Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

НТСти талашкан "Грекстондун" таржымалы


коллаж
коллаж

Шайлоодон кийин чет жакта жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылып жүргөн НТС телеканалынын мүлкүнө бөгөт коюну көздөгөн "Grexton capital LTD" компаниясынын таржымалы кандай? Анын мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен байланышы болгон деп айтууга кандай негиздер бар?

"Азаттык" ишкананын чоо-жайы тууралуу ачык булактардагы маалыматтарды топтоду.

Белиз акы күтөт

Борбордук Американын Белиз өлкөсүнүн Эл аралык бизнес компанияларынын реестри "Grexton capital Ltd" компаниясы Белизде катталганын ырастады. Алардын маалыматы боюнча, бул компания 2006-жылдын 27-июнунда 50 миң долларлык капитал менен Белиздеги 1 "Mapp Street" дарегинде катталган. Бирок бул дарек кийинчерээк "Black Building, Suite 102" деп өзгөртүлүп, аны менен кошо каттаган агенттер дагы алмашкан.

Белиздеги Эл аралык бизнес компанияларынын реестринин "Grexton Capital Ltd." тууралуу соңку маалыматы.
Белиздеги Эл аралык бизнес компанияларынын реестринин "Grexton Capital Ltd." тууралуу соңку маалыматы.

Белиздин бизнес-компанияларды каттаган жогорудагы мекемесинин өкүлдөрү "Grexton capital Ltd" компаниясы соңку үч жылдан бери өкмөткө төлөнчү акыны бере электигин, мындан улам компания активдүү деп эсептелбей турганын, жаңы жылдан тартып анын каттоосу токтотулушу мүмкүн экендигин телефон аркылуу "Азаттыкка" билдиришти.

Алтын кениндеги из

Дүйнөдөгү бир катар медиа каражаттардын жана журналисттердин башын бириктирген "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоорунун Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматына негизделген электрондук базасында "Grexton Сapital Ltd" компаниясы тууралуу маалымат жок.

Бирок базадан "Grexton Trade Company" жоопкерчилиги чектелген коому 2006-жылдын октябрь айында Кыргызстанда каттоодон өткөнүн, аны түзүүчүлөрү Костырин Сергей Александрович жана "Grexton Investment Group" аттуу ишкана экенин табууга болот. ​

​Өз кезегинде "Grexton Investment Group" ишканасы Нарындагы Солтон-Сары кениндеги "Алтын-Төр" карьерин иштетиш үчүн 2008-жылдын жайында "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы менен бирге "Алтын-Төр Голд" ишканасын түзгөн. "Кыргызалтын" ишканасы да 2011-жылдагы билдирүүсүндө бул маалыматты ырастап, "Grexton Investment Group" компаниясынын кожоюну азыр НТС телеканалынын мүлкүн талашып жаткан "Grexton Capital Ltd" экенин көрсөткөн.

Бул компания тууралуу кезинде өз иликтөөлөрүндө жазып жүргөн британиялык "Global Witness" уюмунун мурдагы изилдөөчүсү Том Майн "Grexton" компаниясынын Кыргызстандагы кенди чалгындоо ишине аралашканы шектүү болгонун айтып берди:

- "Grexton" компаниясынын алтын кенине лицензиясы бар болчу. Бирок биз билгенден ал алтын казуу ишине буга чейин аралашкан эмес. Ал болгону лицензияны кармап туруу жана кожоюндарын жашыруу үчүн Белизде түзүлгөн болушу мүмкүн. Бул жагдай аталган компания эмне иш кылып жатканы тууралуу шектенүүгө түрткөн.

Сергей Костыриндин таржымалы

НТС телеканалынын юристтери "Grexton capital Ltd" компаниясынын кызыкчылыгын коргош үчүн адвокат Елена Дзимидовичке берилген ишеним катка Минск шаарында жашап жатканы көрсөтүлгөн Сергей Костыриндин колу коюлганын билдиришүүдө.

Финполициянын издөөсүндөгү адамдардын тизмесиндеги Сергей Костыриндин сүрөтү.
Финполициянын издөөсүндөгү адамдардын тизмесиндеги Сергей Костыриндин сүрөтү.

​"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоорунун маалымат базасында Сергей Костырин 2006-2009-жылдар аралыгында Кыргызстандагы кеминде сегиз жоопкерчилиги чектелген ишкананын жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Алардын арасында реклама жаатында иш алып барганы белгиленген "Голден Медиа" жана "Лента" компаниялары болгон.

Максим Бакиев менен байланыш

Британиядагы олигархтардын мүлкүн ашкерелеген "Global Witness" уюму Кыргызстандагы "АзияУниверсалБанкта" ("АУБ") 2010-жылга чейинки акчанын изин жашыруу көрүнүштөрү тууралуу иликтөө жүргүзүп, анда Сергей Костырин жана "Grexton Capital Ltd." компаниясы тууралуу да сөз кылышкан. Уюм 2012-жылы жарыялаган "Өтө жашыруун" аттуу баяндамада Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүндө катталган бир катар компаниялардын "АУБ" банкында эсептери болгону, алар шектүү акча которууга аралашканы, ал компаниялардын арасында "Grexton Capital Ltd." болгону айтылган.

Анын жетекчиси катары эсептелген Сергей Костырин менен бийликтен кулатылган кыргыз президентинин азыр Британияда жашаган уулу Максим Бакиевдин байланышы болгонун "Global Witness" уюмунун ошол кездеги иликтөөсүнө катышкан мурдагы изилдөөчүсү Том Майн "Азаттыкка" айтып берди:

Global Witness уюму мындан бир канча жыл мурда Максим Бакиевдин Лондондун чет жакасындагы кымбат үйүн таап чыккан.
Global Witness уюму мындан бир канча жыл мурда Максим Бакиевдин Лондондун чет жакасындагы кымбат үйүн таап чыккан.

- Биз Костыринди иликтегенде ал "Манас" банктын байкоочулар кеңешинин төрагасы болгонун билдик. Биз "Манас" банктын жетекчиси Валерий Белоконь менен маектешкенибизде ал Костыринди банкка кызматка алуу идеясы Максим Бакиевге таандык болгонун ырастаган. Бул Максим Бакиев Сергей Костыринди билет дегенди көрсөтүп турат. Мындай жагдай Максим Бакиев "Grexton Capital Ltd." компаниясынын артында турган болушу мүмкүн деген ойлорду жаратат.

Ал эми мурдагы президенттин уулу менен "Grexton" компаниясынын ортосунда учурда кандай байланыш бар экени так белгисиз.

"Grexton Capital Ltd" компаниясынын аты 2011-жылы “Мегаком” мобилдик операторунун айланасында талаш жүрүп жатканда да айтылган. Ал учурда “Мегакомдун” акциялары үчүн күрөшүп жаткан, Орусияда катталган "Penwell Business Limited" компаниясы акция үчүн атаандашкан башка "Serpeus" компаниясын атайын детективдер аркылуу изилдешкенин, ал ишкана көрсөткөн Белиздеги даректе "Grexton Capital Ltd" катталганын билдирген эле:

- Изин жашыруу максатында "Serpeus" компаниясы башка даректи көрсөтүп жүргөн. Алар көрсөткөн дарек дагы бир кызыктуу фактыны алып келди: бул даректе "Grexton Capital Ltd" деп аталган компания катталганы аныкталды. Бул компания өз кезегинде Максим Бакиевдин компанияларынын ичине кирет жана анын акча махинацияларынын башкы элементи болуп саналат,- деп билдирген "Penwell" компаниясынын ошол учурдагы басма сөз катчысы Мария Сафронова.

2010-жылдагы элдик толкундоодон кийин бийликтен кетирилген мурдагы кыргыз президентинин уулу - Максим Бакиев.
2010-жылдагы элдик толкундоодон кийин бийликтен кетирилген мурдагы кыргыз президентинин уулу - Максим Бакиев.

​Жогорку Соттун жана Финансы полициясынын маалыматы боюнча, 38 жаштагы Костырин 2011-жылдан бери издөөдө жүрөт. Быйыл май айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Максим Бакиев баштаган сегиз адамга, алардын ичинде Костыринге өкүм чыгарган. Натыйжада Сергей Костырин "Кылмышка кол кабыш кылуу", "Кылмыштуу кирешени адалдаштыруу" беренелери боюнча 20 жылга сыртынан кесилген.

Адвокаттын жообу

"Grexton Capital Ltd" компаниясынын НТС маселесиндеги өкүлү, бишкектик юрист-адвокат Елена Дзимидович 20-декабрдагы маалымат жыйынында Белизде катталган ишкананын Кыргызстанда сыртынан абакка кесилген Максим Бакиевге же Сергей Костыринге тиешеси бар же жок экенин танган да, ырастаган да жок. Ал экөө менен тең тааныш эмес экенин айтты: ​

"Grexton capital LTD" компаниясынын өкүлү, бишкектик юрист, адвокат Елена Дзимидович маалымат жыйынында, Бишкек, 20-декабрь, 2017-жыл.
"Grexton capital LTD" компаниясынын өкүлү, бишкектик юрист, адвокат Елена Дзимидович маалымат жыйынында, Бишкек, 20-декабрь, 2017-жыл.

- Жеке өзүм анысын да, мунусун да билбейм. Менде ишти сотто алып барыш үчүн ишеним кат бар. Мен жалданган кишимин, практикада көп колдонулчу иш. Андыктан менин ордумда башка адам деле болушу мүмкүн болчу. Менде кайсы бир кардарлардын тобу бар. Алар достору үчүн суранышты. Болду, - деди Дзимидович.

Адвокат "Grexton Capital Ltd" компаниясы НТСке бир учурда тиешеси болгон "Аянт" жана "Трастмеди" мекемелерине салган 2 миллион 357 миң доллардан ашуун инвестициясын кайтаргысы келерин билдирип жатат. НТС телеканалы жана саясатчы Өмүрбек Бабанов муну каналды "басып алуу аракети" катары мүнөздөшүүдө.

НТС каналына сот аткаруучулар барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG