Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

"Бешинчи каналдын" жетекчилиги алмашат


Кыргызстандын бардык аймактарына тараган "5-каналдын" жетекчилиги алмашууда. Каналдын директору Евгения Бердникова менен шеф-редактору Дмитрий Ложников 15-декабрда жумуштан кетүү боюнча арыз жазышты.

Телеканалды ким жетектей турганы азырынча белгисиз. Апрель окуясынан кийин улутташтырылган "5-каналды" сатуу сунушу парламентте көтөрүлүп келет.

"5-каналдын" директору Евгения Бердникова кызматтан кетүү тууралуу арызды өз каалоосу менен жазганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал декабрдын аягына чейин каналды жетектеп турарын, андан кийин кызмат ордун тапшырарын кошумчалады:

- Өз ыктыярым менен иштен кетип жатам. Башка себептер жок. Бул жерде декабрдын этегине чейин болом.

Бердникованын ордуна ким келери азырынча белгисиз. Жаңы жетекчини дайындоо чечимин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабыл алат. Буга чейин парламентте "5-каналды" жеке менчикке сатуу боюнча маселе көтөрүлгөн.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев иштеп чыккан тиешелүү мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда. Эл өкүлү аталган телеканал укуктук жактан да, иш жүзүндө да парламенттик болбой, арабөк абалда калгандыктан, аны сатууну сунуштаганын "Азаттык" радиосуна маалымдады:

- Бул канал азыр парламенттик деп эсептелет. Бирок аны биз парламенттик деп айта албайбыз. Эч качан парламенттик болгон жок. Ошондуктан аны жөн эле кармабай сатуу керек. Негизи маалымат тармагында монополияга жол бербөө үчүн мамлекеттик каналдарды азайтуу зарыл. Эгер канал сатылып, менчикке өтсө туура болмок. Канал оңдолмок, абалы жакшырмак.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Бир катар медиа-эксперттер "5-каналды" менчиктештирүүнү колдоп жатышат.

"Медиа полиси институту" уюмунун өкүлү Акмат Алагушевдин баамында, эркин маалымат мейкиндигин камсыздоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары да көз карандысыз болушу керек. Ошол эле кезде анын кимдин колуна өтөрү да маанилүү:

- Чынын айтканда мамлекеттик каналдардын азыраак болгону жакшы. "5-каналды", "Пирамиданы" сатыш керек. Менин пикиримде, мамлекеттин карамагында мынча канал болбошу абзел. Ал эми "5-каналды" эмне себептен азыр сатуу тууралуу сунуштар чыгып жатканы белгисиз. Балким кимдир бирөө маселени атайын козготтуруп, сатып алгысы келип жаткандыр. Маселенин жаңы президент иштеп баштаганда көтөрүлгөнү албетте суроо жаратат. Чынында жети жылда эч кандай өзгөрүү болгон жок. "5-канал" мурда кандай болсо ошол бойдон калды. Бийликке жан тартып жүрүштү. Ошого муну сатуу пайдалуу. Аны кантип сатышат, аукцион кандай өтөт, кимге сатылат - ал экинчи маселе.

Мурда "5-каналда" иштеп кеткен медиа-эксперт Алмас Турдумаматов да соңку кезде мамлекетке көз каранды маалымат каражаттары көбөйүп кеткенин белгилеп, бул көрүнүш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына терс таасир этиши мүмкүн деп боолгойт. Анын пикиринде, карызга баткан "5-каналдын" каржылык абалы учурда кыйын болуп турат. Анын үстүнө дүйнөлүк маалыматтык технология өнүккөн учурда канал менчик медиалар менен теңтайлаша албай калды:

- Менин кабарым боюнча "5-каналдын" карызы көп. 2010-жылга чейин да карызы болгон, андан кийинки береселери да бар. Карыздын көп бөлүгү сигнал таратууга байланыштуу. Ошонун акысы топтолуп калган. Кыргызстанда акыркы 7-8 жыл ичинде мамлекеттик каналдардын саны көбөйдү. "5-канал", ОшТВ жана башкалар. Ошого каналды сатып, менчикке өткөрсө жакшы болмок. Бирок укуктук жактан алганда канал боюнча көп талаш жерлер бар. Бул каналдын так юридикалык кожоюну ким экени боюнча бир топ талаш маселелер мурун эле бар болчу. Келдибековдун учурунда (ред: Акматбек Келдибеков парламент спикери болуп турган кезде) бул каналды парламенттик кылганда да алар иш жүзүндө толук аткарылган эмес. Мен билгенден, бүгүнкү күндө канал каржыдан тышкары да бир топ оор абалда турат. Мындан тышкары санарипке өткөндөн кийин өлкөдө жаңы каналдар пайда болду. Атаандаштык күчөп жатат. Кыргызстандагы мамлекеттик телеканалдардын көбү дотацияда, сөзсүз түрдө кошумча каржылоого муктаж. Жарнама базары да бизде өнүккөн эмес, тайыз. Аны менен каналды кармаш кыйын. Ушул нерселер азыркы чечимге түрткү болушу мүмкүн. Дагы бир жагынан алып караганда, буга чейинки, андан кийинки, азыркы бийлик да "5-каналды" саясий курал катары колдонгон убактар болгон. Эми азыр санарип чыгып, мүмкүнчүлүк көбөйгөндө саясий жактан аталган канал кызык болбой калгандыр. Бул менин божомолум.

"Бешинчи канал" 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев тактан оодарылгандан киийн КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган.

Оксана Малеваная (солдон экинчи) жана ошол кездеги президенттик катчылыктын кызматкерлери. 2009-жыл.
Оксана Малеваная (солдон экинчи) жана ошол кездеги президенттик катчылыктын кызматкерлери. 2009-жыл.

Малеваная ошол кездеги президенттин катчылыгынын башчысы болуп кеткенден тарта каналды Евгения Бердникова жетектеп келди. Канал түптөлгөндөн бери бүткүл Кыргызстанга көрсөтүлөт жана өлкөдөгү эң чоң каналдардын бири.

Канал алгач КООРТ деген аталышта мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге таандык болсо, 2006-жылдын аягында кийинки президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көзөмөлүнө өткөнү айтылып келген.

Аны парламенттик каналга айландыруу аракети 2011-жылы көрүлүп, экс-президент Роза Отунбаеванын каршылыгына карабай депутаттардын көпчүлүк добушу менен улутташтырылган. Мамлекет карамагына өткөндөн кийин "бюджетке жүк болуп жатат" деген негизде "5-канал" менен кошо улутташтырылган мүлктөрдүн катарындагы "Пирамида" каналын сатуу сунушу Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Эки телеканал тең кагаз жүзүндө "парламенттик" деп саналганы менен ушул тапта "Пирамида" гана Жогорку Кеңеш жыйындарын чагылдырат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG