Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Бел-Алманын бекерге кеткен көмүрү


Кыргызстанда кен байлыктарын коррупциялык жолдор менен ээлеп, каракчылык ыкма менен иштетип жаткан учурлар жок эмес.

Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңеши Бел-Алма көмүр кени мыйзамсыздык менен казылып, экологиялык чоң зыян келтирип жатканын аныктап чыккан. Текшерүүгө барган жергиликтүү кеңештин депутаттарын кенди иштетип жаткандар курал менен тосуп алып, текшерүү иштерин толук жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.

90 млн. тоннага жакын көмүр кени бар Бел-Алма кенин иштетүүгө уруксат 2010-жылы “Прито-Коол-Юг” жоопкерчилиги чектелген бирикмесине берилген. Уруксат ал кездеги Минералдык ресурстар боюнча министрлик тарабынан эки жылдык мөөнөткө берилген. Бирок кен Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл округунда жайгашканына карабастан, айыл округунан уруксат суралган эмес. Кабар да берилген эмес.

Ушул эле кенди иштетүүгө агенттикке айланган министрлик “Азия пасифик ресурсеске” 2011-жылы эки жылдык мөөнөт менен дагы бир жолу берген. Бул ирет да айылдык кеңеш менен макулдашкан эмес.

Бул компаниялар эч кандай долбоор түзбөстөн, экологиялык экспертиза жүргүзбөстөн эле көмүр казууга киришкен. Көмүр кени Исфайрам дарыясынын башатында жайгашкандыктан аны долбоорсуз, өзүм билемдик менен казуу суу коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө, деп белгиленген айылдык кеңештин комиссиясынын корутундусунда.

Майдан айыл округунун аймагында жайгашкан кенди текшерүү үчүн барган айылдык кеңештин депутаттарынан турган комиссияны компаниянын куралдуу күзөтчүлөрү коркутуу менен тосуп алган. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Кудайберди Азимов билдирди:

- Төрт адамда тапанча бар экен. Чөнтөгүнөн алып, кайра салып, бизге моюн сунбасаңар мындай болот дегендей ишарат көрсөтүп койду.

Айылдык кеңештин депутатынын айтымында, коркутуулар азыркы кезде да болуп жатат. Бул маалымат 29-августта айылдык кеңештин сессиясында айтылганын кеңештин төрагасы Боркош Жамшитов “Азаттыкка” тастыктады:

- Төрт адам телефон чалып, коркутууларга чейин барып жатат деп айылдык кеңештин сессиясында азыр маалымдалды.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Бел-Алма көмүр кенинде түзүлгөн абал тууралуу буларды билдирди:

- Бел-Алмадагы абал жөнүндө менде маалымат бар. Бүт баары биздин көзөмөлдө. Азыркы убакта биз ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Ал жерде “Прито-Коол-Юг” жана “Азия пасифик” деген эки компания иштеп жатат. Алар менен биз соттошуп атабыз. “Прито Коол” деген компаниянын лицензиясы сот тарабынан жокко чыгарылды. Ал эми экинчи компаниянын лицензиясынын тагдырын жакын арада чечебиз.

Майдан айылдык кеңештин комиссиясынын маалыматы боюнча, мыйзамсыз казылган көмүр Алай району аркылуу ташылып кетүүдө. Быйылкы жылдын төрт айында эле 500 млн. сомдон ашуун суммага көмүр сатылган. Жыл ичинде ал 1 млрд. сомго жетиши күтүлөт. Бирок жергиликтүү айыл өкмөткө бир тыйын да салык төлөнгөн эмес. Натыйжада Майдан айыл округу салыктан 16 млн. сомго зыянга учураса, республикалык бюджет 60 млн. сомдон ашуун жоготкон.

Майдан айыл округунда алтын кендерин иштетүүдө да жаңжал чыккан. Жергиликтүү калк Исфайрам дарыясына жакын жерге комбинат курууга каршы чыгып, бул экологиялык зыян алып келет деп чочулашууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов региондогу кен иштетүүдөгү карама-каршылык туруктуулукка коркунуч туудуруп жатканын буга чейин парламентте эскерткен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG