. Андан сырткары Соода палатасы деген бар. Анын алдында ар кандай коомдук бирикмелер бар. Иш ошолор аркылуу жүрсө жакшы болот. Биздин ынтымакты бузабыз деген күчтөрдүн очогуна май тамызбаш керек. Этият болушу керек. Биз бир тууган боордош элбиз. Биздин ортобузга жаман ой киргизбөө үчүн ачык-айкын болуш керек.

Кыргызстанда дээрлик бардык президенттик же парламенттик шайлоолордо өзбек тектүү жарандардын добушун алуу ар кандай айла-амал менен коштолуп келген. Атүгүл сырткы күчтөрдү да аралаштыруу аракеттери болгон.

XS
SM
MD
LG