Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 27-май, 2020 Бишкек убактысы 18:31

"Бешинчи каналдын" белгисиз тагдыры


Кыргызстандын медиа айдыңында он жылдан ашуун тарыхы бар "Бешинчи каналдын" эмгек жамааты каржы маселесинен улам ишмердигин токтотуп жатат.

Каналга ээлик кылып турган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жооптуулары медиа-мекемеге эми ким жетекчи болору азырынча чечиле электигин, бирок каналдын иши токтобой турганын белгилешүүдө.

Соңку он жылдан бери күн сайын элге жаңылыктарды сунуштап келген "Бешинчи канал" 28-декабрда кабарлардын акыркы чыгарылышын даярдады. Жыйынтыктоочу берүү телеканалдын тарыхына жана кызматкерлердин ишмердигине арналды.

Канал түптөлгөндөн бери иштеп келаткан Кундуз Азарбекова өзү жана кесиптештеринин азыркы абалы туурасында буларга токтолду.

Кундуз Азарбекова
Кундуз Азарбекова

-Чын айтсам, бул жерде иштеп калууга кепилдик болбоду. "Жумушту уланта берсек болобу?" деген суроого жооп издедик. Тилекке каршы так жооп албадык, "мүмкүн", "ыктымал" деген гана жооптор болуп жатты. Жетекчилик да, башкалар да кепилдик бере алышпады. Башка жумуш издөөгө, арыз жазып кетүүгө мажбур болдук. Бул ишканадан кетүү мен жана башка кесиптештерим үчүн жумуш жолубуздагы "5-канал" деген баракты татыктуу жаап, жаңы башталыштарга кадам койгонго түрткү болмокчу. Баары жакшы болот.

Кыргызстандын бардык аймактарына тараган "Бешинчи каналда" 80ге жакын кызматкер бар. Алардын басымдуусу кетип жатат. Көбү жаңылыктар бөлүмүндө иштегендер. 29-декабрдан 31-декабрга чейинки берүүлөр, Жаңы жылга карата майрамдык көрсөтүү даяр. Аны техникалык кызматкерлер обого узатып турушат.

Канал директору Евгения Бердникова менен шеф-редактору Дмитрий Ложников 15-декабрда жумуштан кетүү боюнча арыз жазышкан.

- Мен жаңы жетекчилик келип, каналга экинчи өмүр тартуулайт же биздин ишмердикти ушул калыпта улантып кетет деп үмүт кылам. Тилекке каршы мен жумушту кимге өткөрүп береримди билбейм, бул жаатта эч кандай маалыматым жок. Канал ийгиликтүү иштеди деп айта алам. Бирок соңку жылдардагы каржы көйгөйү мекеменин негизги маселесине айланган. Ушул күнгө чейин канал рекламадан түшкөн каражат менен күн кечирген, башка булактардан жардам алган эмес, - деди Бердникова.

Телеканалды ким жетектей турганы азырынча белгисиз. Учурда каналга ээлик кылып турган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчи орунбасары Бекболот Алиев төмөнкүчө комментарий берди:

- Бүгүн телеканалдын иш кагаздарын, жабдууларын тактап, инвентеризация кылышат. Жетекчилиги жана бир топ кызматкерлери кетип жатат. Техниканы тейлегендер, жабдууларга жооптуулар иштей беришет. Каналдын жумушу токтобойт.

Бирок жамааттын иштен кетүүсүнө негизги себеп болгон каржы маселеси кандай чечилери анык эмес. Бекболот Алиев бул жаатта өкмөткө сунуш жиберилгенин айтты.

Оксана Малеваная (солдон экинчи) жана 2009-жылдагы президенттик катчылыктын кызматкерлери.
Оксана Малеваная (солдон экинчи) жана 2009-жылдагы президенттик катчылыктын кызматкерлери.

Канал алгач КООРТ деп түзүлүп, мурдагы президент Аскар Акаевдин, андан соң кийинки мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин жакындары иштеткен.

"Бешинчи канал" деген аталышта биринчи жолу эфирге 2007-жылы 12-февралда чыккан. 2010-жылы каналды апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. Малеваная ошол кездеги президенттин катчылыгынын башчысы болуп кеткенден тарта Евгения Бердникова жетектеп келди.

Канал жаңылыктарды башкаларга салыштырмалуу бейтарап, ыкчам таратат деп эксперттер баалап келишкени менен кызматкерлер бийликтен такай эле көрсөтмө келип турганын айтып беришти.

"Бешинчи каналды" парламенттик каналга айландыруу аракети 2011-жылы көрүлүп, экс-президент Роза Отунбаеванын каршылыгына карабай депутаттардын көпчүлүк добушу менен улутташтырылган. Бирок каржы жагы чечилбеген маселе бойдон кала берген.

Талдоочу Кубан Мамбеталиев мындай кырдаалда жарандык коом үн катып, "Журналисттер", "Эркин журналисттер биримдиги" сыяктуу уюмдар реакцияга жасоого тийиштигин айтты:

-Ошол уюмдар керек болсо тийиштүү жерлерге байланышып, маалымат топтоп, анализ кылышы керек. Эмне үчүн улутташтырылганын, эмне себептен мындай жагдайга тушукканын такташы зарыл. Анын жыйынтыгы менен кандайдыр чечимдер кабыл алынат. Элдик калың катмары "Бешинчи канал" улутташтырылганын билбейт. Менчик деп ойлошот.

Күнүгө 20 сааттай обого чыккан "Бешинчи каналдын" берүүлөрүн жаңылыктар, талкуулар, көркөм жана даректүү фильмдер, маанайшат көрсөтүүлөр түзгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG