Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:32

Парламентти таратууга кимдер кызыкдар?


парламент
парламент

Саясий чөйрөдө Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда тарар-таркабасы тууралуу сөздөр кызыды.

КСДП өз катарын тазалайбы?

Бийликке ыктаган айрым жалпыга маалымдоо каражаттары кийинки парламенттик шайлоого бара турган партиялардын чарк-чамасы, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тазаланышы, жаңы тизмеси, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кийинки кадамдары тууралуу божомолдорду байма-бай жаза баштады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин саясатка аралашпай турганын айтып келген. Кыргызстандын саясий турмушундагы башкы бүйүр кызыткан окуя болгон КСДПнын курултайынын өтө турган мөөнөтү бир канча жолу алмашты.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Алмаз Үсөнов жыйын болжол менен эми апрелге белгиленгенин "Азаттыкка" билдирди.

Ал "Алмазбек Атамбаев партиянын жаңы тизмесин түзүп жатат" деген сөздөрдү төгүндөдү.

КСДПнын желеги
КСДПнын желеги

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков 12-февралда "Азаттык" менен болгон маегинде курултайдын апрель айына белгиленгенин ырастады. Ал башкаруучу партияны тазалоо маселесине токтолду: ​

- Өткөн апталарда Алмазбек Атамбаев экөөбүз жолукканбыз. Ал киши курултай боюнча пикирин айтты. Ушул апрель айында деп турабыз. Албетте, мен партиянын тазаланышы тууралуу көп эле сөздөрдү угуп жатам. Партия өзүн көз карашы, позициясы бар, Кыргызстанда жалпы социал-демократиялык принциптерди туу туткан адамдардан тазалайбы же өз пикирин айтпай, ээрчиме болгон кошоматчылардан, ууру-кескилерден тазалайбы - маселе ушунда. Биздин партия чындап эле бүгүнкү күндө саясий партиялардын флагманы, соңку алты-жети жылдан бери Кыргызстандын мамлекет катары өнүгүшүнө салым кошуп келаткан партия катары сөзсүз түрдө сын көз менен карап турушу керек.

Турсунбеков: Атамбаевге жолуктум...
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:11 0:00

Парламенттин тагдыры...

Соңку учурда бийликчил же бийликке ыктаган айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда тарашы тууралуу макалалар байма-бай жарыялана баштады. Анда "КСДПдан башка күчтүү партия калган жок" деген мазмундагы пикирлер басымдуу.

Бирок парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок экенин билдирди:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

- Парламентти таратуунун үч гана жолу бар. Биринчиси - эгер парламент башкаруучу коалицияны төрт жолу курай албай калса. Менимче, бул жол өтө татаал, себеби Конституцияга кирген жаңы нормалар боюнча коалициядан чыгуунун жол-жобосу татаалдашкан. Башкача айтканда, "үчтөн эки добуш менен, ар биринин колу менен чыгат" деген норма бар. Экинчи жол - эгер Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөсө, президент же өкмөттү, же парламентти таркатканга укугу бар. Азыркы өкмөттү парламент да, президент да колдоп жатат. Мындайча айтканда, парламент менен өкмөттүн ортосунда карама-каршылык жок. "Кырк кадам программасы", "Жаңы доор" боюнча конструктивдүү ойлорду, оппозиция болобу, позициябы, колдоп жатат. Албетте, анча-мынча чарбалык-экономикалык маселелер жок эмес. Ал ар дайым болгон жана мындан ары да боло берет. Үчүнчү жол - бул парламенттин өзүн өзү таркатышы. Үчтөн эки же 80 добуш менен мыйзамдуу кабыл алынат. Анын да жол-жобосу жазылган. Ушул үч жолго тең бүгүнкү күндө негиз жок.

"Азаттык" өлкөнүн саясий турмушундагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ролу тууралуу Мирлан Бакировдун пикирине кызыкты.

- Алмазбек Атамбаев өз милдетин аткарып, конституциялык мөөнөтүн аяктады. Бир топ маанилүү маселелерге өз салымын кошту. Азыр аттын тери кургай электе айтылган "шайлоого катышып, шайлоо менен келет", "өкмөт башчы же дагы башка мамлекеттик кызматка барат" деген сөздөрдүн баары божомол деңгээлинде. Ал киши өз миссиясын аткаргандан кийин Кыргызстандын абройлуу эк-президенти катары өзүнүн акыл-насаатын айтып, ошол эле партиянын ички саясатын жүргүзүп, келерки шайлоого даярдык көрөт деген ойдомун.

"Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун өтүшү кимге керек?" деген суроого "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев да жооп берди. Анын баамында, бул парламентке илинбей калган оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга, күчтөргө жакшы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал. Депутат бийлик кааласа, Жогорку Кеңеш өзүн өзү тараткыдай жол таба аларын да кыйытты:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Эгер парламент тараса, албетте, оппозицияга жакшы болмок. Канчалаган күчтүү оппозиционерлер Жогорку Кеңешке келе албай жүрөт. Ал эми бийлик "тил алчаак", башын жерге салып, айтканындай кол көтөргөн, баарын өткөрүп берип турган парламентти таппаса керек. Ушундай деп эл баасын берип койду. Мүмкүн парламент тарап, жаңы шайлоо болсо күчтүүрөк оппозициячыл күчтөр келмек. Анткени соңку кездери куугунтуктун айынан Бабанов мандатын тапшырып кетти. Ошондуктан "парламентте оппозиция өтө алсыз болуп калды" дегенге мен кошулам. "Атамбаев азыр партияны жаңыртып туруп парламентке келгиси келип жатат" деп айтып жатпайбы, бул бир эле Атамбаевге эмес, көчөдөгү оппозицияга да керек. Оппозиция дагы күчтөнүп, биригип бир партия болуп келгенге мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Азыр карасаңар, "Ата Мекен" өзүнчө бир бурчта калды. "Республика - Ата-Журт" лидерсиз турат. "Өнүгүү-Прогресстин" деле түрүн көрдүңөр. Парламенттин таркашы 120 депутаттын колунда. Өткөндө бир талаш болуп кеткенде мен "депутаттар эч качан өзүн өзү таркатууга барбайт, кол көтөрбөйт" десем, мага "эски-жаңы президенттер "жаңы тизмеге киргизебиз десе, 80 депутат дароо колун көтөрөт" деп айтышты. Бул толук мүмкүн. Анткени Бабановду кетирерде эки сааттын ичинде күч менен кол койдурганын билебиз. Андай да болушу мүмкүн.

КСДП алгач курултайга январь айында чогулары маалымдалган. Кийинчерээк жыйын февралга которулганы айтылган. Саясат таануучу Эмилбек Жороев курултайдын мөөнөтү бир канча жолу которулганын партиянын ички маселелери менен байланыштырды:

Эмил Жураев.
Эмил Жураев.

- Негизинен КСДП саясий жактан да, административдик жактан да үстөмдүк кылган, шайлоодо жеңе турган дарамети чоң партия болуп калды. Аларга атаандаша турган "Республика - Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресске" окшогон партиялар алсырап, моралдык жактан жабыркап турган кези.

Партиянын курултайынын кечеңдеп жатканынын себеби - ички келишпестиктер болушу мүмкүн. Себеби, саясаттын табигый мыйзамы ушундай. Качан гана бир адам же топ өтө күчтүү үстөмдүк кыла баштаганда анын айланасында ич ара ар кандай талаш-тартыш көбүрөөк боло баштайт. Бул биринчи кезекте жаңы президенттин шайланышы. Анын тарапташтары, биз билип-билбеген командасы бар. Президент менен премьер-министрдин, парламент менен президенттин мамилелеринде ар кандай кыйынчылыктар жаралганда, партиянын ичинде да ар кандай көз караштар жаралышы ыктымал. Эгер курултай натыйжалуу болсун дешсе - анда бир ооздон сүйлөп, бир жеңден кол чыгарып бир бүтүмгө келүү керек. Эгер ошондой макулдашууга, бүтүмгө жетпей турган болсо - курултайды кийинкиге калтырганы туура эле.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы алты партиядан куралган. Анда КСДП фракциясына 38 мандат тийген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG