Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Апрель окуясы: созулган сот иши качан уланаары белгисиз


Апрель окуясы боюнча алгачкы соттук отурум, 17-ноябрь 2011-жыл
Апрель окуясы боюнча алгачкы соттук отурум, 17-ноябрь 2011-жыл

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси апрель соту жөнсүз создугуп жатканын билдирип, буга Бакиевдердин жактоочуларынын негизсиз ишеним көрсөтпөө өтүнүчтөрү себеп болуп жатканын билдирип чыкты.

Айыпталуучулардын жактоочулары болсо соттук жараянды создуктурууга кымындай да ниети жок экендигин айтып актанууда. Апрель соту акыркы жолу 6-июнда болуп, Бакиевдин жактоочусу Ирина Камарданын прокурорлорго ишеним көрсөтпөй, Жогорку Сотко кайрылганынан улам белгисиз мөөнөткө жылган.

“Мекен шейиттери” эмнеге нааразы?

«Мекен шейиттери» коомдук бирикмеси апрель окуялары боюнча соттук жараян чубактын кунундай чубалып жатканын билдиришип, буга айыпталуучулардын жактоочулары түздөн-түз кызыктар экендигин белгилеп жатышат.

Аталган бирикменин төрага орун басары Нурия Айдабосунованын айтымында, Бакиевдердин жактоочулары бирде судьяга, бирде котормочуларга ишеним көрсөтпөө менен убакытты создуктурууну көздөшүүдө:

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев жана төрага орун басары Нурия Айдабосунова маалымат жыйынында, 6-июль.
- Силер билесиңер, күнөөлүүлөрдүн адвокаттары ар кандай жолдор менен сотту чоюуга аракет кылып жатышат. Алар улам эле бир даттануу, арыз жазышып, сотту артка четтетип жатышат. Биз буга уруксат бербейбиз. Сот аягына чейин чыгыш керек. Эгер алар күнөөлүү эмес болсо, сотто аны далилдешсин. Өзүңөр билесиңер сотто жарадар болгондор аткандарды көзмө-көз таанып жатат. Ошондуктан бул процессти жөн эле калтырып коюуга болбойт. Биздин аркабызда кыргыз эли турат. Эгерде бул сот болбой кала турган болсо, карапайым эл көтөрүлөт. Алар мындай калыссыздыкка чыдап тура албайт.

Мындан тышкары “Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси Орусияда кармалганы кабарланган, Бакиевдердин жакындары атыккан сегиз адамдын Кыргызстанга экстрадиция кылынбай жатканына нааразы. Ошондой эле апрель окуяларынан кийин улутташтырылышы керек болгон объектилер, эски ээлеринин колуна өтүшү мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Мындан улам 7-апрелден кийинки бардык териштирүүлөрдү калыс жүргүзүү талабы коюлууда.

Камарда: Сотту создуктурууга кызыктар эмесмин

Ал эми өткөн жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча айыпталып жаткандардын жактоочулары өздөрүнө карата айтылган дооматтарды четке кагууда. Маселен, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин таламын талашып жаткан адвокат Ирина Камарда жөн жерден эле ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүч билдирбегенин, ага негиз болгон себептер көп экендигин ачыктады:

Ирина Камарда
- Мен бул жараянга дайындоо жолу менен катышып, акысыз иштеп жатсам, аны создуктурууга кандай кызыкчылыгым болушу мүмкүн. Мага эч ким көрсөтмө берген жок. Бул сотко катышканым үчүн эч ким мага акча төлөбөйт. Менин жеке оюмда, бул жараян эртерээк бүтсө болмок. Мен өзүмдү адис катары эсептегеним үчүн, ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн билдиришим керек. Себеби, бул процесс мыйзамга туура келбеген жагдайда өткөрүлүп жатат. Өзгөчө издөөдө жүргөн адамдар үчүн. Башкача айтканда, алар Бакиев, Үсөнов жана башкалар. Аларга айып угузулбагандан кийин айыпталуучу боло алышпайт.

Апрель соту март айында жаңы соттук курам менен улангандан бери Бакиевдин жактоочусу Ирина Камарда ишти караган судья Дамир Оңолбековго бир нече ирет ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн билдирген. Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, соңку отурум 6-июнда болуп, бул жолу Камарда мамлекеттик айыптоочуларга ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөн.
7-июлда Жогорку Сот Ирина Камарданын мамлекеттик айыптоочулардын толук курамына ишенич көрсөтпөө боюнча өтүнүчүн карайт, соттун уланышы анын жыйынтыгына жараша болот ...

Анын өтүнүчүн судья Дамир Оңолбеков жарым жартылай канааттандырып, ишке катышып жаткан 12 прокурордун төртөөнү жараяндан четтеткен. Прокурорлордун баарын четтетүү керектигин билдирген Камарда, чечимге макул болбой, Аскер сотуна апелляциялык арызын берген. Аскер соту Камарданын өтүнүчүн 20-июнда карап, негизсиз деп тапкан. Ирина Камарда мындай чечимге каршы болуп, Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылган.

Сот качан уланышы мүмкүн?

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев эми Камарданын көзөмөл арызы 7-июлда караларын, андан соң апрель сотунун качан уланаары белгилүү болоорун “Азаттыкка” билдирди:

- 7-июлда эми Жогорку Сот Ирина Камарданын жанагы мамлекеттик айыптоочулардын толук курамына ишенич көрсөтпөө боюнча өтүнүчүн карайт, соттун уланышы анын жыйынтыгына жараша болот. Эгер бул өтүнүчтү сот четке кага турган болсо, анда катышып жаткан мамлекеттик айыптоочулар мындан ары да ишин уланта бермекчи. Ал эми 7-апрелге байланышкан соттук отурум качан кайра уланаары боюнча дагы кошумча маалымат берилет.


Бишкектеги Спорт ордосунун жанындагы жардыруу болгон жер. 2010-жылдын 30-ноябры.

Кыргызстандын тарыхындагы эң ири соттук жараян атыккан апрель соту өткөн жылдын ноябрь айында башталган. Анда 2010-жылдын 7-апрелиндеги ок атууларга тиешеси бар жана Бакиевдин бийлиги тушунда бир катар мыйзамсыз аракеттерге аралашкан деген айып менен 28 аткаминер сот жообуна тартылган. Ал эми Кыргызстандан сыртта жүргөн Курманбек Бакиев баштаган алты адамга сырттан айып угузулган.

Сот жараяны Бишкектеги Спорт ордосунда жүрүп, 30-ноябрдын таңында имараттын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. 18-мартта соттук ишти Бишкек гарнизондук Аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков жетектеген жаңы курам териштире баштаган.

Соттук жараянга 300дөн ашык жабырлануучу катышып, бүгүнкү күнгө карата алардын 145и көрсөтмө берип бүттү. Жабырлануучулардын жарымы да толук суралып бүтпөгөнүн, айыпталуучулар да көрсөтмө бере электигин эске алганда, апрель соту дагы узак убакытты талап кылчудай.

XS
SM
MD
LG