Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Президент “Заноза” боюнча арыздар кайра алынбай турганын билдирди


Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн басма сөз жыйында “Заноза” сайты боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Аталган сайтка карата берилген арыздар кайра алынбай турганын, муну менен айрым журналисттерге сабак берүүнү каалаганын айтты. Анын айтымында, бул маселе сүйлөшүү жолу менен чечилбейт.

Атамбаев ушак үчүн ушактаган тарап жооп бериши керектигин, журналистика таза болушу зарылдыгын белгиледи.

Быйыл мартта башкы прокурор Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына чыккан айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген. Иштер Октябрь райондук сотунда каралып, 24 миллион сомдук доо арыздар толугу менен канааттандырылды, дагы 3 миллиондук арыз боюнча чечим чыга элек.

Кыргызстандын медиа өкүлдөрү жана укук коргоочулары расмий Бишкекке Zanoza.kg интернет барагына каршы козголгон доо арыздарды токтотуп салуу өтүнүчүн билдиришкен.

Zanoza.kg сайты эки үч жылдан бери иштеп келет. Аны “Вечерний Бишкек” басылмасынын кожоюну алмашкан соң жаңы саясатка макул болбой жумуштан бошогон журналисттер тобу негиздеген. (NT)

XS
SM
MD
LG