Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Эркебаев: Сот аягына чыкпаса, уят болобуз


Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча соттук жараяндын күңгөй-тескейи тууралуу коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев ой-пикирин ортого салды.

- 7-апрель окуясы боюнча алгачкы сот мындан бир жыл мурда, былтыр ноябрь айында башталганына карабастан ушул күнгө чейин аяктай элек. Мунун себеби эмнеде? Жараяндын мынча убакытка создугушу табигый эле көрүнүшпү же айрым адамдардын алешемдигинен улам иш узарып жатабы?

- Биринчиден, бул маселе өтө оор экенин мойнубузга алышыбыз керек. Кыргызстандын тарыхында мындай соттук жараян болгон эмес. Масштабы, тереңдиги жана натыйжасы боюнча бул сот өтө көп кырдуу. Адамдардын өлүмүнө, азыркылардын да тагдырына тиешелүү маселе. Ошону эске алышыбыз керек.

Экинчиден, баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүтүп келе жаткан эң негизи маселе, ошол окуяга түздөн түз себепкер болгон, кан төгүүнү уюштуруп, ага буйрук берген адамдар кармалбай, сыртта жүрөт. Албетте бул соттук жараянга түздөн түз таасирин тийгизүүдө.

Жабырлануучулар болсун, же ошол ишке аралашкандар болсун, айрыкча биз буйрукту аткардык деген аскер адамдарды айтып жатам. Мурдагы президент Бакиев өзү болбосо да, буйрук берди деп айтылып жаткан Жаныш Бакиевдин убагында кармалбай чыгып кеткени ишке аябагандай эле таасирин тийгизет.

- "Чабактар гана соттолуп, жаяндары жоопко тартылбай жатса", апрель соту өзүн актайт деп айта алабызбы?

- Мен да эл сыңары ошол пикирдемин. Абдан өкүнөм. Бул түздөн түз биз тараптан, ошол мезгилдеги бийлик тараптан кеткен кемчилик. Жалал-Абаддан анын сөзүнө ишенип чыгарып жибергенибизчи. Ушуну эске алышыбыз керек. Мен да жоопко тартылып жаткан катардагы жоокерлерди, алардын үй-бүлөлөрүн туура түшүнөм.
Эгер бул иш аягына чыкпаса, биз өзүбүздүн элибиздин жана жалпы дүйнөнүн алдында уят болуп калабыз.

Биз саясий жана моралдык жоопкерчилигибиз бар экенин мойнубузга алышыбыз керек. Эми катышуучулар өтө көп болуп жатпайбы. 28 киши айыпталып, алардын бир катары жок. Көзмө көз көргөзмөйүн мындай иштер абдан кыйын болот.

- Айыпталуучулардын адвокаттары кайра-кайра судьяга ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп келишет. Адвокаттар бул жараянда мыйзамга туура келбеген жагдайлар көп экенин, бул соттук процесске саясий бойоктор кыйла аралашып кеткенин айтышат. Чындап эле 7-апрель окуясы боюнча “ким жазаланса да, иши кылып өтсүн, аяктасын” деген мамиле болуп жатабы?

- Мен ушул сот башталганда эле айттым эле. Бул өтө татаал, оор маселе, муну саясий шоу катары жасабоо керек дегем. Айрыкча Спорт сарайында элдин баары дүрбөп, козголду. Мындай иштерге өтө кылдат, жоопкерчилик мамиле жасалышы керек эле.

Элдин баарын дүрбөтпөй, кесипкөйлүк менен, сот тиешелүү адамдардын катышуусунда болушу керек эле. Ошон үчүн жанагындай чыр-чатактар чыкты. Отурган жерде, сыртта кысым көрсөтүүлөр болду. Ачыгын айтканда, Кыргызстанда сот бийлиги начар эмеспи, ошонун айынан бул иш ырбап жатат.

- 30-ноябрда экс-президент Роза Отунаева парламент алдында акыркы президенттик сөзүн айтып жатып, бул соттук жараянды аягына чыгарууга чакырган эле. Жаңы мамлекет башчы шайланды, жаңылар бул милдетти аткарып, апрель соту аягына чыгабы? Же Аксы окуясындай улам созула береби?

- Эгер бул иш аягына чыкпаса, биз өзүбүздүн элибиздин жана жалпы дүйнөнүн алдында уят болуп калабыз. Анан негизгиси кандай гана болбосун, бардык аракетти жумшап, негизги күнөөкөрлөрдү алып келүүнүн камын көрүү керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG