Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Дзимидович: НТС 2010-жылы рейдерлик жол менен басып алынган


Адвокат Елена Дзимидович.
Адвокат Елена Дзимидович.

“Канал 2010-жылы рейдерлик жол менен басып алынган жана ага Өмүрбек Бабанов аралашкан”, - деп билдирди бүгүн НТС телеканалынын тегерегиндеги окуяларга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүп жаткан "Grexton Capital LTD” компаниясынын адвокаты Елена Дзимидович.

Ал Максим Бакиев менен тааныштыгы жок экенин, өзү жалданган адвокат экенин билдирип, бирок ким тарабынан жалданганын ачык айткан жок. Дзимидовичтин айтымында, "Grexton Capital LTD” 2010-жылга чейин каналга 2 млн. 357 миң доллардан ашуун инвестиция салган. Учурда бул каражатты кайтарып алуу аракети жүрүп жатат. Адвокат каналды жабуу максат эмес экендигин жана НТС жетекчилиги менен сүйлөшүү улана берерин, баары мыйзам чегинде жүрөрүн кошумчалады.

19-декабрда НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышканын телеканалдын кызматкерлери билдиришкен. Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшкөн соң 20-декабрда саат 11ге чейин соттук аныктама менен таанышып чыгууга уруксат алган.

Бишкектеги район аралык соттун аныктамасында «Grexton capital LTD» компаниясы менен "Аянт" ишканасы доогер тарап, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн.

Бул телеканал саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылат. Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. Ал президенттикке талапкерлигин коюп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон эле.

Юрист Амантур Абдырахмановдун айтымында, НТС каналында 100дөн ашуун кызматкер иштейт. (КЕ/SE)

XS
SM
MD
LG