Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:49

Кыргызстандагы адам укугунун жана сөз эркиндигинин абалы кайрадан эл аралык уюмдардын сынына кабылууда.

1-сентябрда Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк кыймылы (FIDH) жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун (OMCT) альянсы Кыргызстандагы адам укугунун жана сөз эркиндигинин абалына байкоо салууга үндөгөн билдирүү таратты.

Бул эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө Кыргызстандагы "Адилет" укук клиникасынын төрайымы, мурдагы депутат Чолпон Жакупова, көз карандысыз "Заноза" сайтынын башкы редактору Дина Маслова жана журналисти Нарын Айып соттук куугунтуктоого кабылганы белгиленет.

Ошондой эле билдирүү ээлери кыргыз бийлигине кайрылып, бул үч кишини жана бардык укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотууга, соттук териштирүүлөрдү эл аралык мыйзамдарда каралган адилет сот укугун сактоо менен жүргүзүүгө чакырган.

Мындан тышкары кайрылууда укук коргоочуларды Кыргызстан президентинин ар-намысына акарат келтирүү деген жасалма айыптоолордун негизинде сот жообуна тартуу практикасын токтотуу керектиги айтылган.

"Эл аралык укук коргоочулар унчукпай келген"

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова эл аралык уюмдар Кыргызстандагы кырдаалды убактылуу көрүнүш, демократиядан чегинип кетпейт деген ишеним менен унчукпай келе жаткан деп эсептейт:

- Биз бул абал тууралуу бир нече жылдан бери тынымсыз коңгуроо кагып келе жатабыз. Бирок эл аралык уюмдар Кыргызстандан түңүлбөй, ишеним артып, түрдүү колдоолорду кылып келишти. Бирок, тилекке каршы, баары тескерисинче болуп жатат. Саясатчылар сот жообуна тартылып, түрдүү беренелер боюнча айыпталып, камалып кетишти. Ал эми журналисттерге, маалымат каражаттарына катаал мамиле күчөгөндөн күчөп жатат.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Өткөн жылы Энелер күнүндө мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып, “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган. Буга нааразы болгон укук коргоочулар мамлекет башчынын кечирим суроосун жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөсүн талап кылып, сотко кайрылышкан. Бирок бардык сот бутактары алардын арызын канааттандыруудан баш тартканын белгилеген укук коргоочу Азиза Абдурасулова өлкөдө сот бир жактуу, бийликтин камчысын чапкан системага айланды деп айыптады.

Башкы прокуратуранын миллиондук арыздары

Үстүбүздөгү жылдын март айында баш прокурор Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына чыккан "айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз өндүрүү боюнча беш арыз берген. Октябрь райондук соту бул иш боюнча Жакуповага 3 млн сом, "ПроМедиа" коомдук фондуна 3 млн сом, анын түзүүчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслованы 3 млн сомдон төлөсүн” деген чечим чыгарган.

Кыргызстан демократия аралына айландыбы?

Эгемендиктин алгачкы жылдарында Борбор Азиядагы демократия аралчасы катары таанылган Кыргызстан өткөн 26 жыл ичинде эмне таап, эмне жоготту?

Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк кыймылы жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун альянсы ушундан улам билдирүүсүндө 2003-жылы кабыл алынган "Президенттин ишмердигин кепилдөө жөнүндө" мыйзам Конституцияга каршы келип, сөз эркиндигин чектегендиктен аны жокко чыгарууга чакырган. “Медиа полиси” институтунун юристи Алтынай Исаева "Президенттин ишмердигин кепилдөө жөнүндө" мыйзам Башкы прокуратура үчүн сөз эркиндигин ооздуктоодо жакшы курал болуп берип жатат деген пикирде:

- Башкы прокурор эч качан президенттин жеке адвокатынын ролун аткарбашы керек. Биздин Башмыйзам ар бир жаранга ар-намысын коргоого кепилдик берет. Эгер президент өзүнүн ар-намысын коргоону кааласа, ал аны жеке өкүлчүлүктөрү аркылуу жүргүзүүгө жана анын акысын төлөп берүүгө тийиш. Ал эми кайрылууда айтылган "Президенттин ишмердигин кепилдөө жөнүндө"​ мыйзам жокко чыгышы керек дегенге мен да кошулам. Анткени, президент мамлекеттин башчысы. Ал шайланып, бул кызматка келе жатканда өзү тууралуу жалаң мактоолордон тышкары, сындаган пикирлер да болорун билип туруп келген. Ал мындай сындарга чыдамкай болушу керек. Сөз эркиндиги демократиянын негизги түркүктөрүнүн бири. Эгер Кыргызстан өзүн демократиялык өлкө деп санаса, мындай мыйзамдар да, журналисттерди соттоп, миллиондогон сомдук доого жыккан соттор да болбошу керек. Эгер бул көрүнүш улана берсе, маалымат каражаттары өзүнүн ишин аткара албай калат.

Өткөн жылы президенттин ар-намысына шек келтирген деген айып менен журналист Дайырбек Орунбековду сот 2 млн сомдук айыппулга жыккан. Быйыл август айында президент Алмазбек Атамбаев жана анын бийлиги жаатында сынчыл маанайдагы берүүлөрү менен белгилүү болгон "Сентябрь" телеканалы сот чечими менен жабылды.

"Сөз эркиндигине кыянат кылгандар бар"

Ошентсе да, Кыргызстанда адам укугу жана сөз эркиндигинин абалы бир топ жакшырганы, элдин жашоо-турмушу болсо мурдагыдан кыйла оңолгону да айтылып келет. Мындай пикир ээлери өлкөдө социалдык муктаждыкты саясий көйгөйгө айландырууга аракет кылып, бийликти жаманатты кылгысы келгендер көбөйгөнүн белгилешет. Мурдагы журналист Рита Борбукеева сөз эркиндигин ашкере пайдаланган маалымат каражаттары, айрым сайттар бийлик өкүлдөрүнүн, айрым саясатчылардын жеке керт башына чейин асыла башташты деген пикирин "Азаттык" менен бөлүштү:

- Кайсы бир каналды жапты, сөз эркиндигин ооздуктап жатат, куугунтук күч алды деп айыптоодон мурун, анын себебин журналисттер өздөрүнөн издесе. Анткени, кайсы бир саясатчыны же бийлик өкүлүн коомдогу ишине карап эмес, жеке керт башына, кээде тулку-боюна чейин асылып, шылдыңдап жазган учурлар арбыды. Биз демократияга дагы деле ээ боло албай жатабыз. Ашепке кетип, ээнбаштыкка жол берилип кетүүдө. Менимче бул дагы убактылуу, өтүп кете турган нерсе. Кесипкөй журналисттер көбүрөөк болсо, бул бир нукка түшөт.

Рита Борбукеева.
Рита Борбукеева.

1-сентябрда билдирүү тараткан эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин БУУнун укук коргоочулар тууралуу декларациясын урматтоого, Кыргызстан адам укуктары жаатында ратификациялаган эл аралык документтерге ылайык, кандай кырдаалда болбосун адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди сыйлоого да чакырган.

Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук соту 1-августтагы чечими менен 20-октябрга чейин Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө митинг, пикеттерди өткөрүүгө тыюу салып, чечим даттанууга жатпасын жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG