Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Атамбаев Оштун көмүскө кожоюнубу?


Ош шаары
Ош шаары

Ошто аттын кашкасындай таанымал, ошол эле учурда көпчүлүккө жүзү бейтааныш Жалил Атамбаев ким? Президент Атамбаев менен жакындыгы барбы?

Акыркы убактарда Ички иштер министрлигинин Ош аэропортундагы аба транспорту бөлүмүнүн башчысы Жалил Атамбаевдин тегерегинде сөздөр күчөдү. Алардын бири - Түштүк-чыгыш кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөр боюнча чыккан маселе.

Изи бар, илинчеги жок

Оштогу жарандык активист Бахадыр Мамаджанов парк аймагына курулуш салынбайт деген мыйзамга карабастан, Атамбаевдин жакын адамдары кичирайондогу паркты эс алуучу жай курабыз деп алып, кийин үй тургузушканын айтты:

- Парк аймагын ижарага алып, аны кайра үч адамга сатып ийген. Кийин сотко кайрылып, кызыл китеп чыгартып алышкан. Мамлекеттен ижарага алган жерди кантип сатууга болот? Бул мыйзамды бузган. Азыр Түштүк-чыгыш кичирайонунда бир дагы парк аймагы калган эмес. Парк жок.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдувахаб Нурбаев паркка үй салууга уруксат өткөн жылы мэр шайлоонун ызы-чуусу учурунда берилип кеткенине токтолду:

Абдувахаб Нурбаев
Абдувахаб Нурбаев

- Градсовет үй курганга уруксат берип койгон. Муну шаардык кеңеште карап, мыйзамдуулугун тактагыла деп, прокуратурага бергенбиз. Негедир дале жооп келе элек. Ал жерде жашагандар деле, башкалар деле, телевизордон деле Жалилдики, Жалил куруп атат деп атышат. Эми бул киши баарын сот аркылуу чечип алып атат, сөздүн ачыгы.

Мындан тышкары, Сулайман-Тоонун этегиндеги музейге таандык жерге салынган “Айдар-Ата” кафеси боюнча да талаш көп жылдан бери уланып келет. Ал жердин ижара мөөнөтү бүтсө да мамлекетке кайтарылып берилбегендиктен, Жогорку Сот сүрдүрүлсүн деген чечим чыгарган. Бирок кафе ээлери жаңы жагдайга байланыштуу деп кайра сотко кайрылып, ишке чекит коюла элек.

Эл арасында Жалил Атамбаевге Оштогу бир нече бизнес жайлар таандык экени айтылат. “Айдар-Ата” кафеси, Оштун Түштүк-чыгыш кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдөн тышкары, Манас-Ата кичирайонундагы “Каныкей” рестораны, “Камбар-Ата” чайканасы, мурдагы текстиль фабрикасынын имараты, бир нече май куюучу ж.б. жайлар ага тиешелүү экени эл арасында айтылган менен, юридикалык тастыктама табылган жок.

Бахадыр Мамаджанов Атамбаевге таандык делген ишканалар башка бирөөгө катталганын айтты:

- Жалил Атамбаев бардык жерде өзүнө караштуу адамдарды коюп, ошолор аркылуу иш жүргүзөт. Жашырганда эмне, 2010-жылы шайлоодо ал бийликтеги КСДП партиясына жардам берген, анан да өзү чоңойткон, жардам берген Акылбек Султанов деген депутат бар. Атамбаев менен тыгыз байланышта иштеп турат.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султанов айтылгандарды четке какты:

- Атамбаевдин адамы дегенди далилдеп берсин. Менин фамилиям Султанов, аныкы Атамбаев болсо, кандайча мен анын адамы болуп калам? Ал кишини сыртынан тааныйм, бирок, мамилем жок. Депутаттыкка кимдер менен келип, кандайча тизмеге катталганым боюнча өзүмдө маалыматым бар. Ал жерде Атамбаевдин "А" деген тамгасы да жок.

"Калкка кайрымдуу киши"

Жалил Атамбаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду. Ош аэропортунда аны менен чогуу иштеген Керим Макеев Атамбаев менен чейрек кылымдан бери тааныш экенин айтып, аны кайрымдуу адам катары сыпаттады:

- Колунда бир жарым миң адам иштейт. Кирпичин берип, устачылык иштерин жасап, Жалал-Абаддагы көп милицияканаларды салып берди. Жылына Орозо айт, Курман айтта элге бекер чай уюштуруп берет. Бул кимдир бирөөнүн акчасын уурдап, же баңгизат менен байыган эмес. Маңдай тери менен байыган. Бизнеси көп. Кыш заводу бар, кафе-рестораны, чайканасы бар, көп да мунуку.

Ош аэропорту
Ош аэропорту

Жакындары Жалил Атамбаевди убагында канистралап бензин сатып, бизнес баштаганын айтып жүрүшөт.

Полковник Атамбаев учурда Ош аэропортундагы милиция бөлүмүн жетектейт. Ага чейин Ноокат райондук милициясын башкарып, Алмаз Ташиев аттуу журналист ноокаттык милиция кызматкерлеринин тепкисинен каза болгондон кийин кызматынан бошогон.

Жакында Ош аэропортунан миллиондогон долларлар каракталганда вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев аэропорт коопсуздугун көзөмөлдөгөндөр жоопко тартылышы керектигин айткан, бирок ал азырынча сөз бойдон гана турат.

Президенттин тууганыбы?

Интернетте бул киши тууралуу маалымат жокко эсе. Сүрөтүн да таппадык. Ошто анын ысмын жакшы билишкени менен көптөрү жүзүн көргөн эмес.

Интернеттеги маалыматка караганда, 2012-жылы Атамбаев Жалил Сатышович тарабынан “Жыныстык кылмыштардын криминологиялык жана кылмыш-жаза-укуктук мүнөздөмөсү” деген темада диссертация жазылган. Жалил мырза Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында туулган. Бир тууганы Нурпазыл Атамбаев бир кезде "Ак-Жол" партиясынан парламентке депутат болгон. Президент Алмазбек Атамбаев менен туугандык байланышы жок.

XS
SM
MD
LG