Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

"ПроМедиа" фондуна Zanoza товардык белгисин колдонууга тыюу салынды


Мындай чечимди 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Аталган сайттын негиздөөчүлөрүнүн бири, журналист Нарын Айыптын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, соттун чечими менен порталды негиздеген «ПроМедиа» фондуна Zanoza товардык белгисин колдонууга тыюу салынды.

2015-жылы "Вечерний Бишкек" басылмасынан үлүш талап кылган "Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкин менен гезит ээси Александр Кимдин ортосундагы тиреш Рябушкиндин сотто жеңиши менен аяктаган. Гезиттин кожоюну алмашкан соң жаңы саясатка макул болбой жумуштан бошогон журналисттер тобу zanozа.kg сайтын негиздеген.

Талаш-тартыш учурунда “Вечерний Бишкектин” жетекчилиги жана жамааты Рябушкиндин жана сот чечиминин артында ошол кездеги президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов жана президенттин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев турат деп айыптап чыгышкан. Бирок Александр Рябушкин муну четке каккан.

Сайт иштеп баштагандан кийин Александр Рябушкин Zanoza товардык белгисин өзүнө каттоо өтүнүчү менен «Кыргызпатентке» кайрылган. 2016-жылы Рябушкинге мындай укук берилген. Натыйжада ал былтыр «ПроМедиа» фондунун үстүнөн товардык белгини колдонууга тыюу салуу талабы менен сотко арыз жазып, 25-июлда ишти караган судья Венера Жаныбек кызы өкүмдү анын пайдасына чыгарды.

Быйыл мартта башкы прокурор Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына чыккан айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген. Иштер Октябрь райондук сотунда каралып, 24 миллион сомдук доо арыздар толугу менен канааттандырылды, дагы 3 миллиондук арыз боюнча чечим чыга элек. 24-июлда Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев Zanoza сайтына карата берилген арыздар кайра алынбай турганын, муну менен айрым журналисттерге сабак берүүнү каалаганын, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилбестигин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG