Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Апрель окуясы: элге окту ким ачкан?


Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева 7-апрелде жыйырмадай жалданма көзгө атар элге карата ок ачканын айтып чыкты.

Ал мындай пикирин 7-декабрда 7-апрель cоту боюнча сотто күбө катары көрсөтмө берип жатып билдирди. Бирок айрымдар анын сөздөрү эч кандай далилдерге негизделбегенин айтышууда.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева 7-апрелде Бишкектеги "Форум" ишканасынан Ак үйгө чейин келип, эл арасында жүргөндөрдүн бири. Ал апрель сотунда көрсөтмө берип жатып, ошол күнү элге карата ок аткан жалданма көзгө атарлар болгонун билдирди.

- Биз ошол жерде жүргөндө 22 адам экен деп балдар эсептеген. Мен өзүм үчөөнү Ак үйдүн үстүнөн көрдүм. Тарых музейинин жана “Илбирстин” үстүнөн дагы үчөөнү көрдүм. Биз алар “Илбирстин” үстүнөн чуркап баратканын көрдүк.

"Божомол факты боло албайт"

Анткен менен укук коргоочунун берген көрсөтмөсү чындыкка коошпойт дегендер да болууда. 7-апрелде набыт болгондордун жакындарынан жана жабыр тарткандардан түзүлгөн “Мекен шейиттери” кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариевдин айымында, Үмөталиева далилдерге эмес, жөн гана божомолдорго таянып билдирүүдө.

- Сөздөрүнүн баары тек гана божомол. Өзү көргөнүн айтпайт. “Ак жумал, бирок кавказ улутуна окшош, мурду коңкойгон” дейт. Мунун баарын ал кайдан алып жатканын түшүнгөн жокпуз. Анын сөздөрүн биз эсепке деле алган жокпуз.

Өткөн жылы май айында Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров да көзгө атарлар кармалганын маалымат жыйынында билдирген болчу. Бекназаров “Азаттык” менен маегинде, көзгө атарлар боюнча мындайча түшүндүрмө берди:

- Көзгө атарлар бүгүн кармалып турушат. Алар Бакиевдердин, Мамлекеттик күзөт кызматынын жана “Альфанын” көзгө атарлары. Ошолор көзгө атарлар деп эсептелет. Ал эми кимдер атканын ошолор билет да,“бул аткан, тигил аткан” деп айтышпайбы. Башка жалданган көзгө атарлар болсо да алар өздөрү билет. Ошолор айтыш керек.

Сот адилеттиги болобу?

7-апрел соту боюнча элге каршы курал колдонгон, массалык адам өмүрүн кыюуга барган деген шек менен жалпысынан 28 адамга күнөө коюлууда. Алардын башында учурда издөөдөгү мурдагы президент Курманбек Бакиев жана мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев баштаган бир нече адам бар.

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Мындан тышкары Мамлекеттик күзөт кызматынын жана Улуттук коопсуздук комитетинин атайын бөлүктөрүнүн жоокерлери да айыпталып, учурда кармалып турушат. Алар өздөрүнө коюлган айтыптарды четке кагып келишүүдө.

“Альфа-антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков сот иши калыс жүрбөй жатканын айтып, сот жалданма көзгө атарлар боюнча берилген көрсөтмөлөрдү эске алышы керектигин белгиледи.

- Буларды дагы бир ирет текшерип чыгыш керек. Мыйзамдуу, адилеттүү сот ишин камсыз кылып, аягына чыгарабыз десек ошондой жолго барышыбыз керек. Азыр бир топ жоокерлерди жазага тартып жатышат. Бул жерде сот иши бир тараптуу гана каралып жатат.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдынан 87 адамга ок тийип каза болуп, жүздөгөн адам жараат алган болчу. Аларды көзгө атарлар аткан деп айтылып келет.

XS
SM
MD
LG