Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Апрел каарманы: Алымбек кокустан өлгөн жок...


Алымбек Аракеев
Алымбек Аракеев

7-апрелди утурлай жыл сайын Алымбек Аракеевди эскерүү үчүн анын жердештери волейбол боюнча турнирин өткөрүп келишет. Бүгүн да Ош облусунун Каракулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн онго жакын айылынан аны эскергени келишти.

Алымбек жалган түш ченде үйүнөн шашылыш аянтка чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Айрымдар алдыда басып, элди качпагыла деп сүрөп жүргөнүн теледен көрдүк дешсе, башкалары аны туу кармап, аянтка келген чоң машиненин үстүндө болчу дешет.

Үйлөнгөнүнө эки жарым гана жыл болгон. 25 жаштагы Алымбекке 7-апрель күнү көзгө атардын огу жаңылып, оор жараттан ооруканада жан берген. Канткен менен анын үй-бүлөсү, агезде бир жаштан эми өткөн уулу Байэл, келинчеги Максат Алымбектин көптүн бири катары эмес, чыныгы күрөштүн арты менен курман болгонуна ишенишет:

- Ошол кан төккөн балдардын ичинен өзгөчө бөлүнүп турат деп айта алам. Анткени ал жөн эле барып телефонго тартып атып, же жөн эле көргөнү барып өлгөн эмес. Өзү саясатка кызыгып, ошол жактан орун тапканга аракет кылчу. “Ата Мекен” партиясынын өкүлү болчу. Ысык-суукта, ачка калып, жалаң сендвич менен отурган күндөр болду. Милиция алып барып камап салчу, урду деп келчү. Ошол кыйынчылыктардын баарына чыдап, жеңип келаттык эле.

Алымбектин жубайы менен эжеси
Алымбектин жубайы менен эжеси

Агездеги оппозициялык партиянын жаштар канатынын жигердүү мүчөсү Алымбектин теңтуштары азыр бийлик башына келип, бир кездеги ачка-ток, токмок жеген күндөр эми унутулду. Бирок, Алымбекти унутпай, жыл сайын анын элесине арнап турнир өткөрүп жүргөн партиялашы Бакыт Калпетов үчүн ал күндөрдү эскерүү оорго турат:

- Жакында сүрөт көргөзмө өтпөдүбү. Мен ошого көп баргым келбейт. Анткени өлгөндөрдүн арасында көп тааныштарым бар эле. Кечээ барып, алардын, Алымбектин ок жеп, бирөөлөр көтөрүп бараткан сүрөттөрүн көрүп ыйлап келдим. Алымбек өзү өтүп кетсе да, элеси биздин ынтымакты чыңдап келет.

Бирок, коомчулукта апрель окуясында каза болгондор боюнча түрдүү пикирлер айтылып келет. Бирлери, андагы каза болгондордун саны талап-тоноо учурунда, башкалары таптакыр башка жакта өлгөндөрдүн эсебинен көбөйгөн деп айтышса, кайсы бири курман болбой эле Орусияда жашап жүргөнү боюнча да маалымат чыккан.

Алымбек Аракеевдин элесине арналган спорттук иш-чара
Алымбек Аракеевдин элесине арналган спорттук иш-чара

Алымбектин агаларынын бири Шаамырза Рахман уулу анын айынан апрель каармандары дискредитацияланып жатканына кейийт:

- "Кимди ким көрдү, Быржыйбайды там басты" болгон учурдан пайдаланган да кишилер болбодубу. Бирлери эртеңки күнгө кайгырып, эмне болот деп атса, мындай кылсак мындай болот, бул өлүп калса тигиндей болот деп алдын-ала ойлонгондор да болгон. Ар бирин ийне-жибине чейин тактап коюш колдон келе турган нерсе да. Ошентип тыкыр иликтеп тактабаган үчүн, бирөөнүн айынан башка, чыныгы идея үчүн курман болгондорго көө жабылып атат.

Ошентип, Алымбек жана ага окшогон ондогон карапайым адамдар жаркын идеяны жүзөгө ашырыш үчүн, үй-бүлөлүк, коррупция, криминалга чырмалган бийликти кулатыш үчүн чоң казатка жанын арнашты, майып болушту. Ал эми алардын арты менен көксөгөн бийлик колго тийгенден кийинки жагдай кандай болду, ал башка маселе.

XS
SM
MD
LG