Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Бийликчил телеканалдардын комбинациясы


"ON1" телеканалы.
"ON1" телеканалы.

Кыргызстанда "Апрель" деген жаңы телеканал пайда болору күтүлүүдө. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин пикирлештерине таандык экени айтылып келаткан "ON1" каналынын негизинде түзүлүп, ага "Бешинчи каналдан" кеткен жамааттын бир бөлүгү өтүп жатканы маалым болду.

Кыргызстандын медиа чөйрөсүндө жакын арада жаңы канал ишин баштай тургандыгын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, "Апрель" деген канал эки жылдан бери иштеп келген “ON1” (“Он бир”) каналынын базасында түзүлөт.

Каналды буга чейин "Бешинчи каналдын" шеф-редактору болуп келген Дмитрий Ложников жетектейт. Мындай маалыматты Ложников "Азаттыкка" ырастап, жаңы жылдан тартып иштеп баштаганын билдирди:

- Чындыгында эле жаңы ишке кириштим. Азыркы учурда документтерди жана башка жагдайларды изилдеп, таанышып жатам. Андан башка эч нерсе деле айта албайм. Көптөгөн пландар бар.

Ошол эле учурда Ложников менен кошо жаңы каналга "Бешинчи каналдын" жамаатынын бир бөлүгү өтүп жатат. Муну атын атагысы келбеген бир катар журналисттер ырасташып, учурда ишти баштоого камылга көрүп жатышканын билдиришти.

Ал эми "ON1" каналынын мурдагы директору Мамасадык Багышов акыркы өзгөрүүлөр "кайрадан түзүүлөргө" же "реорганизацияга" байланыштуу болгонун белгилеп, өзү менен кошо телеканалдын мурдагы жамааты иштен кеткенин билдирди:

Мамасадык Багышов.
Мамасадык Багышов.

-1-январдан тартып иштен кеттим. Мен жетектеген команда да иштен кетти. Бул пландардын өзгөрүшүнө же кайрадан тузүүгө байланыштуу болду. “ON1” деген бренд интеллектуалдык менчик катары мага таандык. Ошондуктан бул канал интернет-ТВ катары ишин улантат. Ал эми анын базасындагы телеканал башка аталыш менен чыгышы керек болот.

Ал арада жаңыдан түзүлүп жаткан "Апрель" каналынын кожоюндары коомчулукта кызыгуу жаратты. "Kaktusmedia" порталы "каналга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын санаалаш адамдар ээлик кылат" деп жазып чыкты. Мындай маалыматты экс-президенттин командасынын мүчөлөрү да тастыкташты.

Негизи санариптик жана кабелдик тармактардан тараган “ON1” каналы эки жылдан бери иштейт. Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, анын кожоюну катары Каныбек Туманбаев аттуу жаран катталган.

Туманбаев 2015-жылдагы парламенттин шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) талапкер катары аттанып, былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы болгон. Ошондой эле ал чакан чөйрөдө президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун эң жакын адамы катары белгилүү.

Жаңы каналдын редакциясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык "Форум" ишканасында жайгашкан. Бул имаратта КСДПнын кеңсеси да орун алган.

Ушундан улам айрым эксперттер жаңы каналдын ишке киришип жатышын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маалыматтык ооругун бекемдөө ишараты, анын келечектеги саясий максаттары менен байланыштырышууда.

Саясий серепчи Марс Сариев мындай аракеттерди экс-президенттин командасынын өз таасирин сактоо далалаты катары түшүндүрөт.

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Албетте, саясатчылар учурда маалымат каражаттарынын маанисин түшүнүп турушат. Ушундай жол менен маалыматтык таасирин күчөтүп, сактоо аракети болушу мүмкүн. Анын үстүнө "жакында КСДПнын курултайы өтөт, Атамбаев кайра саясатка кайтат" деген маалыматтар күч болуп жаткан учурда бул кызыктуу окуя болуп турат. Бул маалыматтык саясатты калыптандыруу аракети. Мисалы, буга чейин жабылган “Сентябрь” каналынын өз аудиториясы бар болчу. Балким “Апрель” кайсы бир деңгээлде ошол боштукту ээлейм деген планы бар болушу мүмкүн.

Ал эми "Журналисттер" коомдук уюмунун төрагасы Азамат Тынаев мындай өзгөрүүлөр күтүлгөн эле окуя болчу деген пикирде.

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

- Бул күтүлгөн эле окуя болчу. Буга чейин маалыматтык чөйрөдө "экс-президент медиа-холдинг түзөт" деген маалыматтар тараган. Бирок бул чындыкка жакын эмес окшойт. Ал эми “Апрель” каналы менин маалыматым боюнча расмий түрдө каттоодон өтө элек. Аталышы деле "Апрель" деп шарттуу болуп жатса керек. Бирок бул аталыш коомчулукка тараган соң ушул эле калса керек деп ойлойм. Эми "Бешинчи каналдын" жамаатынын бир бөлүгү менен эле эмес, “ON1” базасы менен кошулуп, өз ишин баштаса керек.

Негизи эле акыркы учурда Кыргызстандын медиа чөйрөсүндө бир катар өзгөрүүлөр болуп жатат. Буга чейин 5-каналдын жааматы алмашса, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылып жүргөн НТС каналына байланыштуу мүлктүк талаш чыккан. Ошол эле учурда оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековго таандык экени айтылган "Next TV", Акматбек Келдибековго таандык экени айтылган "Нур ТВ", мындан сырткары "New TV" деген каналдар ишмердигин баштаган эле.

Ал эми абактагы оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевге жакын адамдарга таандык экени айтылып жүргөн “Сентябрь” каналы сот чечими менен ишин токтоткон болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG