Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Апрель сотундагы соңку табышмак


Апрель окуясы боюнча сот жараяны, 14-декабрь.
Апрель окуясы боюнча сот жараяны, 14-декабрь.

14-декабрдагы сот жараянында УКМКнын издөө салынган мурдагы төрагасы капылет пайда болушу азырынча табышмак бойдон калууда.

Качып жүрөт делген генерал Мурат Суталиновдун сот залына келгенин алгач эч ким байкабаганы айтылууда. Ал сот залынан камакка алынып, кайра дароо эле үй камагына бошотулушу нааразылыктарды жаратууда.


Сот чын эле байкаган эмеспи?


7-апрель окуясы боюнча сот жүрүп жаткан залда Улуттук коопсуздук кызматынын мурагы төрагасы, эл аралык издөөдө жүргөн Мурат Суталиновдун пайда болгонун адегенде эч ким байкаган эмес. Ал 7-апрелде элге каршы ок аткан, оор жана өтө оор кылмыштарды жасаган деп айыпталып, ошол окуядан бери издөөдө жүргөн.

Суталинов сот залындагы темир тордо (ортодо).
Суталинов сот залындагы темир тордо (ортодо).
Жабырлануучулар сотто Суталиновдун отурганын байкап калып, нааразы болгондон кийин гана ал соттолуучулар менен бирге сот залындагы темир торго киргизилген.

“Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев нааразычылыгын мындайча билдирди:

-Анын залда отурганын судья Дамир Оңолбеков да, сотко катышып жаткан прокуратуранын 10 чакты өкүлдөрү да айтышкан жок. Унчукпайт баары сүйлөшүп алышкандай. Суталинов болсо залда бош эле отурат. Ошого нааразы болуп айтып чыктым, силер эмне сүйлөшүп алгансыңарбы деп. Анан гана темир торго камашты.

Анткен менен сот бул күнү ишин демейдегидей эле улантууга киришти. Суталиновдун буга чейин кайда жүргөндүгү жана эмне үчүн сотто пайда боло калгандыгына судья көңүл буруп, тактоого аракет кылбагандыгына жабырлануучулар нааразы болушту.


Сотто дагы чыр чыкты


Бул күнкү сотто Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, Убактылуу өкмөттүн орун басары Өмүрбек Текебаев жана Акыйкатчы Турсунбек Акун көрсөтмө берди. Турсунбек Акун көрсөтмө берип жатып, 7-апрелдеги кандуу окуяларга Мурат Суталинов күнөөлүү экендигин айтты.

Ал эми Мурат Суталинов Турсунбек Акунга суроо узатайын дегенде жабырланучулар ага каршылыгын билдирип, сот жараянын үзгүлтүккө учуратты. Алар колдорундагы буюм-тайымдарын Суталиновду көздөй ыргытканга үлгүрүштү.

-Эмне үчүн Суталинов бул жерге акырын келип отуруп калат. Суталиновдун келгендиги жөнүндө бизде маалымат болгон эмес. Келип алып мага сөз бергиле деп жулунуп жатат. Бул жерде сот дагы туура эмес сүйлөп жатат, - дешти нааразы тараптагылар.

Мындай кырдаалдан улам сот 15 мүнөт тыныгуу жарыялап, коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мурат Суталиновдун келгени
белгилүү болор замат камакка алынышы керектиги айтты:

- Ал сотко келип отуруш керек. Анын сотко келгенин байкабай калышканы бул жердеги кызматкерлердин күнөөсү


Акыйкатчы Суталиновду араң тааныганын айтууда


Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” маегинде Мурат Суталиновду 7-апрель боюнча күнөөлүү деп билдирди.

- Мен Суталиновдун келгенин билмек тургай, өзүн тааныган жокмун. Мага азыр эле сүрөттөн көрсөтүшкөндө да тааныбай койгом. Бул эбак эле камалышы керек болчу. Издеп жатсак, бул болсо эркин эле жүрүп, залда пайда боло калганы кандай? Бул күлкү келе турган көрүнүш. Судья өзү да билбей калыптыр.

Андан кийин уланган сот отурумунда 7-апрелдеги окуяда жабырлангандар сотко катышпай тургандыгын айтып, залдан чыгып кетишти. “Мекен шейиттери” кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев бул аракетти сотко төрагалык кылуучу Дамир Оңолбековдун 29-декабрда сот ишин алып барууга ыйгарым укугу токтойт, бул кыска аралыкта Оңолбеков шашылыш чечим чыгарып коюшу мүмкүн деген кооптонуу бар деп түшүндүрдү. Ошондой эле Суталиновдун күтүүсүз пайда болушу да буга түрткү болуп жатканын айтты.

Бирок жабырлануучулардын чыгып кеткенине карабай, судья сот отурумун улантарын билдирди. Андан кийин уланган сот жараянында Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндү.

- Мен сотто анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүчүн келтирдим. Анткени ал өзү сотко келип отурат. Суталиновду эч ким кармаган жок. Чындыгында, ал адилеттүү чечим чыгыш үчүн сот жараянына катышууга далалат кылып жатат. Мен аны менен сотко кирерде сүйлөштүм. Ошондон улам айта алам, эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, кылмыш жоопкерчилигин тартууга даяр.

Бирок мамлекеттик айыптоочу, башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев буга каршылыгын билдирди:

- Биз караманча каршыбыз. Анткени соттолуучу Суталинов оор жана өтө оор кылмыш кылган деп айыпталып жатат. Албетте, анын сотто пайда болушу бул башка маселе. Өзүңөр көргөндөй жабырлануучулар да, коомчулук да азыр ар кандай пикирлерин айтып жатат. Ошондуктан биз мурда камакта болсун деген чечимди күчүндө калтырабыз.


Үй камагына бошотуу


Деген менен судья Дамир Оңолбеков Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаевдин өтүнүчүн канааттандырып, Мурат Суталиновду үй камагына чыгаруу боюнча чечим чыгарды. Ал эми сот залынан бошотулган Мурат Суталинов журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн караманча баш тартты. Аны тааныгандардын баары Суталиновдун тышкы келбети абдан өзгөрүп кеткендигин айтышууда.

Анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Ал бул аралыкта кайда жүргөнүн, кайсы жерде турганын билбейм. Эгер ал издөөдө жүрүп, чек араны кесип өтчү болсо, менин оюмча аны өткөрүшпөйт болчу. Экинчиден, ал Казакстанда, Орусияда же дагы башка жерлерде жүрдү деген боюнча мен эч нерсе айталбайм. Менин оюмча, ал Кыргызстандын эле аймагында болгон болуш керек.

Эл аралык издөөдө жүргөн Мурат Суталиновдун бүгүн сотто пайда болушу жана анын ушул эле күнү үй камагына чыгарылышы коомчулукта кызуу талкууланууда. 7-апрел соту боюнча жалпысынан 28 адамга айып коюлган. Мурдагы президент Курманбек Бакиев, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев менен бирге оор кылмыш кылды делгендердин катарында Мурат Суталинов да бар.

2010-жылы 7-апрелде атылган октон 87 адам мерт болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алган.


14-декабрдагы сот жараянынан сүрөтбаян



XS
SM
MD
LG