Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Журналисттер дагы миллиондук доого жыгылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Журналист Кабай Карабеков жана 24.kg маалымат агенттиги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун арызынын негизинде беш миллиондон, 10 млн сомго доого жыгылды.

Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту 5-октябрда чыгарды. "Сөз эркиндигин коргоо" комитети соттордун мындай чечимдери өлкөдө сөз эркиндигин чектөө болуп саналарын билдирди.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун сотко арызданышына журналист Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген аталыштагы макаласы себеп болгон.

11-сентябрда 24.kg сайтындагы "Пикир" деген рубрикасына жарыяланган макалада “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган "Социалдык реформалар коому" менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты" деп жазылган.

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп эсептеп, сотко кайрылып, моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабековдон жана 24.kg агенттигинен беш миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган эле.

5-октябрда Бишкектин Свердлов райондук соту доогердин арызын канааттандырды.

Карабеков жана 24.kg агенттигинин кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Тимур Султанов эми соттун жогорку инстанциясына кайрыларын билдирди:

- Талаш жараткан макалада доогерди каралоочу маалыматтар жазылган эмес. Соттук отурумда Жээнбековго моралдык зыян келтирилгенин далилдеген маалыматтар көрсөтүлгөн жок. Ошого карабай сот доо арызды канааттандырып койду.

Макала Жээнбековдун БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн талабы менен 24.kg сайтынан алып салынган. Соттун чечими тууралуу талапкердин штабынан комментарий беришкен жок.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, азыркы бийликти сындаган макалаларды жазып жүргөн журналист Кабай Карабеков өзүнө байланыштуу чечимди сот эмес, бийлик чыгарды деп эсептейт.

- Доо арызга да, сурак жүргүзүүгө да эч кандай негиз жок болчу. Бирок азыр бизде чечимди сот эмес, бийлик чыгарып жатпайбы.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Бул окуядан улам Кыргызстандагы "Сөз эркиндигин коргоо" комитети билдирүү таратып, буга чейинки бир катар маалымат каражаттарынын Башкы прокуратура жана бийлик өкүлдөрү тарабынан сотко берилип, жоопкерчиликке тартылып жатканын сындады.

Комитет өкүлү Адил Турдукулов сөз эркиндигине басым уланып жатканын белгиледи:

- Коомдук канал көп учурда бир жактуу маалымат берип жатканын көрүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда БШК жана мыйзамды тейлеген Башкы прокуратура буга көз жумду мамиле кылып жатат. Оппозициялык, көз карандысыз маалымат каражаттарына куугунтук уланып келатат жана ал ишке ашууда. Ошол эле нуктагы 24.kg жана Кабай Карабековго берилген доо арызды саясий куугунтук, сөз эркиндигине басым катары бааласак болот.

Айрым байкоочулар Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелбегенин, аны аша чаап пайдаланган кээ бир маалымат каражаттары чындыкка негизделбеген маалыматтарды таратууга ыктап кетишкенин белгилеп келишет. Коомдук каналдын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев айрым маалымат каражаттарында аша чаап кеткен көрүнүштөр бар деп эсептейт.

- Чындыгында эле айрыкча кыргыз тилинде чыгып жаткан маалымат каражаттарынын баары эле кээде жоопкерчиликсиз аша чаап кетет. Божомолдоп туруп, ушак сыяктуу кептерди жазып жибергендер болот. Көп жерден байкалып калат, такталбаган, далилденбеген маалыматтар кетип калууда. Сага сөз эркиндигин бергенден кийин "оозуңа келгенди оттой бер" деген да болбош керек.

Бишкек шаардык соту 4-октябрда Башкы прокуратуранын президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча Zanoza.kg сайтына каршы доо арыздарына байланыштуу райондук соттун кезектеги, бешинчи чечимин дагы күчүндө калтырган. Муну менен жалпы доо арыздын суммасы 27 миллион сомго жетти. Ага ылайык "ПроМедиа" 15 миллион, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү.

Булардан сырткары "Ата Мекен" партиясынын эки юристи Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова ар бири 5 млн сомдон, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 мл. сом мамлекет башчы Атамбаевдин пайдасына доого жыгылган.

Журналисттер миллиондук айыпка жыгылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG