Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

ЖМКнын этикасы жана кысым


Кыргызстандагы бир нече саясатчылар, укук коргоо уюмдары, айрым эл аралык уюмдар “Сентябрь” телеканалынын сот аркылуу жабылышын сөз эркиндигине болгон кезектеги сокку катары баалашты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга байланышкан сот чечимдеринин чыгышына эмне себеп болду? Журналисттердин жоопкерсиздигиби же бийликтин кысымы менен кийлигишүүсүбү? Кыргызстанда чыныгы сөз эркиндигин, медианын коом алдындагы жоопкерчилигин өнүктүрүү, бекемдөө үчүн эмне кылуу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна философия илимдеринин кандидаты Карыбек Байбосунов, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана медиа эксперт Жыргалбек Касаболотов катышты.

“Азаттык”: Динара айым, бүгүн бир нече укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү “Сентябрь” телеканалынын жабылышы боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогону маалымдалды. Андагы негизги позиция, талап кандай болууда?

Шайлоо учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарына бирдей шарт түзүп берүү негизги принцип болууга тийиш. Шайлоочуларга өз эрки менен ачык, таза тандоо жүргүзүү үчүн ага альтернативдүү маалыматтар керек.
Динара Ошурахунова

Динара Ошурахунова: Эң негизгиси - басма сөзгө, сөз эркиндигине болгон басымды токтотуу. Анткени Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп жатпайбы, биздин коюп жаткан талаптарды караса жакшы болмок деп жатабыз.

Кеп “Сентябрь” телеканалында эле эмес, маселе шайлоо жараяны башталгандан бери эле жалпыга маалымдоо каражаттарына басымдын күчөп, аларга миллиондогон доолордун коюлуп жатканы, журналисттердин соттолушуна тынчсыздануубузду билдирип жатабыз.

Шайлоо учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарына бирдей шарт түзүп берүү негизги принцип болууга тийиш. Шайлоочуларга өз эрки менен ачык, таза тандоо жүргүзүү үчүн ага альтернативдүү маалыматтар керек. Эгерде маалыматтар болбосо алар тандай албайт. Эгерде мамлекеттик же аларга жакын маалымат каражаттары жалаң эле бир жактуу маалыматтарды бере берсе, адам укугунун бузулушу, ар кандай соттошуулар, дагы толгон маселелер болууда, алардын чыныгы жүзү эмнеде болуп жатканын эл кайдан билет?

“Сентябрь” телеканалы жабылса альтернативдүү маалыматтар токтоп калбайт деңизчи, бирок мурдагыга караганда азаят.

“Азаттык”: Карыбек мырза, “Сентябрь” чындыкты айтып бийликтин талуу жерине катуу тийип жаткан, шайлоонун жыйынтыгына тескери таасирин тийгизип койбосун деп азыртадан оозун жабууда деген ойлор бар...

Карыбек Байбосунов: Бул жерде соттун мотивациясы түшүнүксүз болууда. Эмне себептен каналдын ишин токтотуу керек, эмнеге тоскоолдук кылды, мамлекетке тескери иш жасадыбы, террористтер менен кызматташтыбы же болбосо бирөөлөрдүн жеке турмушуна кийлигишип жибердиби деген сыяктуу юридикалык негизи бар соттун токтому чыгышы керек эле. Мен ошону көрө албадым.

Ошол эле убакта "Жалал-Абадда баланча жерде түкүнчө сүйлөптүр" деген имиш-имиштер менен, бирөөлөрдүн атайын тапшырмасы менен жасалган иш чийки болуп эсептелет.

Маалыматтарды чагылдырууда журналисттер тарабынан да бир жактуулук кетип калууда. Азыр КТРКны мамлекеттик бийликтин камчысын чаап жатат дешип сындап жатышат. Ошол эле убакта “Сентябрь”, ошол эле НТС ж.б. телеканалдары деле бир жактуулукка жол берип жатпайбы.

КТРК дагы өзүнүн берген маалыматтарына “Сентябрдагы” пикирлерди кошуу керек болчу, жүйөлөрдү талашуу керек болчу, тескерисинче “Сентябрь” дагы ошондой мамиле кылышы керек эле, иш жүзүндө андай болбой жатпайбы. Мына ушундай кырдаалда бийлик сотту кол алдындагы куралы катары пайдаланып жатат.

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, экс-президент Роза Отунбаева “Сентябрга” болгон чечимди президенттин өзүнөн чыккан көрсөтмө катары баалады, демек сот чечиминин чыгышына бийликтин кысымы күч болуп жатабы деген суроо туулат.

“Сентябрь” телеканалы талаш туудурган материал эфирден чыгып жатканда жабылбай, депутат Текебаевдин сот процесси жүрүп жатканда жабылышы суроо туудурат.
Жыргылбек Касаболотов

Жыргалбек Касаболотов: Колубузда кагаз, башка факты болбогондон кийин бийликтин кысымы болду деп так айта албайбыз. Бирок логикалык жактан алганда “Сентябрь” телеканалы ошол талаш туудурган материал эфирден чыгып жатканда жабылбай, депутат Текебаевдин сот процесси жүрүп жатканда жабылышы суроо туудурат. Маселенин түпкү тамыры кандай болгон учурда дагы коомчулук үчүн ушундай эле пикир калтырат.

Текебаевдин сот процессин ачык чагылдырып койгону үчүн ушундай кысым болуп жатат деген ой кала берет, элдин оозун тыя албайсың. Ушундай иштерди президенттин айланасында дайыма жасап жүргөн бир эле адамдар бар. Илгертен бери келаткан белгилүү адамдар жок жерден чатак чыгарышып, олдоксон кадамдарды жасашууда, кээде сырткы күчтөрдүн тапшырмасын аткаруу үчүн атайын кырдаалды курчутуп жатышабы деген да ой келет. Көп жылдан бери президенттин айланасында акыл айтып жүргөндөрдүн иш стили, айткан акылы өзгөрүп деле кеткен жок.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG