Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Бел-Алмага көз арткан капчыктуулар


Кыргызстандагы көмүр кендеринин бири.
Кыргызстандагы көмүр кендеринин бири.

Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кенин таасирдүү адамдар кайрадан талашып жатканы маалым болду.

Кыргыз өкмөтү Кадамжайдагы Бел-Алма көмүр кенин чалгындоого өткөн жылдын ноябрында эле ачык конкурс жарыялаган. Аталган конкурстун 1-баскычы бүгүн, 14-апрелде болуп кийинки турга “Перити Коал”, Беш-Арча жана “Ормош ойл” компаниялары өттү. Конкурстун кийинки этабы 27-апрелден кийин өтөт.

Бел-Алма Султановдун колундабы?

Бирок кара алтын жаткан Майдан айылдык кеңешинин депутаттары мурда жасалма лицензия менен көмүрдү мыйзамсыз казып келген ишкана конкурска башка ат менен кайрадан катышып жатканына нааразы. Алардын айтымында, көмүр кенин эки жылча мыйзамсыз иштеткен ишкана “Жаңы доор” деп аталса, эми конкурска “Ормош Ойл” деген ат менен катышууда. Жергиликтүү кеңештин атын атагысы келбеген мурдагы депутаты аталган ишкананын кызыкчылыгын парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султанов коргоп жатканын айтууда.

- Бул ишкананын “подставной” адамы Акылбек Султанов. Алар азыр “Жаңы доорду” “Ормош Ойл” деп өзгөртүп коюшту. Бул компанияга мурда иштеген эле кишилер толуп алды. “Жаңы доорго” биздин актынын негизинде кылмыш иши козголуп, 45 млн. айып пул салынган. Аталган сумманын төрт пайызы айыл өкмөткө түшүшү керек эле. Бирок аны эмдигиче берише элек.

Макала даярдалып жаткан маалда “Азаттыктын” редакциясына “Жаңы доор” жоопкерчилиги чектелген коому Акылбек Султановго катталганы, аталган ишкана Бел-Алма көмүр кенин казууга 2013-жылдын 25-мартында жасалма лицензия алганы тууралуу материалдар келип түштү.

Депутат Акылбек Султанов бир эле учурда Бел-Алма кенине конкурс жарыялаган 20 кишиден турган комиссиянын мүчөсү болуп саналат. Ал жогорудагы маалыматтар суу кечпейт деп ишендирүүдө.

- Биринчиден, “Жаңы доор” менин атымда экенин жана Бел-Алмага лицензия алганымды силерден угуп жатам. Эгер менин атымда болгондо тиешелүү органдар буга чейин эле суракка чакырышмак да. Менин “Ормош Ойл” ишканасына да эч кандай тиешем жок. Болгону комиссиянын мүчөсүмүн. Эгер комиссиядан чык десе кетип калганга деле даярмын. Менин ал жерде эч кандай жеке кызыкчылыгым жок.

Көз кызарткан 70 млн. тонна кара алтын

Анткен менен Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөн Зилалиев жасалма лицензия менен эки жыл бою көмүр казган Жаңы доор” ишканасына кылмыш иши козголгонун тастыктады.

- Алардын жасалма лицензия менен иштеп жатканын мен жеке өзүм аныктап чыккам. Биз бул боюнча тиешелүү органдарга бардык документтерди өткөрүп бергенбиз. Бирок буга депутаттын тиешеси бар-жогун билбейм. Муну прокуратура текшериши керек.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, “Жаңы доордун” жетекчилерине 2014-жылдын 12-февралында жасалма документ, мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон жана учурда соттун кароосунда. Тергөө учурунда 6 миң тоннага жакын көмүр мыйзамсыз казылганы аныкталган.

Бел-Алма кениндеги мыйзамсыз көмүр казуу. УКМКнын видеосу. 25.02.2014
Бел-Алмадагы бекер көмүргө маарыгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

Бел-Алмада бери дегенде 70 млн. тонна көмүр кору бар экени аныкталган. Бирок кен ушу кезге чейин мамлекеттин балансына өткөрүлгөн эмес. Карьер ачык ыкмада казылгандыктан ага көз кызарткандар оголе көп. Алардын арасында кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрү, капчыктуу адамдар дагы аз эмес. Маселен, 2009-жылдары аталган кенге парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков ээлик кылып келсе, кийин Ош аэропортунун милиция башчысы, ири ишкер Жалил Атамбаев ээлик кылганы эл ичинде айтылып келет.

XS
SM
MD
LG