Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Ош аба бекети: карактоолор канткенде токтойт?


Ош аба майданындагы соңку карактоого шектүүлөр аныкталды. Ички иштер министри Мелис Турганбаев аэропорттон ири суммадагы акчаны алып кеткен бул куралчан топ жакында кармалат деп убада кылууда.

Бул окуя чоң суммадагы накталай акчалардын жүгүртүлүшү, чек арадан алынып чыгышы жана андагы көзөмөл, коопсуздукка байланыштуу бир катар суроолорду жаратты.

Ош аба майданындагы соңку карактоону Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы иликтеп жатат. Аталган башкармалыктын жетекчиси Адилбек Ботобаевдин билдиришинче, алынып бараткан чоң суммадагы акча тууралуу бир топ адам билген жана мындай ири көлөмдөгү акчалар буга чейин да Кытайга, Түркияга жана Араб Эмиратына такай ташылып келген.

- Ал жерде үч стол турат. Ошол столдордо үч аял акчаны кабыл алып, баштыктарына салып жаткан. Ошол маалда каракчылар кирип келип, баштыктарды алып кеткен. Бул акчалар тууралуу көп адам маалым болгон. Ушундай жол менен жумасына эки ирет Түркияга, Дубайга жана Кытайга акча жөнөтүлүп турган. Мурун да ушундай факт болгон, анда ошол эле жерден 4,5 миллион доллар каракталган. Ага чейин 1 миллионго жакын доллар алып кетишкен. 4,5 миллион долларды алып кеткендер аныкталып, айрымдары кармалган, кээ бирлери издөөдө жүрөт.

Ири суммадагы накталай акча ташуудагы коопсуздук маселесин козгогон Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов акча ташыгандарга мындайча кеңеш берди.

- Фирма болобу, же жеке адамбы, ким болсо да ири сумманы алып чыгып бараткандан кийин коопсуздук жагын ойлошу керек. Акчаны банк аркылуу которуп, же болбосо жанына куралдуу күзөт алышы зарыл эле. Өзүнүн да, акчанын да коопсуздугуна кам көрүлүшү керек болчу. Аэропорттогу окуяда ошону караган киши болгон эмес, өздөрү да шалаакылык кылышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, сыртка алынып бараткан акчанын суммасы 3 миң доллардан ашса, милдеттүү түрдө чек арадан чыгаарда бажыканада декларация толтурулат. Ош аба майданы Бажы кызматынын Түштүк-батыш башкармалыгына карайт. Аталган башкармалыктын жетекчи орун басары Алтынбек Торутаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, декларацияда акча кайсы өлкөгө алынып баратканы жазылат, ал эми кайдан алынганы көрсөтүлбөйт.

- Декларацияда акчанын суммасы жазылат, кайсыл жакка алынып барары көрсөтүлөт. Мурдагы жылдын жыйынтыгы боюнча Ош аба бекети аркылуу 245 миллион доллардан ашык акча чыккан. Былтыр болсо 219 миллион доллар суммасындагы акча ташылган.

Ош аэропортундагы карактоого шектүүнүн фотороботу
Ош аэропортундагы карактоого шектүүнүн фотороботу

Адистердин айтымында, Кыргызстанда ири суммадагы акчаны накталай жүгүртүү кадимки көрүнүш. Талдоочу Кубан Чороевдин баамында, бул көмүскө экономиканын бир көрүнүшү болуп эсептелет.

- Бул Кыргызстандагы көмүскө экономиканын масштабын көрсөтүп турат. Адатта өнүккөн өлкөлөрдө мындай ири суммадагы акчалар накталай жүгүртүлбөйт. Кыргыз экономикасынын өзгөчөлүгү ушунда болуп жатат. Дооллар да көп, накталай жүгүртүү да чоң. Муну чектеген бир жагынан туура, экинчи жактан зыяндуу да жагы бар. Эгер банк аркылуу жөнөтсө, кимге, качан жана каякка барганы текшерилет эле. Ал эми накталай болгондо көзөмөл болбой калып жатат. Ошон үчүн акчаны накталай жүгүртүүнү чектесе болот. Бирок бул коррупция өңдүү көрүнүштөрдү жаратышы мүмкүн. Андыктан бул өзүнөн өзү жоюлса жакшы болмок.

Ошто аба майданда 27-декабрда ири суммадагы акча каракталган. Беткапчан, куралчан, “спецназ” деген жазуусу бар кара кийим кийген беш адам Ош-Үрүмчү каттамына түшмөкчү болуп,VIP залда отурган адамдарды карактап кеткен. Акчанын суммасы 5 миллион доллардан ашык экени айтылган болчу. Ал эми бейрасмий булактарга ылайык, 13 миллион доллар каракталган деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG